Winamp Logo
Би-Би-Си дүрбүсүндө Podcast Cover
Би-Би-Си дүрбүсүндө Podcast Profile

Би-Би-Си дүрбүсүндө Podcast

Turkish, News, 1 season, 164 episodes, 19 hours, 17 minutes
About
Шабдандын ашындагы ат чабышта байге алган чаар ат баяны
Episode Artwork

Кассадагы аманат акчанын кепилдиги кандай?

Кассага салынган аманат акчанын сакталышына мамлекеттер кандай кепилдик берет. "Дүйнө чабыттагы" талкууда коомдук ишмер Алмаз Кулматов жана эл аралык эксперт Чынар Эсенгул.
7/26/202413 minutes, 52 seconds
Episode Artwork

Салтка жамынган караңгылык жана ысырапкорчулук

Кыргызстанда улуттук каада-салтка жамынган караңгылык жана ысырапкорчулук көрүнүштөрү “Дүйнө чабыттагы” талкуунун темасы болду. Талкууга коомдук ишмер Алмаз Кулматов жана эл аралык мамилелер боюнча адис Чынар Эсенгул катышты.
7/16/202414 minutes, 31 seconds
Episode Artwork

Жолдор жана тыгындар: шаар көйгөйлөрүн чечүү саясаты

“Дүйнө чабыттагы” кезектеги талкуу чоң шаарлардагы жолдор жана тыгындар, тазалык жана тартип сыяктуу проблемаларга арналды. Талкууда коомдук ишмер Алмаз Кулматов жана эксперт Чынар Эсенгул.
6/28/202420 minutes, 9 seconds
Episode Artwork

Кыргызстанда мамлекеттик тилди билбегендер эми сот боло албайт

Кыргызстанда кыргыз тилин билбеген адамдар эми сот тармагында судья кызматына иштей албайт. Жогорку Кеңеш бейшембиде тийиштүү мыйзамды кабыл алды. “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамда мамлекеттик тилдин позициясын күчтөндүрүү боюнча дагы башка дагы көп талаптар каралган. Тил саясатынын дүйнөлүк тажрыйбасына коомдук ишмер Алмаз Кулматов менен эл аралык саясат боюнча эксперт Чынар Эсенгул токтолот.
6/27/202416 minutes, 25 seconds
Episode Artwork

Европада кайрадан улутчулдар урааны жеңди

Европарламентке болгон шайлоодо кайрадан оңчул улутчулдар көбүрөөк жеңишке ээ болду.
6/15/202416 minutes, 24 seconds
Episode Artwork

Россия катышпаган саммит жана Украинанын тынчтык формуласы

Швейцарияда Киевдин демилгеси менен глобалдык тынчтык саммити башталган жатат. Бул саммитке Россия чакырылган жок. Россия катышпаган жыйында Украинанын тынчтык формуласы кантип ишке ашат? “Дүйнө чабыт” түрмөгүбүздөгү талкууга коомдук ишмер Алмаз Кулматов менен эл аралык саясат боюнча эксперт Чынара Эсенгул катышат.
6/15/20245 minutes, 56 seconds
Episode Artwork

"Дүйнө чабыт". Баласына атасы жооп бериши керекпи?

АКШнын Мичиган штатынын соту мектепте ок чыгарып, төрт окуучунун өмүрүн кыйган өспүрүм Итан Крамблинин ата-энесин 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратты.
5/27/20245 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Бейөкмөт уюмдар: алдыңкы өлкөлөрдүн тажрыйбасы

Коммерциялык эмес же бейөкмөт уюмдар башка алдыңкы өлкөлөрдө куугунтукка алынбай, мамлекеттик өнүгүүгө өбөлгө болгон жакшы тажрыйба көп.
5/3/20245 minutes, 58 seconds
Episode Artwork

Төрөтканадагы үч өлүмдүн себеби

Төрөтканадагы үч өлүмдүн себеби
2/27/20244 minutes, 24 seconds
Episode Artwork

"Согушту Украина баштады". Путиндин америкалык журналист менен маеги -

"Согушту Украина баштады". Путиндин америкалык журналист менен маеги -
2/9/20241 minute, 31 seconds
Episode Artwork

АКШ менен Британия Йемендеги хуситтерди бомбалады

АКШ менен Британия Йемендеги хуситтерди бомбалады
1/23/20241 minute, 31 seconds
Episode Artwork

Бектемир Асангулов: жамандыктын чамгарагы болбойт

Бектемир Асангулов: жамандыктын чамгарагы болбойт
12/20/20235 minutes, 30 seconds
Episode Artwork

"Төркүнүнөн келип, асынып алды..." Андаракта суицидге барган аялдар

"Төркүнүнөн келип, асынып алды..." Андаракта суицидге барган аялдар
12/12/20232 minutes, 53 seconds
Episode Artwork

Базарда байыгандар, наалыгандар жана кармалгандар

Базарда байыгандар, наалыгандар жана кармалгандар
12/12/20232 minutes, 27 seconds
Episode Artwork

Украинага жардам маселеси Сенатта кыйчалыштап калды

Украинага жардам. Сенатта кыйчалыштаган маселе
12/7/20231 minute, 40 seconds
Episode Artwork

"Дүйнө чабыт": Паранжыга каршы өлкөлөр

“Дүйнө чабыт” түрмөгүбүздө паранжы, хиджап, никабга тыюу салган өлкөлөрдүн мисалына токтолобуз.
11/29/20236 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Топчубек Тургуналиев: КДКны КГБ түзгөн эмес

Топчубек Тургуналиев: КДКны КГБ түзгөн эмес
11/16/20234 minutes, 55 seconds
Episode Artwork

Baby Box: Таштанды балдар көйгөйү дүйнөдө кандай чечилген?

Baby Box: Таштанды балдар көйгөйү дүйнөдө кандай чечилген?
11/15/20235 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Түндүк Кытайды катуу суук каптады

Кытайдын түндүк-чыгышын адаттан тыш катуу суук каптады. Кар бороондон транспорттор токтоп, мектептер жабылды.
11/6/202352 seconds
Episode Artwork

Ормон хан жана кыргыз хандыгы

ХIХ кылымдагы кыргыз ханы, мамлекеттик, саясий жана аскер ишмери Ормон Ниязбек уулунун тарыхый ролуна тарыхчы окумуштуулар Кыяз Молдокасымов менен Рыскул Жолдошев токтолушат.
10/2/20239 minutes, 22 seconds
Episode Artwork

Тоолуу Карабактан качкан армяндар

Карабактагы миңдеген армяндар колуна тийген мүлкүн машинага салып, жолго качып чыгышты
9/26/20231 minute, 18 seconds
Episode Artwork

"Дүйнө чабыт": Эл аралык дан соодасы

"Дүйнө чабыт" программабызда эл аралык дан соодасынын эрежелери жана практикасы талкууланды.
9/22/20235 minutes, 59 seconds
Episode Artwork

Үйдү жылуулоо

Үйдү жылуулоо - башында чыгым, чындап келгенде үнөмдөө
9/14/20233 minutes, 40 seconds
Episode Artwork

Түрмө кандай болушу керек?

