Winamp Logo
Кажы-Кужу Cover
Кажы-Кужу Profile

Кажы-Кужу

Uzbek, Hobbies, 4 seasons, 61 episodes, 2 days, 9 hours, 55 minutes
About
«Кажы-Кужу» – кыргыз тилдүү эң алгачкы подкаст. Анын демөөрчүлөрү жана жаратуучулары – Германиядан Азамат Токтакунов жана Кыргызстандан Жаныбек Мукашов. Эки жаратман бул подкастка ар кайсыл чөйрөдөн кызыктуу инсандарды конокко чакырып, алар менен жашоо, кесип жана хобби тууралуу маек курушат. Бул чакан долбоордун негизги максаты кыргыз тилинде сапаттуу маалыматтарды көбөйтүп жана жайылтып, эл арасындагы коммуникацияны тереңдетүүгө багытталган.
Episode Artwork

#50 Азат Максатбеков. Азаттын окуясы, IT тармагы, программдоо, билим берүү системасы жана кесип тандоо боюнча жаштарга кеңеш.

Бүгүн бизде конокто өз атын өзү жасаган жаш программист Азат Максатбеков болду. Жеке тажрыйбасы менен бөлүшүп, өз ойлору жана ар нерсенин кемчиликтерин жана өзгөчөлуктөрүн позитивдүү баяндап берди. Мазмуну 0:09 Таанышуу 01:13 Иш таржымалына киришүү, жеке жашоо тажрыйбалары, университеттик күндөрдөгү кызыктуу окуялар.  13:12 Программдоо тармагындагы Азаттын жумушу, иш таржымалы. АСОИ студиясы жана анын иш тармагы. Жаш окуучу, студенттерге кеңеш. Билим берүү системасын жакшыртууга ойлор жана практикалык кеңештер. Университетке келгенден кийинки күтүүлөр жана күтүүсүз чыныгы жашоонун жүзү.  40:23 Алгачкы иш тажрыйбалар жөнүндө окуялар. Илбирске жумушка кирүү окуясы. Жаш муунду өстүрүүдөгү Азаттын ойлору, жакшы жаштарды чоңойтуудагы ар тараптуу тарбия. 49:50 Бишкек шаары жана анын тургундары тууралуу. Кыргызстандагы жашоонун жакшы тарапка өзгөрүүсү тууралуу.  56:06 Саякаттоо, Кыргызстанда ички саякаттоо, кезүүгө чыгып кой кайтаруу тууралуу. 58:15 Китеп окуу, китеп окууну башка суроолорду чечүүгө колдонуу.  1:01 Иштөө графиги, тасмалар тууралуу баарлашуу. Кыргыз тилиндеги тасмалар. Убакытты туура пландоонун маанилүүлүгү.  1:03 Кыргыз тойлорундагы кемчиликтер жана жакшы жактары, күлкүлүү окуялар Азаттын баяндоосунда. Мал союу боюнча да сөз. 1:10 Сабырдын артындагы байлык. Програмдоочуларга керектелчү сабыр. Программдоо тилдери, програмдоо иши тууралуу. Спортко кызыгуу, спорт менен машыгуу тажрыйбасы, ден-соолукка кам көрүү.  1:26 Сөз аягы. Акыр аяк жакшы сөз.
3/11/20221 hour, 31 minutes, 40 seconds
Episode Artwork

#38 Нурсултан Аттокуров. Саякат, ички туризм, жеке бренд, көргөзмө жана ландшафттык фотосүрөт жөнүндө маек.

