Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.
Кечки р адио эфир | 04.12.2023 | ККМге каршы акциялар уланды
Базарларда соодагерлер ККМге каршы нааразылык акцияларын улантууда. Бишкекте активист Ырыс Жекшеналиевдин соту аяктады.
Газадагы соңку кырдаал.
4-12-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 26.11.2023 | Орусияда дрон чабуулунан улам аэропорттордун иши токтоп, кайра жанданды
Орусиянын абадан коргонуу күчтөрү жекшембиге оогон түнү Москвага чабуул койгон бир нече учкучсуз аппараттарды атып түшүргөнүн, жабыркагандар жок экенин шаар мэри Сергей Собянин билдирди. Ал арада Москванын "Внуково" жана" Домодедово " аба майдандары ишин убактылуу токтоткону белгилүү болду.
26-11-2023 • 29 minuten, 59 seconden
Кечки радио эфир | 25.11.2023 | Газа тилкесинен эки кыргызстандык эвакуацияланды
Кыргызстандыктар 24-ноябрь күнү алар Газадан Египет аркылуу Каир-Москва каттамы менен Москвага жеткирилип, мейманканага жайгаштырылды.Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 25-ноябрда билдирди.
25-11-2023 • 30 minuten, 29 seconden
Кечки радио эфир | 24.11.2023 | Фейсбуктагы пикири үчүн кармалган пенсионерге 50 миң сом айып салынды
Таш-Көмүр шаарынын 70 жаштагы тургуну, пенсионер Салия Таштанованын иши боюнча Жалал-Абад шаардык соту 22-ноябрда өкүм чыгарып, ага 50 миң сом айып салды.
24-11-2023 • 30 minuten, 8 seconden
Кечки радио эфир | 23.11.2023 | Мадумаровдун эки тарапташы соттолду
"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөлөрү Асылбек Замирбек уулу менен Иса Таштановго чыгарылган өкүм боюнча апелляциялык арыз Чүй облустук сотунда 4-декабрда каралат. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.
23-11-2023 • 30 minuten, 29 seconden
Кечки радио эфир | 21.11.2023 | Ошто Көлбаев жана Матраимовго байланышы бар делген жетекчилер кызматтан кетти
[17:41] Tumonbai Abdinabi Uulu
Ошто Көлбаев жана Матраимовго байланышы бар делген бир нече жетекчи кызматтан алынганы белгилүү болду. Алардын арасында президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары жана Кара-Суудагы жетекчилер бар. Алар мындай байланышты четке кагышууда.
22-11-2023 • 30 minuten, 36 seconden
Кечки радио эфир | 21.11.2023 | Токтогул ГЭСиндеги жоокердин өлүмүнө шектүү кармалды
Ички иштер министрлиги Кара-Көл шаарында Токтогул ГЭСин кайтарып турган жоокерди атып өлтүрүүгө шектелген жоокер кармалганын билдирди. Каза болгон 20 жаштагы жоокер Өзгөн районунун Зергер айылында жерге берилди.
21-11-2023 • 30 minuten, 33 seconden
Кечки радио эфир | 20.11.2023 | Сот Эртай Искаковго 50 миң сом айып салды
20-ноябрда Сокулук райондук соту Чүйдүн Селекция айылындагы жол тосууга айыпталып кармалгандар боюнча өкүмүн чыгарды. Блогер Эртай Искаковго 50 миң сом айыппул салынды, ал эми ушул айылдын тургундары Бакыт Балбаевге жана Бактыбек Бекболотовго 100 күндүк коомдук жумушка тартуу жаза чарасы чегерилди.
20-11-2023 • 30 minuten, 5 seconden
Кечки радио эфир | 19.11.2023 | Президент Жапаров УКМК төрагасы Ташиевди кайтарууну күчөттү
Президент Жапаров УКМКнын төрагасы Ташиевди кайтарууну күчөттү. Евробиримдик Кыргызстанга "чет элдик өкүл" мыйзамы кабыл алынса донор уюмдар менен кызматташууга терс таасири тиерин дагы бир жолу эскертти. Орусиядан быйыл тогуз айда эки миңдей кыргыз жараны депортация болду. Газадагы абал.
19-11-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 18.11.2023 | Орусияда “Вагнердин” ордун баскан “Редут” согушка мигранттарды азгырууда
УКМК төрагасы Камчыбек өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун жана депутат Акылбек Түмөнбаевдин Камчы Көлбаевге байланышы аныкталса жоопко тартыларын айтты. Кароколдо бир айда өспүрүм кыздар жоголуп, кайра табылган үч окуя катталды. Орусияда “Вагнердин” ордун баскан “Редут” согушка мигранттарды азгырууда.
18-11-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 17.11.2023 |Ташиев Көлбаев менен Матраимовго байланышы бар 70тен көп адам кызматтан алынганын айтты
Ташиев Көлбаев менен Матраимовго байланышы бар 70тен көп адам кызматтан алынганын айтты. Прокуратура студент Ырыс Жекшеналиевди жети жылга эркинен ажыратууну сурап жатат. Кыргызстандын Жапония менен кызматташтыгы талкууланууда.Газа тилкесиндеги соңку кырдаал.
17-11-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 16.11.2023 | АКШнын жана Кытайдын лидерлери жолугушту
Камчы Көлбаевдин "өкүл атасы” деп айтылган Азим Ройго сыртынан айып тагыгып, издөө жарыяланды. Көлбаев менен байланышта болгон деген шек менен Өзгөндүн мэри кармалды. АКШнын жана Кытайдын лидерлери жолугушту. Саясий, коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев 82 жаш курагында дүйнө салды.