Түрмө кандай болушу керек? Абак тууралуу ача пикирлер
9/14/20232 minutes, 25 seconds
Episode Artwork

“Өзүбүзгө гана ишенишибиз керек”: кышка даярдык

“Өзүбүзгө гана ишенишибиз керек”: энергетика кышка даярдык
9/14/20232 minutes, 50 seconds
Episode Artwork

“Клооптун” сайты бөгөттөлөбү?

Маданият министрлиги “Клооп” басылмасына кат жолдоду.
9/8/20231 minute, 49 seconds
Episode Artwork

Матроним чуусу, жарга такалган Консот

Матроним чуусу, жарга такалган Консот
9/7/20231 minute, 29 seconds
Episode Artwork

Кара-Кече көмүрүнөн баш тартуу ыштын алдын алабы?

Бишкек ЖЭБ Кара-Кечеде өндүрүлгөн жергиликтүү көмүрдөн толугу менен баш тартпайт.
9/7/20232 minutes, 50 seconds
Episode Artwork

Кадыралы Коңкобаев: "Жер-суу аттарын бүт тажикчеге которуу - чолок саясат"

Кадыралы Коңкобаев: "Жер-суу аттарын бүт тажикчеге которуу - чолок саясат"
8/24/20234 minutes, 2 seconds
Episode Artwork

C5+1: Байден эмнеге Борбор Азия лидерлерин чогултуп жатат?

C5+1: Байден эмнеге Борбор Азия лидерлерин чогултуп жатат?
8/24/20233 minutes, 12 seconds
Episode Artwork

Дания менен Нидерланддар Украинага F-16 согуштук учактарын бермей болду

Россиянын Копенгагендеги элчиси Даниянын Украинага F-16 истребителдерин берүү планы конфликттин эскалация болушуна алып келет деп эскертти.
8/22/20231 minute, 27 seconds
Episode Artwork

"Рубль түштү": мигранттар тапкан акчанын куну кетти

Соңку апталарда Россиянын улуттук валютасы – рублдун наркы дүйнөлүк валюталарга карата арзандап кетти. Бул Россияда иштеген мигранттарга, анын ичинде кыргыз жарандарынын чөнтөгүнө дагы таасирин берүүдө.
8/21/20232 minutes, 21 seconds
Episode Artwork

Кенебестиктин кесепети оор: капчыгайдагы кырсыктуу өлүмдөр

Кенебестиктин кесепети оор: капчыгайдагы кырсыктуу өлүмдөр
8/8/20234 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Ажал айдаган шалаакылык, аны калкалаган мораторий

Ош шаарында эл жайнаган базардын оозунда газ баллону жарылып, бир адам каза тапты.
7/12/20233 minutes, 45 seconds
Episode Artwork

Путин менен Пригожин козголоңдон кийин жолуккан

Владимир Путин «Вагнер» менчик армиясынын кожоюну Евгений Пригожин менен ал козголоң чыгаргандан кийин жолугуп сүйлөшкөнүн дүйшөмбүдө президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков кабарлады.
7/11/20234 minutes, 52 seconds
Episode Artwork

Өзбекстан: президенттик шайлоодо Мирзиёев жеңди

Өзбекстан: президенттик шайлоодо Мирзиёев жеңди
7/10/20232 minutes, 55 seconds
Episode Artwork

"Дүйнө чабыт": Матроним колдонгон элдер жана өлкөлөр

"Дүйнө чабыт": Матроним колдонгон элдер жана өлкөлөр
7/5/20236 minutes
Episode Artwork

Мигранттардын мушташы: төрт кыргызстандык жаран депортацияланат

Россияда миграция жаатында мыйзамдар жаңыланып жатат.
6/30/20234 minutes, 3 seconds
Episode Artwork

Жалданма аскер компаниясы - дүйнөдө чоң бизнес

Жалданма аскер компаниясы - дүйнөдө чоң бизнес
6/30/20235 minutes, 53 seconds
Episode Artwork

"Опурталдуу мыйзамдар кирбесин"

Кыргызстанда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” долбоору коомдо курч сын пикир жаратты.
6/29/20233 minutes, 5 seconds
Episode Artwork

Россиянын аскер төбөлдөрүнө тишин кайраган Пригожин

Россиянын аскер төбөлдөрүнө тишин кайраган Пригожин
6/27/20231 minute, 58 seconds
Episode Artwork

Брюсселдин каары жана Россияга жардам берген үчүнчү өлкөлөр

Брюсселдин каары жана Россияга жардам берген үчүнчү өлкөлөр
6/22/20231 minute, 33 seconds
Episode Artwork

Мургабдагы кыргыздардын күйүтү жана үмүтү

Мургабда төрөлүп өскөн, азыр Кыргызстанда Сокулук районунда жашап жаткан акын Өскөнбай Бердибаев менен ушул темада маектешебиз.
6/20/20235 minutes, 50 seconds
Episode Artwork

"Олуттуу коркунуч". Бейөкмөт уюмдарды беймаза кылган долбоор

"Олуттуу коркунуч". Бейөкмөт уюмдарды беймаза кылган долбоор
6/16/20232 minutes, 28 seconds
Episode Artwork

Россия албаган кыргыз сүтү Казакстан менен Өзбекстанга жол тапты

Россия албаган кыргыз сүтү Казакстан менен Өзбекстанга жол тапты
6/15/20232 minutes, 19 seconds
Episode Artwork

Генерал Артур Медетбеков: Кыргызстанга кесипкөй армия керек

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин жыйынында жаңы аскердик доктрина каралып, заманбап коркунучтарга армиянын күжүрмөн даярдыгы талкууланды. Би-Би-Си генерал-майор Артур Медетбековду кепке тартып, кыргыз армиясынын азыркы коркунучтарга каршы күжүрмөн даярдыгы, куралдары, чабал жактары тууралуу сурады.
6/14/20239 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кадыр Кошалиев: Курманбек Бакиевди актоо максатым эмес...

Би-Би-Си Кадыр Кошалиевдин өзү менен байланышып, бул чуулгандуу интервьюнун максаты эмнеде экенин сурады.
5/22/20235 minutes, 52 seconds
Episode Artwork

Украин армиясы контр чабуулга даяр

Батыштагы расмий жетекчилер украин армиясы контр чабуулга күчөтүлгөн даярдыкта турганын билдирүүдө. Киевден Би-Би-Си кабарчысы Джеймс Ландейл кабарлайт.
5/18/20231 minute, 39 seconds
Episode Artwork

Британия Украинага 250 км алыс учкан Storm Shadow ракеталарын берет

Британия Украинага 250 км алыс учкан Storm Shadow ракеталарын берет
5/15/20233 minutes, 12 seconds
Episode Artwork

АКШ чалгын кызматы: Украинада 20 миң россиялык курман болду

АКШ чалгын кызматы: Украинада 20 миң россиялык курман болду
5/2/20234 minutes, 48 seconds
Episode Artwork

Эрдоган түрк чалгынчылары Сирияда "ИМ" лидерин жок кылганын билдирди

Эрдоган түрк чалгынчылары Сирияда "ИМ" лидерин жок кылганын билдирди
5/1/20232 minutes, 34 seconds
Episode Artwork

Жапониядагы G7 жыйыны: башкы тема – дүйнөлүк тартип

Жапониядагы G7 жыйыны: башкы тема – дүйнөлүк тартип
4/19/20236 minutes, 17 seconds
Episode Artwork

Кыргыз-өзбек чек арасынын өзгөргөн картасы: Кыргызстан Google’ га кайрылат

Кыргыз-өзбек чек арасынын өзгөргөн картасы: Кыргызстан Google’ га кайрылат
4/14/20234 minutes, 38 seconds
Episode Artwork

Орус армиясы Киевдин алдынан кеткенине бир жыл болду

Орус армиясы Киевдин алдынан кеткенине бир жыл болду
4/3/20231 minute, 30 seconds
Episode Artwork

Түркия шайлоосу: Эрдоган бийликти оппозицияга алдырып койбойбу?