Бүгүн конокто саякатчы, Кыргызстандын ички туризм тармагына өзүнүн салымын кошуп жаткан, соц тармактарда жаратылыш суротторун тарткан мыкты фотограф катары да белгилуу болгон, чыгаан жана таланттуу атуулдарыбыздын бири Нурсултан Аттокуров.
10/15/202149 minutes, 37 seconds
Episode Artwork

Атай Самыйбек. Ар бир адам бактылуу болгусу келет. Урбанистика, коом жана баалуулуктар. Кыргызча подкаст

Бүгүн конокто шаарман жана урбан активист Атай Самыйбек. Бул подкастта урбанистика, коом жана баалуулуктар жөнүндө сөз кылдык.
7/18/20211 hour, 2 minutes, 51 seconds
Episode Artwork

#34 Залкар Аскаралиев. Милано 2020 / Мода, Дизайн жана Кол өнөрчүлүк. Тумар салонундагы чыгармачылык.

Бүгүн конокто Милано 2020 көргөзмөсүнүн катышуучусу, дизайнер жана кол өнөрчү Залкар Аскаралиев. Бул подкастта Залкардын чыгармачылыгы, Бишкек шаары, мода жана кол өнөрчүлүк жөнүндө маек курдук.
4/11/202154 minutes, 5 seconds
Episode Artwork

Кажы-Кужу #31 Азамат Каработоев. Айыл өкмөттүн сайты, Радио, Шайлоо жана уюм менен соттошуу

Бул подкастта биз Азамат менен шайлоо, радио жана Бакай-Ата айылынын сайты о.э. эмнеге журналисттер коомчулугу менен соттошуп кеткендиги тууралуу маек курабыз. Азыркы учурда Азамат радио жаатында иш алып барат.
2/4/202141 minutes, 28 seconds
Episode Artwork

Кажы-Кужу #29 Дарина Манасбек искусство, социалдык конструкт, конъюнктура жана перфекционизм жөнүндө

Бүгүнкү подкастта биз художник Дарина Манасбек менен искусство, искусстводогу этика, конъюнктура, социалдык активизм, көркөм базар жана жашоодогу эң негизги суроо жөнүндө сүйлөштүк. Конок менен таанышуу. Дарина ким? Искусство жана суроо берүү Социалдык конструкт Искусство: академикалык жана заманбап Искусствого кандайча келип калды? Искуссводогу белгилүүлүк Искусстводогу этикалык суроолор Искусство менен социалдык активизм, айырмасы эмне? Заманбап искусстводо биринчи эмне маанилүү? Даринанын сүйүктүү художниги Коньюктура Вероятность жөнүндө Ичи бош жакшы сөздөр Жашоодогу негизги суроо
1/22/20211 hour, 14 minutes, 14 seconds
Episode Artwork

Кажы-Кужу #27 (2 сезон) Медер Мырзаев. Каспий жээгиндеги окуя, мультимаданияттуулук жана Саякат.

Бүгүнкү конокто саякатчы Медер Мырзаев. Медер менен болгон маекте саякат жана мультимаданияттуулук жөнүндө сүйлөштүк. Бул подкастта саякатка кызыккан адамдар үчүн кеңештер камтылган. Шилтемелер Саякатчылар үчүн платформа: https://www.couchsurfing.com/ Медердин инстаграмы: https://www.instagram.com/meder.myrzaev/ Подкасттын авторлору: Жаныбек Мукашов Азамат Токтакунов Биздин подкастты чөнтөк телефонуңузга жүктөп алыңыздар: iTunes (Apple Podcast) Google Podcast Spotify Бизди социалдык баракчаларда ээрчигиле: Facebook Twitter Instagram Youtube Вконтакте Телеграм
10/23/20201 hour, 10 minutes, 19 seconds
Episode Artwork

Кажы-Кужу #24 (2 сезон) Зина Кабылбек кызы. Жумуш, Саякат, Тандоо. Конкурс!