16-11-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 15.11.2023 | Көлбаевдин өкүл атасы Азим Ройго издөө жарыяланды
УКМКнын атайын операциясында өлтүрүлгөн Камчы Көлбаевдин өкүл атасына издөо жарыяланды. Кыргызстанда паранжы жамынып жүрүүгө жана узун сакал коюуга тыюу салуу сунушталууда. Экс-депутат Жаныбек Бакчиев кармалды. Газадагы соңку кырдаал.
“Ихсан" кооперативине байланыштуу соттук териштирүү жүрүүдө.
15-11-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 14.11.2023 | Ош шаардык кеңешинин депутататтары мэрге ишенбөөчүлүк көрсөттү
Ошто шаар депутаттары мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүп чыгышты, мэр Жетигенов буга жеке кызыкчылыктар себеп деп билдирди. Бишкекте кезектеги "Мекендештер" форуму өттү. Орусиянын Коргоо министрлиги көзөмөлдөгөн “Редут” мигранттарды Украинадагы согушка тартууда. Газадагы соңку кырдаал.
14-11-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 13.11.2023 | Орусиядагы мигранттарга каршы рейддер: 1900 кыргызстандык депортация болду
Орусиядан быйыл тогуз айда 1900 кыргыз жараны депортация болду. Ал арада Орусия Украинага согуш ачкандан бери Борбор Азия аймагынын геосаясий ролу, орду өзгөрдү. Газадагы соңку кырдаал. Абактагы саясатчы Адахан Мадумаровдун ишине байланыштуу үч киши суракка чакырылды.
13-11-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 12.11.2023 | Садыр Жапаров Кыргызстан Газага жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди
Президент Садыр Жапаров 11-ноябрда Эр-Рияд шаарында Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз самиттинде Кыргызстан Газага жардам көрсөтүүгө даяр экенин айтты.
12-11-2023 • 29 minuten, 53 seconden
Кечки радио эфир | 11.11.2023 | Иликтөө: Бакиев Беларуста эки башка паспорт алган
"Альянс расследователей Беларуси" иликтөөчүлөр тобу Беларуста качып жүргөн Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев ал өлкөдө башка ысым менен экинчи паспорт алганы тууралуу видео жарыялашты.
11-11-2023 • 30 minuten, 4 seconden
Кечки радио эфир | 10.11.2023 | Кыргызстан Кытай түрмөлөрүндөгү жарандарын кайтаргысы келет
Кытайдын түрмөлөрүндө жазасын өтөп жаткан кыргызстандыктарды мекенине которуу маселеси көтөрүлгөнүн 9-ноябрда Башкы прокуратура билдирди.
Кытайдын башкы прокурору Ин Юн менен жолугушууда Кытайда эркинен ажыратылган кыргыз жарандарын Кыргызстанга которуу маселелери да көтөрүлгөнү маалымдалды.
Президенттин маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасы Майя Алиеванын тоюна катышканы тартылган видео боюнча комментарий берди. Орунбеков ал видео эски экенин Фейсбукка жазды.
9-11-2023 • 29 minuten, 45 seconden
Кечки радио эфир | 07.11.2023 | Сөз эркиндиги: журналисттер коңгуроо кагышууда
Кыргызстанда маалымат жана басма сөз күнү белгиленүүдө. Быйыл бул күн Кыргызстанда журналисттерге басым күчөп, медианы чектөөгө багытталган мыйзам долбоорлор сунушталган учурга туш келди. Буга байланыштуу 7-ноябрда өлкөдөгү бир нече медиа уюмдар бийликке кайрылып, онлайн акцияларды уюштурду.
7-11-2023 • 30 minuten, 10 seconden
Кечки радио эфир | 06.11.2023 | Төө-Ашуудагы өрт: айдоочунун өмүрүн сактаган эки милиция кызматкери каза тапты
Бишкек-Ош автожолундагы Төө-Ашууда өрт кырсыгына кабылгандарга жардам берем деп өздөрү да жабыркаган милиция кызматкерлеринин экинчиси да эсине келбей көз жумду.
6-11-2023 • 29 minuten, 57 seconden
Кечки радио эфир | 27.10.2023 | Мектептин ата-энелер фонду жоюлгандан кийинки көйгөйлөрү - Октябрь 27, 2023
ЕАЭБ маселелери Бишкекте талкууланды. Кытай-Кыргызстан мамилеси боюнча 12 документке кол коюлду. Газадагы соңку кырдаал. Ата-эне мектепке акча чогултпашы керек деген талап коюлгандан бери мектептерде айрым маселе жаралууда. Эл артисти Сталбек Алмасбековдун 70 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү.
27-10-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 26.10.2023 | Президенттин иниси үй камагына чыкты - Октябрь 26, 2023
ШКУнун өкмөт башчыларынын кезектеги саммити Бишкекте өттү. Президенттин иниси үй камагына чыкты. Жаңы курулуп жаткан көп кабат үйлөрдүн коопсуздугу боюнча маселе кайрадан көтөрүлдү.
Израил Газага абадан сокку урууну күчөттү. Тууну өзгөртүү боюнча талкууга президент да пикирин билдирди.
26-10-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 25.10.2023 | "Кумтөрдөгү" коррупция: Үч киши айыпка жыгылды - Октябрь 25, 2023
“Кумтөрдөгү” коррупция боюнча негизги айыпталуучулардын ичинен үч кишиге соттун өкүмү чыкты. “Чет элдик өкүл” мыйзамы биринчи окууда кабыл алынды. Жакынкы Чыгыштагы соңку кырдаал. Кыргызстанда аялдарга карата зомбулукту токтотууга арналган акция өтүүдө. Өлкөдө кызылча оорусу жайылып жатат.