Түркия шайлоосу: Эрдоган бийликти оппозицияга алдырып койбойбу?
3/28/20235 minutes, 46 seconds
Episode Artwork

"Дүйнө чабыт": Парламенттен айдалган тартиби жок депутаттар

"Дүйнө чабыт": Парламенттен айдалган тартиби жок депутаттар
3/23/20235 minutes, 34 seconds
Episode Artwork

Мамлекеттик маалымат каражаттары өз милдетин аткарып жатабы?

Мамлекеттик маалымат каражаттары өз милдетин аткарып жатабы?
3/22/20235 minutes, 40 seconds
Episode Artwork

Баш прокурордун кайниси кармалды. Тиреш күчөйбү?

Бажы кызматынын алты жооптуу кызматкеринин коррупцияга шектелип кармалышы өткөн аптадагы орчундуу окуялардын бири болуп калды.
3/22/20232 minutes, 40 seconds
Episode Artwork

Аксы окуясы: Үй-бүлөлүк-кландык бийликтен жалтанбаган күрөш

Аксы окуясы: Үй-бүлөлүк-кландык бийликтен жалтанбаган күрөш
3/17/20235 minutes, 35 seconds
Episode Artwork

Жаныбек Абиров: байдын баласы, аспирант жана бизнесмен

Жаныбек Абиров: байдын баласы, аспирант жана бизнесмен
3/17/20232 minutes, 23 seconds
Episode Artwork

“Манас” айылы – Өзбекстандагы чөлдү гүлдөткөн кыргыздар

“Манас” айылы – Өзбекстандагы чөлдү гүлдөткөн кыргыздар
3/16/20234 minutes, 5 seconds
Episode Artwork

"Техас штаты бизди аз жерден өлтүрүп кое жаздады". Аборттон чыккан чыр

"Техас штаты бизди аз жерден өлтүрүп кое жаздады". Аборттон чыккан чыр
3/8/20231 minute, 46 seconds
Episode Artwork

Түркияда шайлоодо Эрдоган менен Кемал Кылычдароглы ат салышат

Түркияда шайлоодо Эрдоган менен Кемал Кылычдароглы ат салышат
3/8/20231 minute, 44 seconds
Episode Artwork

УИА реформасы: оптимизациядан кийин интеграция

УИА реформасы: оптимизациядан кийин интеграция
2/27/20233 minutes, 1 second
Episode Artwork

Путин өзөктүк стратегиялык куралдарын сыноого даярдоону буйруду

Путин өзөктүк стратегиялык куралдарын сыноого даярдоону буйруду
2/22/20232 minutes, 38 seconds
Episode Artwork

Күчүктөн чыккан чыр: Мугалим эмнеден жаңылды?

Күчүктөн чыккан чыр: Мугалим эмнеден жаңылды?
2/18/20235 minutes, 27 seconds
Episode Artwork

Атамбаев камактан чыкты, мурдагы сот өкүмдөрү жокко чыгарылды

Атамбаев камактан чыкты, мурдагы сот өкүмдөрү жокко чыгарылды
2/15/20231 minute, 41 seconds
Episode Artwork

Түркияда катуу жер титирөө, курмандыктар көп

Түркияда катуу жер титирөө, курмандыктар көп
2/6/20233 minutes, 17 seconds
Episode Artwork

"Кумтөрдө" Бөлтүрүк бөлгөн миллиондордун эсеби кайда?

"Кумтөрдө" Бөлтүрүк бөлгөн миллиондордун эсеби кайда?
2/6/20233 minutes, 26 seconds
Episode Artwork

Өзбекстандын президенти Мирзиёевдин Кыргызстанга расмий сапары

Өзбекстандын президенти Мирзиёевдин Кыргызстанга расмий сапары
1/26/20232 minutes, 53 seconds
Episode Artwork

"Азаттык-медиа": Эрегишти эскалация кылган себептер

"Азаттык-медиа": Эрегишти эскалация кылган себептер
1/25/20235 minutes, 55 seconds
Episode Artwork

"Демографиялык басаңдоо". Кытайдын калкы 60 жылдан бери биринчи жолу азайды

"Демографиялык басаңдоо". Кытайдын калкы 60 жылдан бери биринчи жолу азайды
1/17/20231 minute, 26 seconds
Episode Artwork

Кара-Балтада жети жашар кыздын өлүмү: кызматтык текшерүүлөр башталды

Кара-Балтада жети жашар кыздын өлүмү: кызматтык текшерүүлөр башталды
1/16/20231 minute, 56 seconds
Episode Artwork

Накен Касиев: “Дарыгерлерден кесипкөй каталык кеткен”

Накен Касиев: “Дарыгерлерден кесипкөй каталык кеткен”
1/16/20234 minutes, 49 seconds
Episode Artwork

"Камбар-Ата-1": Кыргызстан кантип башкарат?

«Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу боюнча жол картасына 6-январда Бишкекте кол коюлду.
1/10/20235 minutes, 50 seconds
Episode Artwork

Бишкекте камактагы саясатчылардын иши боюнча тергөө эмнеге жүрбөй жатат?

Камакта жаткан саясатчылар менен активисттердин жакындары 10-январда ИИМдин жанына митингге чыгышып, камактагыларга боштондук талап кылышты жана эч кандай тергөө иштери жүрбөй, камак мөөнөтүн негизсиз узартып жатат деп нааразы болушту.
1/10/20232 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Путиндин "Рождестволук тыныгуу" сунушун Зеленский четке какты

Владимир Путин коргоо министри Сергей Шойгуга Рождество майрамына карата 36 саатка бүт фронт боюнча ок атууну токтотууну буйруду жана Украинаны бул демилгени колдоого чакырды. Президент Зеленский өз кезегинде бул сунушту диний майрамга жамынуу аракети деп атады.
1/6/20234 minutes, 25 seconds
Episode Artwork

Камалган дарыгерлер жана караңгы же айдама соттор

Бишкекте балдар ооруканасындагы беш дарыгердин камалышы жаңы жыл алдындагы майрамдык маанайды бузуп, көңүл чөгөргөн окуя болуп калды.
1/4/20235 minutes, 35 seconds
Episode Artwork

Кыргызстандагы демократиялык транзиттин күйүтү жана үмүтү

Кыргызстандагы демократиялык транзиттин күйүтү жана үмүтү
12/30/20225 minutes, 48 seconds
Episode Artwork

Эл маанайы: Жашообуз жакшы, жаңы жылда дагы жакшы болобу?