Бүгүн конокто азыркы учурда фриланстагы СММ адиси Зина Кабылбек кызы. Бул подкастта Зинанын жумуш тарыхы жөнүндө, саякат жөнүндө жана тандоо жөнүндө сөз кылабыз. Конкурс! Биздин Ютуб баракчабызга кирип, Зина менен болгон подкастта канча орус сөзүн колдондук? Комментарийге жазып билдиришиңиз керек. Бул подкаст менен Фейсбук, Инстаграм ж.б соц тармактарда бөлүшүңүз. Белек: биздин Кажы-Кужу подкастыбыздан "фирменный" стикерлер. Биринчи туура жазган 3 кишиге берилет! Шилтемелер Зинанын инстаграмы - https://www.instagram.com/zina.kabylbek/ Сүрөттү тандоо жөнүндө кененирээк - https://youtu.be/QLmfQGPRIQQ?t=218 Подкасттын авторлору: Жаныбек Мукашов Азамат Токтакунов Биздин подкастты чөнтөк телефонуңузга жүктөп алыңыздар: iTunes (Apple Podcast) Google Podcast Spotify Бизди социалдык баракчаларда ээрчигиле: Facebook Twitter Instagram Youtube Вконтакте Телеграм
9/24/20201 hour, 14 minutes, 25 seconds
Episode Artwork

Кажы-Кужу #23 - Нурболот Азамат. Кыргызча оңой, тил көйгөйлөрү жана улуттук аң-сезим.

Бүгүн конокто "Кыргызча оңой" долбоорунун автору, котормочу жана жазуучу Нурболот Азамат. Бул подкастта биз Нурболот жөнүнө, тил жана карылык жөнүндө сөз кылабыз. Шилтемелер Кыргызча оңой долбоору - https://www.facebook.com/104500177816269 Нурболот фейсбукта - https://www.facebook.com/nurbolotazamat Казак ыр табуучу сайт - https://bilim-all.kz/ Түрк адабиятына арналган сайт - https://antoloji.com Бизди социалдык баракчаларда ээрчигиле:  Facebook  Twitter  Instagram  Youtube  Вконтакте Телеграм
9/2/202049 minutes, 45 seconds
Episode Artwork

Кажы-Кужу #20. Нуржан Алымканова, тил, дискуссиядагы сабырдуулук жана Кушкароодогу бизнес жөнүндө

Бүгүн конокто "Кумтөр Голд Компаниде" ЖМК менен байланыш адиси, Бал тил клубунун негиздөөчүсү жана бёрдвотчер Нуржан Алымканова. Мазмуну 00:34 Конок менен таанышуу 02:45 Бал тил клубу жөнүңдө 11:13 Тил көйгөйлөрү 17:55 Эмне себептен тилди өеүктүрүшүбүз керек? 24:25 Бёрвотчинг бул бизнеспи? 29:13 Куштарды жөнүндө кайдан караса болот? 34:43 Кушкароонун экологияга болгон пайдасы 37:14 Нуржан Алымканова жөнүндө 38:14 Стрессти кантип жеңет? 41:22 Кылчу иштерди кантип акырына чыгарса болот? 47:07 Угармандарга сунуш
6/14/202048 minutes, 23 seconds
Episode Artwork

Кажы-Кужу #18 Дүйнө жаңылыктарынан

Бул подкаст Кажы-Кужудагы өзгөчө формат. Жаңылыктар түрмөгү.
5/31/20204 minutes, 41 seconds
Episode Artwork

Кажы-Кужу #14. Нуржигит Мырзабеков. Диктор жана алып баруучулук жөнүндө.

Бүгүнкү конокто "Пирамида" телеканалынын алып баруучусу, диктор Нуржигит Мырзабеков. Кесиптери жана "Сакчылардын өрчүүсү" анимациялык фильминин үн коштоосу жөнүндө айтып берет.
5/2/202024 minutes, 12 seconds
Episode Artwork

Кажы-кужу #13. Айбек Байымбетов

Бүгүн конокто чыгыш таануучу, кыргыздын салттуу маданияты боюнча иш алып келе жаткан, чыгармачыл демилгелердин автору Айбек Байымбетов. Бул эпизоддо чыгыш жөнүндө маек курдук.
4/25/202035 minutes, 42 seconds
Episode Artwork