25-10-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 24.10.2023 | Ош: Күйөөсү бычактаган келин сот чечимине нааразы - Октябрь 24, 2023
Кыргызстан Кытай менен карым-катнашын арттыра баштады. Соңку апталарда бир нече судья кармады. Израил Газа секторуна 400дөн ашуун сокку урганын билдирди. Ошто күйөөсү бычактап, оор абалда ооруканага жатып чыккан келин соттун чечимине нааразы болууда.
24-10-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 22.10.2023 | Сириядан дагы 21 аял, 62 бала Кыргызстанга кайтарылды
- Октябрь 22, 2023
"Айкөл-3" гуманитардык миссиясынын алкагында 22-октябрда Сириядан Кыргызстанга дагы 21 аял жана 62 бала алып келинди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) маалымдады.
22-10-2023 • 30 minuten, 8 seconden
Кечки радио эфир | 21.10.2023 | Бишкекте Газадагы согушту токтотууга чакырган акция өттү - Октябрь 21, 2023
21-октябрда 100дөн ашык адам Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчада Газа тилкесиндеги палестиндерди колдоо акциясын өткөрдү. Алар “Согушка жол жок” деп жазылган плакаттарды көтөрүп чыгып, Газанын тургундарына жардам берүү үчүн атайын эсеп ачуу демилгесин көтөрүштү.
21-10-2023 • 29 minuten, 45 seconden
Кечки радио эфир | 20.10.2023 | Казакстанда милиция Өзбекстандын 60тан ашуун жаранын кулчулуктан куткарды - Октябрь 20, 2023
Казакстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери Чымкенттеги кыш заводунда мыйзамсыз эксплуатацияланып жүргөн 60тан ашуун өзбек жаранын бошотту.
20-10-2023 • 30 minuten, 2 seconden
Кечки радио эфир | 19.10.2023 | Египет Газа тилкесине гуманитардык жардам киргизүүгө уруксат берди
- Октябрь 19, 2023
19-октябрга караган түнү Египет Газа секторуна гуманитардык жардам жеткирүү үчүн туруктуу коридор ачыларын жарыялады. Жүк Рафах чек ара текшерүү пунктунан өтүп турмакчы.
19-10-2023 • 30 minuten, 4 seconden
Кечки радио эфир | 18.10.2023 | УКМК Көлбаев жана Матраимов менен байланышы бар 50дөй бажычы иштен алынганын билдирди - Октябрь 18, 2023
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Камчы Көлбаев жана Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов менен байланышта болгон 50гө жакын бажы кызматкери иштен бошотулганын билдирди.
18-10-2023 • 29 minuten, 19 seconden
Кечки радио эфир | 16.10.2023 | Жапаров Көлбаевдин өлтүрүлүшүнүн мыйзамдуулугун прокуратура текшерерин айтты - Октябрь 17, 2023
Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) өлтүрүлүшү боюнча операция мыйзамдуу болгонбу же жокпу, Аскер прокуратурасы териштирип чыгарын президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде билдирди.
17-10-2023 • 29 minuten, 25 seconden
Кечки радио эфир | 08.10.2023 | Жакынкы Чыгыш: Израил ХАМАСка каршы операция баштады - Октябрь 09, 2023
ХАМАСтын Израилдин түштүгүнө жасаган чабуулунан каза тапкандардын жана жараат алгандардын саны өсүп жатат. Палестина тарап да Израилдин ХАМАСка каршы операциясынын натыйжасында набыт болгондор жана жаракат алгандар тууралуу улам жаңыртылган маалымат таратууда.
9-10-2023 • 29 minuten, 48 seconden
Кечки радио эфир | 05.10.2023 | Кыргызстанда кызылча жуккан балдар көбөйдү - Октябрь 08, 2023
Кыргызстанда кызылча (корь) жуккан балдардын саны 2-октябрга карата 2469га жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты чыңдоо республикалык борбору кабарлады. Август айында оору жугуп катталгандардын саны 1700 болчу.
8-10-2023 • 30 minuten, 4 seconden
Кечки радио эфир | 07.10.2023 | "АЮ" компаниясынын директору кармалды - Октябрь 07, 2023
"АЮ" компаниясынын директору, издөөдө жүргөн Тыныбек Исаев бир нече күн мурун кар малып, камакка алынды. Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы ырастап, аны менен кошо издөөгө алынган дагы бир жаран кармалганын билдирди.
7-10-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 04.10.2023 | Чоң-Алай, Ноокатта тынч жыйындарга тыюу салынды - Октябрь 04, 2023
Ош облусуна караштуу Ноокат районунда дагы митингдерге, тынч жыйындарга чогулууга соттун чечими менен эки айга тыюу салынды. Мунун алдында Чоң-Алай районунда дагы коомдук жайларда митинг, пикет жана тынч акцияларды өткөрүүгө тыюу салынган.
4-10-2023 • 29 minuten, 57 seconden
Кечки радио эфир | 02.10.2023 | Рахмонго жумуртка ыргыткан активисттердин жакындары кармалды - Октябрь 02, 2023
29-сентябрда Берлиндеги акцияга чыккан тажик оппозициясынын чет жактагы өкүлдөрү Тажикстандагы туугандарын коопсуздук органдары кармап, суракка алганын билдирип жатышат.
2-10-2023 • 30 minuten, 16 seconden
Кечки радио эфир | 01.10.2023 | Бишкекте шаурмадан жапырт уулануу болду - Октябрь 01, 2023
Бишкекте 21 адам шаурмага ууланып, алардын 15и ооруканага жаткырылды. Кыргыз-казак кызматташтыгын талкуулаган жыйындардан соңку кезде бир нечеси өттү. Армения Азербайжанга каршы Бириккен Улуттар Уюмунун эл аралык сотуна кайрылды. Өзгөндө тынч жыйындарга тыюу салынды.