Эл маанайы: Жашообуз жакшы, жаңы жылда дагы жакшы болобу?
12/28/20222 minutes, 46 seconds
Episode Artwork

Түштүк Корея: коррупция үчүн соттолгон мурдагы президентке ырайым берилди

Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль бир катар мурдагы саясатчыларды, анын ичинде мурдагы президент Ли Мён Бакка дагы ырайым берүүгө макул болду. Ли коррупциялык кылмышка күнөөлүү деп табылып, 17 жыл түрмөгө кесилген. Сеулдагы кабарчыбыз Жин Маккензи кабарлайт.
12/27/202247 seconds
Episode Artwork

Arab News Иса пайгамбардын туулган күнүнө арнап атайын сан чыгарды

Arab News Иса пайгамбардын туулган күнүнө арнап атайын сан чыгарды
12/26/202254 seconds
Episode Artwork

Ээнбаш камоолорду токтотуу талабы

Бишкекте “Кыргызстан демократиялык кыймылынын” мүчөлөрү өлкөдө адам укугун одоно бузуулар, жарандык активисттерди ээнбаштык менен камоолор болуп жатат деген билдирүү жасашты.
12/23/20222 minutes, 27 seconds
Episode Artwork

Тездик менен эрип жаткан мөңгүлөр, какыраган жайыттар

Бириккен Улуттар уюмунун башкы ассамблеясы Кыргызстандын демилгесин колдоого алып, тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгын жарыялады. Би-Би-Си ушуга байланыштуу Кыргызстандагы эң курч турган экологиялык көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн мамлекеттик стратегиясын сурап, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биоартүрдүүлүк жана өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймактары департаментинин директору Эмил Ибраевге кайрылдык.
12/23/20225 minutes, 52 seconds
Episode Artwork

Өзбекстан: Мугалимди башка ишке жумшагандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат

Өзбекстан: Мугалимди башка ишке жумшагандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат
12/22/20225 minutes, 6 seconds
Episode Artwork

Гапыр Мадаминов: Ата-энелерди педагогикалык окуудан өткөрүү керек

Гапыр Мадаминов: Ата-энелерди педагогикалык окуудан өткөрүү керек
12/22/20223 minutes, 23 seconds
Episode Artwork

Гапыр Мадаминов: Ата-энелерди педагогикалык окуудан өткөрүү керек

Гапыр Мадаминов: Ата-энелерди педагогикалык окуудан өткөрүү керек
12/22/20222 minutes, 19 seconds
Episode Artwork

Гапыр Мадаминов: Ата-энелерди педагогикалык окуудан өткөрүү керек

Гапыр Мадаминов: Ата-энелерди педагогикалык окуудан өткөрүү керек
12/22/20222 minutes, 19 seconds
Episode Artwork

Би-Би-Синин уктурууларында эмнеге саясий маселе чыккан эмес?

00:00 Бишкекте Евразия экономикалык биримдигинин саммити өттү 03:10 Би-Би-Си-КТРК радио кызматташтыгы: Кыргыз Улутттук телерадио корпорациясынын башкы директору Кайрат Иманалиев менен маек. 13:45 Би-Би-Си жергиликтүү же эл аралык деңгээлдеги ар кыл саясий курчуган окуяларды бейтарап чагылдырып келди 17:34 Би-Би-Синин радио уктуруулары өзүнүн оригиналдуу жүзү, программалык түзүлүшү, контент жаратуу ыкмалары, өзгөчөлүгү Кыргызстандагы окумуштуулардын дагы изилдөө объектиси болуп калды 20:44 Би-Би-Си радиосу өзүнүн программаларында туруктуу фокуска алган үч орчундуу темага Элеонора Сагындык кызы токтолот. 25:17 Эл аралык өнүгүү тажрыйбасын баяндаган “Дүйнө чабыт” аталыштагы берүүбүз чыгып келатканына сегиз жылдын жүзү болду.
12/9/202230 minutes
Episode Artwork

Цзян Цземинь жана кыргыз-кытай чек ара келишими

Цзян Цземинь кыргыз-кытай чек ара талашын кандай чечкен?
12/2/202230 minutes
Episode Artwork

Жазаланып жарандыктан ажыраган элдер жана ишмерлер

Жазаланып жарандыктан ажыраган элдер жана ишмерлер
12/2/20225 minutes, 51 seconds
Episode Artwork

"Терек-Сайдын тешилбеген жери калбады"

"Терек-Сайдын тешилбеген жери калбады"
11/30/20225 minutes, 51 seconds
Episode Artwork

Элдик курултай жана эркиндик ураандары

Элдик курултай жана эркиндик ураандары
11/30/202229 minutes, 59 seconds
Episode Artwork

Турак жайды камсыздандыруу: ким жана кантип утат?

Кыргызстандын Экономика министрлиги кыймылсыз мүлктү сатып алуу жана сатууда камсыздандырууну милдеттүү кылууну мыйзамга киргизүүнү сунуш кылууда. Турак-жайды камсыздандырууга лицензия бир гана "Мамлекеттик камсыздоо уюму" мамлекеттик компаниясына берилген. Аталган компаниянын басма сөз катчысы Нурсултан Чекиров Би-Би-Синин суроолоруна жооп берди.
11/24/20225 minutes, 55 seconds
Episode Artwork

“Дүйнө чабыт”: Саясий кызматтын башкалардын айырмасы кандай?

“Дүйнө чабыт”: Саясий кызматтын башкалардын айырмасы кандай?
11/24/20225 minutes, 58 seconds
Episode Artwork

Элдик курултайга кимдер келатат, алар эмне маселе көтөрөт?

Элдик курултайга кимдер келатат, алар эмне маселе көтөрөт?
11/18/20225 minutes, 50 seconds
Episode Artwork

Чек арага чектеш сууларды пайдалануунун эл аралык тажрыйбасы

Чек арага чектеш сууларды пайдалануунун эл аралык тажрыйбасы. "Дүйнө чабыттагы" талкууда коомдук ишмер Алмаз Кулматов жана журналист Азимжан Ибраимов.
11/17/20225 minutes, 58 seconds
Episode Artwork

"Чоң жыйырмалыктын" саммити деген кимдер жана лидерлер эмнени сүйлөшөт?

"Чоң жыйырмалыктын" саммити деген кимдер жана лидерлер эмнени сүйлөшөт?
11/15/20225 minutes, 3 seconds
Episode Artwork

Мал-жандыкка салык салуунун кезеги келдиби?