Кажы-кужу #12. Kyrgyz Network академиялык уюму

Бүгүн конокто "Kyrgyz Network академиялык уюмунун" негиздөөчүлөрү, Германияда жашаган мекендештерибиз Кымбат Ишембекова, Болот Алымкулов, Канжар Алдашов, Калыгул Жунушбеков. Уюм түзүү идеясы кантип пайда болгон? Башка уюмдардан айырмасы кандай? Эмне максат менен түзүлгөн жана кандай долбоорлор жүрүп жатат? Келе жаткан 4-чү онлайн конференция жана башка кызыктуу темалар жөнүндө маек курдук. Мазмуну Таанышуу. Каяктан? Кайсыл окуу жай? Эмне жумуш? Иммиграция Уюмдун башка мүчөлөрү менен кантип тааныштыңыз эле. Уюмдун максаты? Кантип/качан түзүлгөн. Конференциялар кандай өттү? Келе жаткан биринчи онлайн-конференция“ Шилтемелер: Kyrgyz Network академиялык уюму - https://www.facebook.com/groups/319986068830092/ 18.04.2020 4-чу конференция - https://www.facebook.com/groups/319986068830092/permalink/682645825897446/ Kanzhar Aldashov - https://www.facebook.com/kanzhar.aldashov Bolot Alymkulov - https://www.facebook.com/bolot.alymkulov.7 Kymbat Ishembekova - https://www.facebook.com/ishembekova.kumbat
4/16/202054 minutes, 40 seconds
Episode Artwork

Кажы-кужу #11. Нурбек Жусупов

Бүгүн конокто EasyUni компаниянын негиздөөчүсү Нурбек Жусупов.
4/5/202058 minutes, 9 seconds
Episode Artwork

Кажы-кужу #10. Кайрат Замирбеков. Кыргыз Уикипедиясы жөнүндө

Бул эпизоддо кыргыз Уикипедиясына салымын кошуп келген жана кыргыз тилинин өсүшүнө өз салымын кошуп жаткан Кайрат Замирбеков менен сөз болот.
3/29/202032 minutes, 1 second
Episode Artwork

Кажы-Кужу Подкаст #5 - Ак-Бермет Богачиева

Саламатсыздарбы урматтуу угармандар! «Kyrgyz-German IT Commnity» уюму жана «Контентчи» кесипкой, чыгармачыл платформасы кыргыз тилинде жаңы Кажы-Кужу Подкаст тартуулайт. Эфирде #5-чи эпизод. Бүгүн конокто Ак-Бермет Богачиева, Берлин шаарында Volkswagen концернине караштуу «Diconium» фирмасында иштеген IT-адиси. Ал өзүнүн өмүр баяны жөнүндө айтып берет. Андан сырткары «Kyrgyz-German IT Community» уюмунун максаттары кандай, биз эмне үчүн элдерге жардам берип жатабыз, жаратман маанай жана жазында боло турган Европада жашаган кыргыздардын Берлинде IT конференция/форуму боюнча маек курабыз. Мазмуну 01. Ак-Бермет Богачиева жөнүндө. Миграция, окуу жана жумуш. 02. "Kyrgyz-German IT Community" IT - Адистер! Чогулуп уюм түзбөйлүбү? 03. Жазында боло турчу IT конференция/форум. 04. Менторинг жана «Kyrgyz-Community». Шилтемелер Ак-Бермет Богачиева - https://www.facebook.com/bermet.bagachievaАзамат Токтакунов - https://www.facebook.com/azamatbaykeШилтемелер Как бывший PR-менеджер Ак-Бермет Богачиева работает в крупнейшей дочерней компании Volkswagen в Германии - http://limon.kg/news:72465
2/25/20201 hour, 3 minutes, 43 seconds
Episode Artwork

"Кажы Кужу" Подкаст #4 - Аскат Жетиген

Бул подкастта, Аскат Жетигенди эмне сүзүп кеткен. Токтогул аны кайдан, кантип аны сабаган жана "Игры Престолов"дун саундтреги кандайча жаздырылып калгандыгы тууралуу уга аласыңар:
2/18/20201 hour, 3 minutes, 20 seconds