1-10-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 30.09.2023 | Митингдерди чектеген чечимдин мөөнөтү дагы узарды - Сентябрь 30, 2023
Бишкекте митинг-пикеттерге тыюу салган чечимдин мөөнөтү дагы узарды. Орусияда мигрант аялдарды Украинадагы согушка азгырган аракет күчөдү.Пробация деген негизде абактан бошонуп чыгып жаткандар арасында бала зордуктаган кылмышкерлер көп экени парламентти айтылып, мыйзамды өзгөртүү сунушталды.
30-9-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 29.09.2023 | Борбор Азия - Германия кызматташтыгы талкууланууда - Сентябрь 29, 2023
Германия жана Борбор Азия чөлкөмү, анын ичинде Кыргызстан бири-бирине эмнеси менен кызык жана пайдалуу? Башкы прокуратура сейфте далил буюм катары сакталып турган 762 миң доллар дайынсыз болгон окуя боюнча түшүндүрмө берди. Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгына арналган эл аралык театр фестивалы өттү.
29-9-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 28.09.2023 | Конституциялык соттун чечимдерин кайра карап чыгууга жол ачылды - Сентябрь 28, 2023
Конституциялык соттун чечимдерин эми кайра карап чыкса болот деген мыйзам долбоору парламентте талкуусуз кабыл алынды. Парламент күз-кыш мезгилине даярдыкты өкмөт башчысыз кароодон баш тартты. Бишкекте айрым сабактар боюнча мугалим жетишсиз болгон маселе дагы эле чечиле элек.
28-9-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 27.09.2023 | Тоют тартыштыгы курч көйгөйгө айланды - Сентябрь 27, 2023
Кыргызстанда тоют маселеси быйыл курч көйгөй болуп жатат. Эки судья ири өлчөмдө пара алууга шектелип жатышат. Мадумаровдун иши тергелип бүттү. Орус армиясы Украинанын Херсон облусуна абадан сооку урду. Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде ондогон жүк ташуучу машина кезек күтүүдө.
27-9-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 26.09.2023 | Өзбекстанда дарыга уулангандардын саны өсүүдө - Сентябрь 26, 2023
Инвестордон пара талап кылган деп шектелгендер кармалды.“Клооп” басылмасы боюнча соттук угуу кийинки аптага калды. Тоолуу Карабакта май сакталган кампадагы жарылууда ондогон киши набыт кетти.Өзбекстанда дарыга ууланган балдардын саны өсүүдө.
26-9-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 25.09.2023 | "Бүтүн Кыргызстандын" мүчөсү кармалды - Сентябрь 25, 2023
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулу камакка алынды. Бишкекте “Бардык маселелерди диалог аркылуу чечели” жыйыны үзгүлтүккө учурап кала жаздады. Тоолуу Карабактан Арменияга беш миңдей адам жер которду. Кыргызстанда көпчүлүк аймактарда тоют жакшы болбой калды.
25-9-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 23.09.2023 | Камактагы Адахан Мадумаров башка иш боюнча ИИМге сурак берди
- Сентябрь 23, 2023
Камактагы Адахан Мадумаров башка иш боюнча ИИМге сурак берди. 23-сентябрда Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын кабыл алынганына 34 жыл болду. «Чек арасыз дарыгерлер» эл аралык уюму Баткенде чек арага жакын жашаган айыл тургундарына психологиялык жардам көрсөттү.
23-9-2023 • 29 minuten, 58 seconden
Кечки радио эфир | 22.09.2023 | Селекцияда бычакталган келин боюнча эл аралык уюмдар билдирүү жасады - Сентябрь 22, 2023
Human Rights Watch Сокулукта бычакталган келин боюнча билдирүү жасады. Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттап жатат. АКШ Украинага дагы 325 миллион долларлык аскердик жардам берерин билдирди.Ак-Талаанын Ак-Тал айылындагы мектеп маселеси. Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионаты.
22-9-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 21.09.2023 | Тоолуу Карабак: Ок атышууну токтотуу макулдашылды - Сентябрь 21, 2023
Чүйдө күйөөсү аялын мыкаачылык менен бычактады. Айгүл Жапарованын фонду Кытай элчилигинен алган каражат боюнча иликтөө. Бакунун өкүлдөрү менен жикчил Тоолуу Карабактын делегациясынын жолугушуусу аяктады. БУУнун алдында борборазиялык активисттердин акциясы өттү. Спортто ийгилик жараткан кыздар.
21-9-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 20.09.2023 | Кыргызстанда нан кескин кымбаттады - Сентябрь 20, 2023
Нью-Йоркто АКШ - Борбор Азия саммити өттү. Жогорку Кеңеште Адахан Мадумаров боюнча депутаттык комиссия түзүлбөй калды. Тоолуу Карабак жикчил аймагынын өкүлдөрү ок атышуу токторун билдиришти. Кыргызстанда нан, ун кескин кымбаттады. Айпери Медет кызы Париж Олимпиадасына жолдомо алды.
20-9-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 19.09.2023 | Борбор Азия–АКШ кызматташтыгы жаңы форматта талкууланууда - Сентябрь 19, 2023
Нью-Йоркто АКШ-Борбор Азия саммити уюштурулууда. Азербайжан жикчил Тоолуу Карабакта «антитеррордук» операция баштаганын билдирди. "Чет элдик өкүл" мыйзамы ЖК комитетинде каралбай калды. КВНчи Элдияр Кененсаровдун “Кыргыз жана казак демократиясы жок эле жашап келген” деген сөзү ачуу сынга кабылды.
19-9-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 18.09.2023 | Түркия: Кыргызстандык учкучтардын өмүрүн алган кырсык - Сентябрь 18, 2023
Кыргызстан Тажикстан менен чек арасына байланыштуу тарыхый документ маселесин көтөрдү. Түркияда өрт өчүрүүчү учакта иштеген кыргызстандык учкучтар кырсыкка кабылышты. Орусияда мигранттар эмгектенген базарга каршы митинг өттү. Жаңыдан асфальт төшөлгөн Ош-Ноокат жолу коомдун талкуусуна алынууда.