Мал-жандыкка салык салуунун кезеги келдиби? Нарын областынын мурдагы губернатору Кемел Ашыралиев менен маек.
11/8/20225 minutes, 53 seconds
Episode Artwork

Лондондо өкмөт отставкасы, Бишкекте чек ара санаасы

«Би-Би-Си дүрбүсүндө»: Лондондо өкмөт отставкасы, Бишкекте чек ара санаасы
10/21/202229 minutes, 59 seconds
Episode Artwork

Мажүрөө мамлекетке төрт кабаттуу бюрократиялык-коррупциялык түзүлүштүн кереги барбы?

Би-Би-Си жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана региондорду өнүктүрүү боюнча экс-министри, юридикалык илимдердин кандидаты, республиканын эмгек сиңирген ардагери Өмүралиев Төлөбектен Кыргызстанда эгемендик жылдарында административдик-аймактык түзүлүшкө реформа жүргүзүүгө кандай аракеттер болгонун жана анын эмне себептен создугуп келатканын сурады.
10/21/20225 minutes, 59 seconds
Episode Artwork

Киевге дрон-камикадзелер чабуул койду

Украин бийликтери иран өндүрүшүндөгү россиялык дрон-камикадзелердин чабуулу болгонун билдирүүдө.
10/17/20222 minutes, 1 second
Episode Artwork

Украинага ракеталык чабуул, Астанадагы саммит

Россия апта башында Украинанын инфраструктурасына асмандан массивдүү ракеталык соккуларды урду.
10/14/202229 minutes, 58 seconds
Episode Artwork

Коомдук транспорт кайсы өлкөдө кандай иштейт?

“Дүйнө чабыт” берүүбүздө коомдук транспорт башка өлкөлөрдө кандай принциптер менен уюшулганына, айрым өзгөчөлүктөрүнө токтолобуз. Талкууда коомдук ишмер Алмаз Кулматов менен журналист Азимжан Ибраимов.
10/13/20226 minutes, 2 seconds
Episode Artwork

"Россиянын армиясы жүрбөй калды, Путин жаңылганын россиялыктар көрүп турат". Британдык атайын кызматтын доклады

Британдык атайын кызматтардын пикиринде, россиялык командачылык алардын аскердик машинасы өчөйүп калганын түшүндү, ал эми россиялыктар Путиндин Украинага басып кирүү чечими каталык болгонун көрүп турат.
10/13/20224 minutes, 50 seconds
Episode Artwork

Чабылган эл, чабал коммуникация, чыңалган саясат

Өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий акыбалга кандай баа берет элеңиз деп Би-Би-Си эл аралык мамилелер боюнча адис, саясат талдоочу Бурул Усманалыга кайрылды.
10/11/20222 minutes, 56 seconds
Episode Artwork

БУУ: Россиянын ракеталык чабуулдары аскер кылмыштарына барабар бааланышы мүмкүн

БУУнун адам укуктары боюнча башкармалыгы Россиянын Уукраинага ракеталык чабуулдары аскердик кылмыштарга теңделиши мүмкүн деп билдирди. Женевадагы кеңсенин басма сөз катчысы балдар мектепке бараткан учурда ошол жерге сокку урулганын үрөй учурарлык деп атады. Иможен Волкс Женевадан баяндайт.
10/11/202252 seconds
Episode Artwork

“Кемпир-Абаддын” бүтпөгөн чыры: президент Өзгөндүн элине өзү барды

Президент Садыр Жапаров “Кемпир-Абад” суу сактагычы боюнча Өзгөн шаарында жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу жабык өтүп, ага кирген активисттердин телефондору өчүртүлүп жатканы айтылды.
10/4/20222 minutes, 53 seconds
Episode Artwork

Украин аскери түштүк фронтто дагы жиреп баштады

Украинанын армиясы түштүк тараптагы Херсон багытында дагы ыкчам контр чабуулга өтүп жатканы жөнүндө кабарлар келүүдө.
10/4/20221 minute, 35 seconds
Episode Artwork

Путиндин аннекcиясы, Рахмондун агрессиясы

Путин Украинанын төрт регионун Россияга аннекcиялап алды/ Кыргыз-тажик чек арасындагы согуштан кийин сегиз чек ара посттору алына турган болду.
10/2/202229 minutes, 58 seconds
Episode Artwork

Баткендеги кол салуу: “үйлөрүбүз өрттөлүп, мүлктөрүбүз тонолду”

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы кол салуунун материалдык чыгымы болжол менен 1,5 миллиард сомду түздү. Бирок бул сумма дагы эселеп көбөйүшү мүмкүн.
9/28/20223 minutes, 25 seconds
Episode Artwork

Оккупациялык бийликтин референдуму

Украинанын Россия басып алган төрт регионунда бир апта мурда башталган референдумдар аяктады — андагы добуштарды Москва жаңы аймактарды аннекциялап алуу үчүн колдонгон жатат
9/28/20224 minutes, 3 seconds
Episode Artwork

"Конфликтке алып келген негизги посттор"

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк чек ара комиссиялары чек арада сегиз постту, тагыраак айтканда үчтөн пост, бирден чек ара бекетин алууну чечишти.
9/26/20224 minutes, 29 seconds
Episode Artwork

Россияда мобилизация, Кыргызстанда агрессия

Россиянын президенти Владимир Путин армияда күч жетишпей, аскердик жарым мобилизация жарыялады. Кыргызстан Тажикстанды кыянат агрессияга айыптады
9/26/202230 minutes
Episode Artwork

Рахмондун атагы менен чатагы

Кыргызстанга эки жыл катары менен кол салуудан кийин ал эми БУУнун трибунасына чейин сындалып, дагы бир жаман атка конууда.
9/21/20226 minutes, 54 seconds
Episode Artwork

Украинанын контр чабуулу Путинди канчалык кыжаалат кылды?

Жарым жылдан бери Украинадагы согушта орус армиясы позицияларын колдон чыгарууда. Эми кабыргасынан коюлган чоң суроо: Владимир Путинге мунун саясий кесепети тиеби?
9/20/20225 minutes, 39 seconds
Episode Artwork

"Алдын ала пландалган куралдуу агрессия"

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасап, Тажикстандын чек арадагы аракеттерин "Кыргызстанга алдын ала даярдалган куралдуу агрессия" деп атады.
9/19/20225 minutes, 19 seconds
Episode Artwork

Баткен: "тажик тараптын көздөгөнү Ворухка жол ачуу"

Лейлек районун мурунку акими Баймурат Бекмуратов Би-Би-Сиге кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал боюнча комментарий берип, Тажикстан тараптын бейпил тургундарга ок атуусун Кыргызстанга карата агрессия деп мүнөздөдү.
9/16/20222 minutes, 48 seconds
Episode Artwork

Кыргыз-тажик чек арасындагы жалбырттаган жаңжал

Кыргызстан Тажикстанды чек арадан согуштук тик учак жана жапырт ок атуучу реактивдүү системалар менен кол салды деп айыптады.
9/16/202229 minutes, 59 seconds
Episode Artwork

"Дүйнө чабыт": Дрон өндүрүшүндөгү лидер өлкөлөр

"Дүйнө чабыт" берүүбүздө дрон өндүрүшүндөгү алдыңкы өлкөлөрдүн мисалына, дрон технологиянын түрлөрүнө токтолобуз. Талкууда коомдук ишмер Алмаз Кулматов жана журналист Азимжан Ибраимов.
9/14/20226 minutes, 56 seconds
Episode Artwork

Элдик курултай: күрөштүн күзгү сезону

Кыргыздардын атак-даңк, мансапты аябай жакшы көрөрүн эске алганда, элдик курултайга делегат шайлоо өзүнчө эле кезектеги шайлоо өнөктүгүнө айланып, талапкерлер колдо бар ресурсун аябай чачып, күз айлары күпүлдөгөн саясий күрөш менен өтө тургандай болуп турат.
9/13/20225 minutes, 30 seconds
Episode Artwork

"Россияны жеңсе болот". Украиндердин Харьковдогу контр чабуулу

Украинанын аскер күчтөрү алты күнгө созулган контр чабуулда Россия басып алган чоң аймакты, анын ичинде отуздан ашык шаар-кыштактарды бошотту.
9/12/20222 minutes, 10 seconds
Episode Artwork

Бактыгүл Каламбекова: Королева кут даарыган инсан эле

Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси, дипломат Бактыгүл Каламбекованын Улуу Британиянын дүйнөдөн кайткан королевасы Елизавета экинчи жөнүндө эскерүүсү.
9/10/20229 minutes, 41 seconds
Episode Artwork

Королева кабыл алган биринчи кыргыздын эскерүүсү

Кыргызстанда маркум королева Елизавета II менен чыныгы жашоодо жолугушкан саналуу гана адамдар бар. Алардын бири Кыргыз эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев. Ал элчилик аудиенциядан тышкары королева кабыл алган биринчи кыргыз.
9/9/20226 minutes, 53 seconds
Episode Artwork

Королева Елизавета II дүйнөдөн кайтты

Улуу Британияны башкарган монархтардан эң узак мезгил тактыда олтурган Королева Елизавета II, 96 жаш курагында Балморалда көз жумду. Үй-бүлөсү бейшемби күнү эртең менен анын саламаттыгына тынчсызданып, Шотландиядагы сарайына чогулушкан эле. Королева 1952-жылы тактыга олтуруп, коомдук чоң өзгөрүүлөрдүн күбөсү болду.
9/8/20227 minutes, 53 seconds
Episode Artwork

Генерал Артур Медетбеков: HIMARS украин армиясына чоң артыкчылык берген жок

Украинанын президенти Владимир Зеленский HIMARS ракетасы Россияга каршы согуштун жүрүшүн өзгөртүп жатканын билдирди. Америкалык өндүрүштөн чыккан ракета ондогон орус буталарын, анын ичинде командалык пункттарды, ок-дары сакталган кампаларды талкалады. Би-Би-Си украин президентинин оптимисттик билдирүүсүнө канчалык негиз бар экенин сурап, генерал Артур Медетбековго кайрылды.
9/8/20227 minutes, 18 seconds
Episode Artwork

"Дүйнө чабыт": Энергетикалык күрөш жана кризис

Дүйнө өлкөлөрү энергетикалык рынокто атаандаштык шартында энергия каатчылыгына каршы үнөмдүү технологияларды киргизишүүдө
9/7/20229 minutes, 35 seconds
Episode Artwork

"Сөгүп туруп, эки миң сом төлөп кое береби?" Мугалимди агрессиядан коргоо мыйзамы

Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү ж/а коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети мугалимди мазактагандарга акчалай айып пул салуу жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды.
9/7/20225 minutes, 58 seconds
Episode Artwork

Ийилчээк темир айым. Лиз Трасс - Британиянын жаңы премьер-министри

Улуу Британияда Консервативдик партиянын лидери болуп, демек өкмөт башчысы болуп Элизабет Трасс шайланды. Британдык жаңы "темир айым" болгусу келип жаткан Тори партиясынын 47 жаштагы саясатчысы салыктарды азайтып, Путиндин тизгинин тартарын убада кылууда.
9/6/20225 minutes, 54 seconds
Episode Artwork

Кытайдагы кыйноолор, Европадагы кризис, Горбачевдун ролу

00:00 БУУ Кытайдын Шинжаңдагы адам укуктарын олуттуу бузушу адамзатка каршы кылмыш катары каралышы мүмкүн деп билдирди 03:41 СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачев Москвадагы Борбордук клиникалык ооруканада 92 жашында дүйнөдөн кайтты. Аскар Акаев менен маек 10:25 Кыргызстан 31-августта эгемендик күнүн белгиледи. Азыркы саясий контекстте Кыргызстан үчүн эгемендиктин мааниси эмнеде? Тарыхчы Кыяз Молдокасымов менен маек. 13:27 «Дүйнө чабыт»: Дүйнөдо көз карандысыз 147 мамлекет бар 19:05 Ата-Бейитте аскер курсанттардын жол кырсыгына күбө болгондордун айткандары 24:45 Евробиримдикте газдын баасы кескин кымбаттап, элди бушайман кылууда.
9/5/202229 minutes, 59 seconds
Episode Artwork

Шалкар Нурсейит: Токаев кайра шайланып алып, авторитардык башкарууну уланткан жатат

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев ушул күздө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүлөрүн жарыя кылды. Би-Би-Си казакстандык аналитик Шалкар Нурсейитке кайрылып, бул чечимдин кандай себептери бар экенин сурады.
9/5/20225 minutes, 1 second
Episode Artwork

"Дүйнө чабыт": Дүйнөдө көз каранды эмес 197 мамлекет бар

"Дүйнө чабыт" берүүбүздө дүйнөдөгү көз каранды эмес мамлекеттер жөнүндө талкуу болду. Талкууда коомдук ишмер Алмаз Кулматов жана Азимжан Ибраимов.
9/2/20225 minutes, 13 seconds
Episode Artwork

Евробиримдикти газы жок азаптуу кыш күтүп турат

Бельгиянын энергетика министри эгер газдын баасы түшпөсө, Евробиримдик беш-он жыл кыш азабын тартат деп эскертти.
8/30/20224 minutes, 26 seconds
Episode Artwork

"Айдоочуну балам экөөбүз чыгардык". Курсанттардын жол кырсыгына күбөлөрдүн айтканы

Ишемби күнү Ата-Бейиттеги ант берүү аземинен кайтып келе жатып жол кырсыгына кабылган курсанттар бүгүн ооруканадагы палатага которулду. Кырсыктаган унаанын айдоочусуна операция жасалды. Кырсык боюнча кылмыш иши козголду. Би-Би-Си окуянын кандай болгонун сурап, күбөлөрдүн сөзүн угуп келди.
8/30/20225 minutes, 37 seconds
Episode Artwork

Крымда – жардыруулар, Кыргызстанда болсо курултай талкуусу

Крым жарым аралындагы соңку жардырууларды орус бийлиги диверсия деп атады. Президент Садыр Жапаров 25-ноябрга элдик курултай чакырды
8/19/202229 minutes, 59 seconds
Episode Artwork

Тоолуу Нарынга туристтер Франциядан эң көп келүүдө

Кыргызстандын тоолуу Нарын областына туристтер алыскы чет өлкөлөрдүн ичинен Франциядан эң көп келүүдө.
8/18/20225 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Космостогу күрөш жана жарыш

"Дүйнө чабыт" берүүбүздө азыркы убактагы космостук держава өлкөлөр жана алардын ортосундагы атаандаштык жөнүндө сөз болот. Талкууда коомдук ишмер Алмаз Кулматов жана журналист Азимжан Ибраимов.
8/18/20225 minutes, 48 seconds
Episode Artwork

Ислам оюндарында байге талашкан кыргыз спортчулары

Ислам тилектештик оюндарында Кыргызстандын курама командасы 9 алтын, 8 күмүш жана 15 коло медаль утуп, 8-орунга көтөрүлдү.
8/17/20225 minutes, 45 seconds
Episode Artwork

Россия Жанкойдогу жардырууну диверсия деп атады.