18-9-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 16.09.2023 | Түркияда кулаган өрт өчүрүүчү тик учакта үч кыргызстандык болгон - Сентябрь 17, 2023
Түркияда өрт өчүрүүгө тартылган тик учак кырсыкка кабылып, ичиндеги кыргыз жараны ооруканага түштү, дагы экөө дайынсыз болууда. Кыргызстандагы 120 бейөкмөт уюм Жогорку Кеңешти "чет элдик өкүл" мыйзамын кабыл албоого чакырды.
17-9-2023 • 30 minuten, 2 seconden
Кечки радио эфир | 16.09.2023 | Чек ара: Бишкек менен Дүйшөмбү мунаса таба элек - Сентябрь 16, 2023
Бишкек менен Дүйшөмбү чек араны тактоо боюнча мунаса таба элек. Санарип өнүктүрүү министри “Дастан” ишканасын жана «Евразия сактык банкын» кайрадан Мүлк фондуна өткөрүп берерин билдирди. Кызыл-Кыяда кутурган ит капкан сегиз адам ооруканага жаткырылды.
16-9-2023 • 30 minuten, 28 seconden
Кечки радио эфир | 9.09.2023 | Кайра шайлоо: добуш бергендер аз болду - Сентябрь 10, 2023
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, Ленин округундагы кайра шайлоодо 20 миң 169 адам добуш берди. Бул жалпы 127 миң 239 шайлоочунун 15,85% түзөт.
10-9-2023 • 29 minuten, 8 seconden
Кечки радио эфир | 9.09.2023 | Өкмөт элди электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды - Сентябрь 09, 2023
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргызстандыктарды күз-кыш мезгилинде электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды.
9-9-2023 • 30 minuten, 6 seconden
Кечки радио эфир | 8.09.2023 | Литвадан унаа ташыган кыргыз ишкерлер чек арадан өтө албай турат - Сентябрь 08, 2023
Литвадан автоунаа ташыган кыргызстандык ишкерлер чек арадан өтө албай калганын айтып, кыргыз бийлигине кайрылды. Министрлер кабинетиндеги соңку өзгөрүүлөр жалпы кадр саясаты тууралуу сын-дооматты күчөттү. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги саясатчы Равшан Жээнбеков тууралуу кабарды kloop.kg сайтынан эки күндүн ичинде өчүрүүнү талап кылууда.
8-9-2023 • 29 minuten, 54 seconden
Кечки радио эфир | 6.09.2023 | Парламентте Конституциялык соттун судьяларын кетирүү сунушталды - Сентябрь 06, 2023
Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев “матроним” маселеси боюнча түшүндүрмө берген Конституциялык соттун төрагасы жана анын бардык мүчөлөрүн өз арызы менен кызматтан кетишин талап кылды.
6-9-2023 • 29 minuten, 58 seconden
Кечки радио эфир | 5.09.2023 | Бишкек мэриясы жол кирени көтөрүүнү сунуштады - Сентябрь 05, 2023
Бишкек шаардык мэриясы калаадагы коомдук транспорттун жол киресин көтөрүүнү сунуштап жатат.
Бишкектин четиндеги “Жунхай” базарынын соодагерлери кампаларын ачуу талабын коюп, иш ташташканын билдирди. “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы лидери Адахан Мадумаровдун кармалышынын мыйзамдуулугун кароо жана кылмыш ишинин акыйкат тергелишин талап кылышууда.
4-9-2023 • 30 minuten, 24 seconden
Кечки радио эфир | 31.08.2023 | Украинанын Запорожье облусунда айыгышкан салгылаш күч алды - Август 31, 2023
Украинанын түштүк-чыгышындагы Запорожье облусунда айыгышкан салгылаш күч алды. Быйыл Кыргызстандагы Эгемендик майрамы Ош шаарында белгиленди. Кыргыз эл артисти, таанымал композитор жана жазуучу Сталбек Бактыгулов 69 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
31-8-2023 • 29 minuten, 52 seconden
Кечки радио эфир | 30.08.2023 | Украинадагы согушка катышкан кыргызстандыктын иши кайра каралат - Август 30, 2023
Жогорку Сот Украинадагы согушка катышкан жарандын ишин кайра кароого жөнөттү. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда Тик Токту колдонууга тыюу салган чечим кабыл алды. 30-августта Сириядан кыргызстандык 31 аял жана 64 бала алып келинди.
30-8-2023 • 30 minuten, 11 seconden
Кечки радио эфир | 29.08.2023 | Жалал-Абадда "Барселонанын" футбол академиясы ачылды - Август 29, 2023
Жалал-Абад шаарында “Барселонанын” академиясы ачылып, ага каталондук клубдун легендалары, президенти Жоан Лапорта жана Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү катышты. Кыргызстанда медиа коомчулук прокуратуранын “Клооп” басылмасын жоюу боюнча сотко кайрылганын сындап жатат.
29-8-2023 • 29 minuten, 49 seconden
Кечки радио эфир | 28.08.2023 | Прокуратура "Клооп" басылмасын жоюу боюнча сотко кайрылды - Август 28, 2023
Бишкек шаардык прокуратурасы Бишкектин Октябрь райондук сотуна “Клооп” басылмасын жоюу боюнча арыз жазды. Журналисттик иликтөөлөрдө аты аталып жүргөн Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Бишкекте муфтияттын жаңы имаратынын ачылышына катышканы талкууга түштү.
28-8-2023 • 29 minuten, 36 seconden
Кечки радио эфир | 27.08.2023 | Журналисттик иликтөө, Конев менен Рустам Жапаровдун байланышы - Август 27, 2023
Рустам Жапаровдун журналисттер жарыялаган иликтөөдөгү ишкананын жетекчиси менен байланышы бар экенин ырасталды. Бийликти ачык сындап жүргөн, өткөн аптада "жапырт башаламандыкка чакырган" деген айып менен камакка алынган Олжобай Шакир деген ким? Нарындын Ак-Тал айылындагы мектепке даярдык.
27-8-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 25.08.2023 | Кыргыз-казак чек арасындагы тыгын маселеси чечиле элек - Август 25, 2023
Бишкекте Кыргызстандын Европа Биримдиги менен кызматташтыгы талкууланууда. Кыргыз-казак чек арасында жүк ташыган машиналардын тыгыны азая элек. Бийликти ачык сындап жүргөн, "жапырт башаламандыкка чакырган" деген негизде кармалган публицист Олжобай Шакирдин бейнеси.
25-8-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 24.08.2023 | Бийликти сындаган жазуучу Олжобай Шакир кармалды - Август 24, 2023
Социалдык түйүндөр аркылуу бийликти сындаган пикирин ачык билдирип жүргөн жазуучу Олжобай Шакир кармалды. Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршылыгын билдирип жүрүп камакка алынгандар абакта ачкачылык жарыялашты. Кыргыз-казак чек арасында тыгын жоюла элек.
24-8-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 23.08.2023 | Кыргыз паспортун алган орусиялыктар көбөйгөнү айтылууда - Август 23, 2023
Кыргыз-казак чек арасындагы тыгын маселеси чечиле элек. Кыргыз паспортун алган орусиялыктар көбөйгөнү айтылууда. Орусияда мигранттар улам бир тоскоолдукка кабыла баштаганын билдирип жатышат. Украинадагы соңку окуялар.
23-8-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 22.08.2023 | АКШнын экс-президенти Дональд Трамп камаларын айтты - Август 22, 2023
АКШнын экс-президенти Дональд Трамп Атлантада камаларын билдирди. Кыргыз-казак чек арасында кайрадан оор жүк ташуучу машиналардын кезеги көбөйдү.Социалдык түйүндөр аркылуу бийликти сындап жүргөн акын активист милицияга суракка чакырылды.
22-8-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 21.08.2023 | Чеченстандын президентин ачык сындап жүргөн активист Кыргызстанда кармалды - Август 21, 2023
Чеченстандын президентин ачык сындап жүргөн активист Кыргызстанда кармалды. Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалгандар ачкачылык жарыялай турганын айтып чыгышты. Орусиянын жаңы тарыхындагы Айга жасаган алгачкы миссиясы ишке ашпай калды.
21-8-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 19.08.2023 | Маңзат соодасы: милиция жетекчилери кызматтан алынды - Август 21, 2023
Маңзат соодасына шек саналып камалган милиция кызматкерлерине байланыштуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаев баштаган бир нече жетекчилер кызматтан алынып, ондон ашык кызматкер жазаланды. Орусиянын Украинанын Чернигов шаарына жасаган чабуулунан жети киши каза тапты.
20-8-2023 • 29 minuten, 57 seconden
Кечки радио эфир | 19.08.2023 | Орусия Черниговдун борборуна сокку урду, курман болгондор бар
- Август 19, 2023
Орусиянын армиясы 19-августта эртең менен Украинанын Чернигов шаарын аткылады. Орусиялык басылмалар Санкт-Петербург шаарындагы рейдде полиция орус жарандыгын алып, бирок аскердик каттоого турбаган жүздөй чет өлкөлүктү аныктаганын жазды. Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу аралашкан Баткендин Кадамжай районундагы көмүр кендин чыры аяктай элек.
19-8-2023 • 30 minuten, 21 seconden
Кечки радио эфир | 18.08.2023 | Президент Өзбекстанга башкарууга берилген пансионаттар тууралуу үн катты - Август 18, 2023
Президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга башкарууга берилиши тууралуу комментарий берди.Украинадагы согушка катышып келгени үчүн кармалган Бекназар Бөрүгул уулунун арызын Нарын облустук соту караган жок. Шаар мэри Сергей Собянин 18-августка караган түнү дагы бир дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.
18-8-2023 • 29 minuten, 22 seconden
Кечки радио эфир | 17.08.2023 | Кримтөбөл Көлбаевдин иши кыскарганы белгилүү болду - Август 17, 2023
Кримчөйрөнүн ана башы деп аталган Камчы Көлбаевге козголгон кылмыш иши токтотулганы кабарланды. Кыргызстан кайрадан кытайлык TBEA компаниясы менен иштеше турган болду. Орус армиясы 17-августка караган түнү Украинанын Херсон жана Днепропетровск облусунуна сокку урду.
17-8-2023 • 30 minuten, 6 seconden
Кечки радио эфир | 15.08.2023 | "Кумтөр" кен казуудагы чыгым боюнча түшүндүрмө берди - Август 16, 2023
Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташуусу боюнча өкм өттөр аралык комиссиянын 10-жыйыны өттү. “Кумтөр Голд Компани” ишканасы алтын өндүрүүдөгү чыгымдарга байланыштуу түшүндүрмө берип, ага жумшалган каражаттар өскөнүн мойнуна алды. Украинанын Куралдуу күчтөрү Донецк облусундагы Урожайное айылын Орусиянын армиясынан бошотконун билдирди.
16-8-2023 • 30 minuten, 3 seconden
Кечки радио эфир | 15.08.2023 | Орус рубли арзандап жатат. Мунун мигранттарга таасири кандай болот? - Август 15, 2023
Орусиянын улуттук валютасы – рубль дүйнөлүк валюталарга карата дагы арзандады. Кыргызстанда кызылча оорусунан эмделбеген эки бала каза болду. Орусиянын армиясы 15-августка караган түнү Украинанын Львов, Днепр шаарларын, Волын менен Хмельниц облустарын аткылады.