Россиянын Коргоо министрлиги Крым жарым аралындагы Жанкойдо аскердик кампада болгон жардырууну диверсия деп атады. Ал эми Жанкойдогу жардыруулардын артында украиндердин элиталык аскер топтору турат деп The New York Times жазды.
8/17/20224 minutes, 31 seconds
Episode Artwork

Күзгө Элдик курултай чакырылды

Президент Садыр Жапаров 25-ноябрга элдик курултай чакырды. Мамлекеттик катчы башында турган элдик курултайды уюштуруу комитети түзүлдү.
8/16/20224 minutes, 17 seconds
Episode Artwork

Талибан өзгөрткөн Афганистан, АКШга өчөшкөн Аль-Каида

"Би-Би-Си дүрбүсүндө", 12-август 2022-жыл. Афганистанда Талибан бийликке келгенине бир жыл толууда. "Аль-Каиданын” кийинки лидери боло турган потенциалдуу талапкер ким? Бишкекте атактуу лицейдин директорунун коррупцияга айыпталып кармалышы дүңгүрөгөн окуя болуп калды. Боом капчыгайынын ичинде күтүлбөгөн жерлерден кайра-кайра сел жүргөнүн адистер климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепети катары карашууда. Джон Кеннеди, Индира Ганди, Беназир Бхутто, Синдзо Абэ. «Дүйнө чабытта» дүйнө өлкөлөрүндөгү киши колдуу болуп ажал тапкан лидерлер темасына токтолобуз.
8/12/202229 minutes, 59 seconds
Episode Artwork

Бишкектеги мектептерди чырмаган коррупция: чыры жана чындыгы

Бишкекте №61 лицейдин директору Юрий Низовскийдин кармалышы дүңгүрөгөн окуя болуп калды. УКМК аны мектепте коррупциялык схема түзгөн деп айыптап, жакындарына катталган 150 млн сом байлыгын таап көрсөттү. Бул окуя баш калаадагы статустуу мектептерди чырмаган коррупцияга көп жылдан бери биринчи жолу ыргытылган укуктук укурук болуп калды.
8/10/20225 minutes, 50 seconds
Episode Artwork

АКШ-Кытай: согуш идеясы мынчалык жакын болгон эмес

АКШ-Кытай: согуш идеясы мынчалык жакын болгон эмес
8/9/202229 minutes, 59 seconds
Episode Artwork

АКШ-Кытай: Согуш идеясы мынчалык жакын болгон эмес

“Би-Би-Си дүрбүсүндө” 5-август 2022-жыл. 00:00 Афганистан: Аль-Каиданын лидери аль-Завахири АКШнын атайын операциясында ракеталык сокку менен өлтүрүлдү. 04:05 АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга сапары Кытай-АКШ мамилесин кайрадан курчутту. Чыгыш таануучу Сейтек Качкынбай менен маек. 07:49 Кытай менен АКШнын мамилесинде согуш идеясы мынчалык жакын болгон эмес. Би-Би-Синин Пекиндеги кабарчысы Стивен Макдонеллдин макаласы. 12:10 Россия Украинага согуш ачканына алты ай болду. Россиянын калкы бул согуштун чындыгын кандай түшүнөт? 16:09 Бишкекте абасын булгаган тонна-тонна зыяндуу заттар жана газдар. 23:38 “Дүйнө чабытта” дүйнөлүк туризмдеги азыркы кырдаал жана лидер өлкөлөргө токтолобуз.
8/9/202229 minutes, 59 seconds
Episode Artwork

"Аль-Каиданын" башына Сейф аль-Адель келиши мүмкүн. Ал ким?

"Аль-Каиданын" лидери Айман аль-Завахири Кабулда жашынып жаткан үйүндө америкалык дрондун соккусунан каза тапкандан кийин эми тыюу салынган тероордук уюмдун башына ким келет деп бүт дүйнө кулак туруп турган убак. Теги египеттик Сейф аль-Адель эң биринчи талапкер катары аталууда. Ал убагында Завахири өзүнүн орун басары кылып дайындаган "Аль-Каиданын" беш таасирлүү адамдын ичинен жалгыз тирүү турганы.
8/9/20225 minutes, 59 seconds
Episode Artwork

Боомдогу сел: Тилсиз жоону тосконго күчүбүз жетеби?

Боом капчыгайынын ичинде кайра-кайра сел жүрүп, жолду каптап, туристтик сезондун кайнаган убагында көлгө каттап жаткандар үчүн чоң машакат жаратууда.
8/9/20225 minutes, 27 seconds
Episode Artwork

Пелосинин сапары: Кытайга кыр көрсөткөн Тайван

АКШнын Өкүлдөр палатасынын лидери Нэнси Пелосинин Тайванга расмий сапар менен барганы Кытай менен Тайванды, Кытай менен АКШны согуштун кырына жакындаткандай курч кырдаал түзүп жиберди.
8/4/20224 minutes, 34 seconds
Episode Artwork

Жетим-Тоо: өкмөттүн дымагы, активисттердин каршылыгы

Кыргыз өкмөтү Нарындагы эң ири Жетим-Тоо темир кенин иштетүүгө шымаланып жаткан чагы. Бирок бул демилгеге жергиликтүү айрым активисттер катуу каршылыгын көргөзүп жатышат.
7/20/20222 minutes, 36 seconds
Episode Artwork

Мектеп директорун конкурстук тандоого эмне зарылчылык болду?