15-8-2023 • 29 minuten, 53 seconden
Кечки радио эфир | 14.08.2023 | Тоңдогу жол кырсыгы: каза болгон сегиз кишинин төртөө бир үй-бүлөдөн болгон - Август 14, 2023
Кочкор - Балыкчы жолундагы автоунаа кырсыгынан каза тапкан сегиз кишинин төртөө бир үй-бүлөдөн болгон. ИИМ Бостери айылына эс алууга келген Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө шек саналып төрт адам кармалганын билдирди. Украинанын Одесса шаарына 14-августка караган түнү орус армиясы сокку урду.
14-8-2023 • 30 minuten, 13 seconden
Кечки радио эфир | 13.08.2023 | Кыргызстан Казакстанга Кировдон сугат суу берүүнү убактылуу токтотту - Август 13, 2023
Кыргызстан Казакстанга сугат суу берүүнү убактылуу токтотту. Ысык-Көлдө милиционер өз өмүрүнө кол салганы белгилүү болду. Ошто бир катар мечит жана медресе ишин убактылуу токтотту.
13-8-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 12.08.2023 | Кара-Суудагы кырсык эки кишинин өмүрүн алды - Август 12, 2023
Ош облусунун Кара-Суу районунда оор жүк ташуучу автоунаа жолдун үстүнөн өткөн суу түтүгүн сүзүп, каршы тилкеде келе жаткан жеңил машинеге кулап, эки адам каза болду.
12-8-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 11.08.2023 | Бишкекте троллейбустун айдоочулары иш таштады
- Август 11, 2023
Бүгүн, 11-августта Бишкек шаарында жүздөй троллейбустун 250дөн ашуун айдоочусу иш таштады. Алар маянаны көтөрүү талабын коюп жатышат.
10-августта троллейбустун жүздөй айдоочусу жумуштан кетүү арызын жазганы кабарланган. Алар 20-28 миң сом айлык алышарын айтып, маянаны көтөрүүнү талап кылышкан.
11-8-2023 • 59 minuten, 43 seconden
Кечки радио эфир | 06.08.2023 | Чырда тапанча көтөргөн адамга карата иликтөө башталды - Август 06, 2023
ИИМ Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бириндеги чырда башка жаранды тапанчасы менен опузалаган адамга байланыштуу териштирүү башталганын билдирди. Сауд Арабияда 40тай өлкөнүн өкүлдөрү Украин жаңжалын тынчтык жолу менен токтонуунун планын талкуулоодо. Нарындагы Орто-Токой суу сактагычындагы суунун көлөмү кескин азайганы коомчулуктун талкуусуна түштү.
6-8-2023 • 29 minuten, 41 seconden
Кечки радио эфир | 05.08.2023 | Ошто жаңы курулуп жаткан жөө өтмөктүн бетон тирөөчтөрү кулады - Август 05, 2023
[17:43] Tumonbai Abdinabi Uulu
Ош шаарында курулуп жаткан айланма жөө өтмөктүн бетон тирөөчтөрү кулады. Энергетика тармагынын 137 млрд. сом карызын төлөөнү мамлекет өз мойнуна алды. Кыргызстанда чет элдик мыкты окуу жайларга студенттерди каржылаган «Эл үмүтү» стипендиясын алгандар аныкталды.
5-8-2023 • 29 minuten, 47 seconden
Кечки радио эфир | 04.08.2023 | Кыргыз-тажик чек арасы: Бишкек бекеттерди азыр ачпайт
- Август 04, 2023
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрмө бекеттерди ачуу маселеси этап-этап менен караларын билдирди. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова согушка катышканы үчүн Бишкекте соттолгон кыргызстандыкка орус паспортун берүү ниетин ачыктады. Орусия Новороссийск жана Крымдагы портторго украиналык экипажсыз катерлер чабуул жасаганын кабарлады.
4-8-2023 • 29 minuten, 55 seconden
Кечки радио эфир | 02.08.2023 | Орусиянын өкүлү Украинадагы согушка катышып, соттолгон кыргызстандык тууралуу үн катты - Август 02, 2023
Орусиянын президентине караштуу адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү Украинадагы согушка катышканы үчүн Бишкекте соттолгон кыргыз жараны тууралуу пикирин билдирди. Бишкектин тез жардам кызматында иштегендердин айлык акысына байланыштуу маселени Саламаттык сактоо министрлиги териштирет. Украинанын түндүк-чыгышында жана түштүк-чыгышында айыгышкан салгылашуулар уланууда.
2-8-2023 • 30 minuten, 58 seconden
Кечки радио эфир | 1.08.2023 | Чүй облустук соту блогер Эртай Искаковду абакта калтырды - Август 01, 2023
Бүгүн Чүй облустук сотунда таза суунун берилишин талап кылган акцияда кармалган үч адамдын бөгөт чарасын карап, абакта калтырды. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматыын башчысы Дайырбек Орунбековду кызматтан алууну суранган Баткендин Ак-Сай айылынын тургундарына кысым болуп жатканы айтылууда. Жайдын күнү бышыкчылыкка карабай базарда азык-түлүк баасы түшкөн жок.
1-8-2023 • 29 minuten, 47 seconden
Кечки радио эфир | 31.07.2023 | Орусияда мигранттарды текшерүү күчөдү - Июль 31, 2023
"Вагнер" менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин Телеграм-каналы аркылуу жоочуларды жалдоо токтотулганын кабарлады. Оштогу милиция кызматкерлеринин маселесин министрликтен түзүлгөн комиссия териштире баштады. Фермерлер быйыл малга тоют тартыш экенин айтышууда.