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук негизде тандоо жөнүндө президенттин жарлыгы жарыяланды. Ага ылайык беш жылдан ашык иштеген мектеп директорлору автоматтык түрдө кызматынан бошоп, алардын ордуна жетекчилерди тандоо жана дайындоо конкурстук негизде болот. Бул чечимди мектеп директорлору кандай кабыл алып, кандай ойдо болуп жатканын сурап, Нарын районундагы Оттук айылындагы Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин директору Казыбек Асылбековго кайрылдык.
7/13/20225 minutes, 53 seconds
Episode Artwork

Кыргызстандын калкы жети миллионго жеткени калды

Кыргызстанда калктын саны кылым башынан бери жакшы темп менен өсүүдө. Жыл сайын 150 миңдин айланасында балдар төрөлүүдө. Өлгөндөрдү эсептен чыгарганда жылына болжол менен 120-130 миң адамга көбөйүүдө. Мындай темп менен бир жарым-эки жылда жети миллионго чаап барат.
7/12/20227 minutes, 8 seconds
Episode Artwork

Донецк областында көп кабаттуу үйгө тийген ракета он беш адамды өлтүрдү

Ишембиде орус аскерлери Донецк областындагы Часов Яр шаарын аткылап, андагы турак үйгө ракета тийип, он беш адам каза тапты. Урандылар алдында дагы 24 адам калган болушу мүмкүн.
7/11/20222 minutes, 16 seconds
Episode Artwork

Жүзгө жакындап барса да жүдөбөй тың жашаган Батыйма апа

Кыргызстанда да жүзгө чыккан же ушуга жакын жашты чапчыган күүлүү-күчтүү карылар бар. Алардын бири Чүй районундагы Кара-Дөбө айылында жашаган, 97 жашка келген Батыйма апа. Апанын кулагы катуулап калган менен баскан турганы тың, керек болсо үй чарбасына жардам берет.
7/11/20223 minutes, 49 seconds
Episode Artwork

Каракалпакстандын бөлүнүп чыгышы эмнеге кыйын?

Нукуста 1-июлда башталган массалык нааразылык акциялары тополоңго айланып, бүт республика боюнча коменданттык саат киргизилди. Нааразылыкты күч менен басуу убагында 18 адам каза таап, 243 адам жаракат алганы расмий жарыяланды. Каршылык акциялары Өзбекстандын жаңы Конституциясынын долбоорунда Каракалпакстандын суверенитетин жана референдум аркылуу Өзбекстандын курамынан чыгуу укугу алынып салынгандан кийин дүрт эткен эле. 2-июлда президент Мирзиеёв Каракалпакстанга келип, жергиликтүу депутаттар менен жолугуп, элди нааразы кылган жоболор баш мыйзам долбоорунан алып салынарын билдирди. Анткен менен элдик нааразылык оңой менен тынчыбай калды көрүнөт, каршылык жыйындарда Каракалпакстанды биротоло Өзбекстандан бөлүп алып, көз каранды эмес өлкө кылып жарыялоо жөнүндө сунуштар дембе-дем көтөрүлүп жатат. Бирок көп жылдан бери Өзбекстандын курамында келаткан бул республиканын бөлүнүп өз алдынча болушу оңой чечиле турган маселе эмес, ага көп тоскоолдуктар бар.
7/7/20225 minutes, 49 seconds
Episode Artwork

Муфтий Замир Ракыев: Каада-салтыбыз шариатка шайкеш

Би-Би-Си Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир Карыкени маекке тартып, ажылык сапар кандай уюшулганын, пандемия убагында болбой калган ажылык сапарга чогулуп ысырап болгон акчанын дайнын сурадык.
6/30/202216 minutes
Episode Artwork

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу: макулдашчу маселе али көп

Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин жыйынында каралды. Аталган долбоордун Кыргызстандын ичиндеги маршруту Торугарт-Макмал-Жалал-Абад деп жарыяланды. Бирок бул маршрут, темир жолдун жазылыгы калган өлкөлөр менен биротоло макулдашылып бүтө элек. Ал эми анын каржылоосу кандай болору жөнүндө маселенин али чети оюла элек сыяктуу.
6/30/20226 minutes, 45 seconds
Episode Artwork

Дүйшөн Керимов: Кыргыздын төрөлгөнү да, өлгөнү да кымбат

Азыркы кыргыз коомундагы улуттук нарк-дөөлөттү кетирип жаткан себептер жөнүндө жазуучу Дүйшөн Керимов менен маек.
6/17/20227 minutes, 20 seconds
Episode Artwork

Сергей Лавров Би-Би-Сиге: “Биз Украинага басып кирген жокпуз”

Петербургдагы экономикалык форум убагында Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Би-Би-Синин Москвадагы кабарчысы Стив Розенбергге маек курду. Ал бир топ суроо арасында өлүм жазасына өкүм кылынган туткундагы британдыктар маселесине токтолуп, БУУ Украинадагы орус аскерлеринин болжолдуу кылмыштары жөнүндө "фейк" маалыматтарга таянып жатат деп айтты.
6/17/202230 minutes
Episode Artwork

Жабык жайлардагы ээнбаштыктарды комиссия иликтеп баштады

Кыргызстанда саясат иликтөөчүнүн өлүмүнө алып келген себептерди мекеме аралык комиссия териштире баштады. Би-Би-Си акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кепке тартып, саясат иликтөөчүнүн өлүмүнө алып келген ээнбаштыктар жөнүндө кандай фактылар, арыз-дооматтар акыйкатчыга белгилүү экенин сурадык.
6/17/202211 minutes, 47 seconds
Episode Artwork

Жабык жайлардагы ээнбаштыктар эмнеге токтобой жатат?

Би-Би-Си акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кепке тартып, саясат иликтөөчүнүн өлүмүнө алып келген ээнбаштыктар жөнүндө кандай фактылар, арыз-дооматтар акыйкатчыга белгилүү экенин сурадык.
6/16/202210 minutes, 47 seconds
Episode Artwork

Кыргызстандын түштүгүндөгү этникалык коогалаңдын бүтө элек доосу көп

11-июнда Кыргызстандагы эң чоң этникалык кагылышууга 12 жыл болот. Бул окуяларды эл аралык жана өкмөттүк, улуттук комиссия иликтеп чыкканына карабастан, анын бүтпөгөн доосу дагы эле көп көп. Би-Би-Си июнь окуяларын иликтеген улуттук комиссиянын мүчөсү, тарых илимдеринин доктору Аблабек Асанкановду кепке тартып, этникалык кагылыштын келип чыккан себептери комиссиялар тарабынан канчалык объективдүү изилденген деп сурадык.
6/10/20227 minutes, 7 seconds
Episode Artwork

Украинадагы согуш кандай бүтөт? Потенциалдуу беш сценарий

Украинада кандуу кармаш башталгандан бери 100 күн өттү. Эми анын кандай бүтөрүн айтууга болобу? Бул жакта беш потенциалдуу сценарий бар
6/8/20228 minutes, 54 seconds
Episode Artwork

Каада-салтка жамынган ысырапкорчулук жана коррупция

Кыргызстанда президент Садыр Жапаровдун жарлыгынан кийин той-аш, мааракелердеги ысырапкорчулукту токтотуу жөнүндө жер-жерлерде ар кандай аракеттер башталды.
6/6/202242 seconds
Episode Artwork

Британия: сезондук жумушка орношкон алгачкы кыргызстандыктар

"Би-Би-Си дүрбүсүндө" Британиядагы сезондук жумушка орношкон алгачкы кыргызстандыктардын бири Мырзагүл Таирова болду.
6/1/20225 minutes, 40 seconds
Episode Artwork

Шабдандын ашындагы ат чабышта байге алган чаар ат баяны

Шабдандын ашындагы ат чабышта байге алган чаар ат баяны
5/20/202223 seconds