31-7-2023 • 30 minuten, 25 seconden
Кечки радио эфир | 29.07.2023 | Орусияда мигранттарды текшерүү күчөдү - Июль 29, 2023
Орусияда борбор азиялык эмгек мигранттарын текшерүү күчөдү. Жеңиш чокусуна жүрүшкө чыккан төрт альпинист 10 күндөн бери дайынсыз болууда. Колумбиянын Медельин шаарында 33-эл аралык поэзия фестивалына катышып келген акын Алтынай Темирова менен маекти уга аласыздар.
29-7-2023 • 30 minuten, 1 seconde
Кечки радио эфир | 26.07.2023 | Шаардык сот Бакировду мандатынан ажыраткан чечимди күчүндө калтырды
- Июль 27, 2023
Сурамжылоо: Президент Садыр Жапаровго ишенгендер былтыркыга салыштырмалуу 3% төмөндөдү. Орусия Одессадагы портко кайрадан ракета менен чабуул жасап, адам өмүрү кыйылды. Жалал-Абадда зордуктоого туш болгон келин кылмышка шектүү соттон бошоп кеткенине нааразы. 26-июлда Бишкек шаардык соту Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу Бишкектин административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды.
27-7-2023 • 29 minuten, 53 seconden
Кечки радио эфир | 26.07.2023 | Ысык-Көлдө эки өмүрдү кыйган кырсык: Коопсуздук кантип сакталат?
- Июль 27, 2023
Ысык-Көлдө эс алуу учурунда эки адамдын өмүрүн алган кырсыкка себеп болгон өспүрүм камалды. Ал башкарып бара жаткан моторлуу кайык кабылган кырсыктан эки адам каза болуп, дагы бирөө ооруканада оор абалда.
27-7-2023 • 59 minuten, 36 seconden
Кечки радио эфир | 25.07.2023 | Мурдагы министр Кутманова камалды
- Июль 26, 2023
Кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны эки тараптын өкүлдөрү териштирип жатышат. Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова жемкорлукка айыпталып, камакка алынды. Украинанын бир катар аймагы кайрадан Орусиянын чабуулуна кабылды.
25-7-2023 • 29 minuten, 47 seconden
Кечки радио эфир | 23.07.2023 | Орус министринин кыргыз тили боюнча мыйзамды сындаганы талкуу жаратты - Июль 23, 2023
Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанда жакында эле кабыл алынган кыргыз тили жөнүндө мыйзамга байланыштуу пикирин билдирди. УКМК Кумтөрдүн экологиялык долбоорлорго бөлгөн акчасынан миллиондор уурдалганын, териштирүү жүрүп жатканын маалымдады. Орусия Украинага чабуулун улантууда.
23-7-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 22.07.2023 | УКМК Динара Кутманованы коррупцияга айыптады - Июль 22, 2023
УКМК мурдагы экология министри Динара Кутм анованы коррупцияга айыптап чыкты, ал өзү мындай кинени четке кагууда. Кыргызстандык ишканалар АКШнын санкцияларга байланыштуу чектөөлөрүнө кабылды. Серепчилер Орусиядагы мигранттарга каршы рейддердин кесепетин талдап жатышат.
22-7-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 20.07.2023 | УКМК АКШнын санкциялык чектөөсүн бузууга байланыштуу иликтөө баштады - Июль 20, 2023
20-7-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 19.07.2023 | WP: АКШ Кыргызстанга экономикалык чара көрүүгө камынууда - Июль 19, 2023
19-7-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 14.07.2023 | Блогер Улукбек Карыбек уулу боюнча материалдар сотко өттү
- Июль 15, 2023
Блогер Улукбек Карыбек уулу бейбаштыкка шек саналып, 48 саатка камакка алынды. Таза суусуз калган конуштардын тургундары нааразылыгын билдирип, Бишкектеги кан жолду бууп, кайра ачышты. Ал эми Чаткал районундагы төрт айылдын тургундары “Аташ-Чапкан” компаниясынын кен казышына каршы болууда. Орусиялык ырчыл ар Борбор Азияга көбүрөөк каттап калышты.
15-7-2023 • 59 minuten, 55 seconden
Кечки радио эфир | 14.07.2023 | Чаткалда төрт айылдын тургундары кендин казылышына каршы чыгышты - Июль 15, 2023
Жалал-Абаддын Чаткал районундагы төрт айылдын тургундары “Аташ-Чапкан” компаниясынын райондо кен казышына каршы болушууда. Билим берүү жана илим министрлиги жеке менчик мектептин 84 бүтүрүүчүсүнө аттестаттар эмне үчүн берилбегенин түшүндүрдү. Министрлер кабинети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документке корутунду берип, долбоорду жеткире иштеп чыгуу зарыл экенин билдирди.
14-7-2023 • 30 minuten, 36 seconden
Кечки радио эфир | 13.07.2023 | Маянасын ала албай жаткан түркиялыктардын иши териштирилүүдө - Июль 13, 2023
Балыкчыда туннелдин калыптарын жасаган Түркиянын ондой жараны эки айдан бери иштеген айлык маянасын ала албай жатканын айтып чыгышты. Европарламент Кыргызстандагы адам укуктары, сөз эркиндиги, ЖМКлар тууралуу резолюцияны колдоду. Киев үчүнчү түн катары менен орус армиясынын дрон чабуулуна кабылды.
13-7-2023 • 29 minuten, 58 seconden
Кечки радио эфир | 12.07.2023 | "Азаттыктын" имшердигин токтотуу боюнча сот чечими жокко чыкты - Июль 12, 2023
Бишкек шаардык соту “Азаттык Медиа” мекемесин жалпыга маалымдоо каражаты катары жабуу тууралуу Бишкектин Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, соттук териштирүүнү токтотту. Чаткалдагы от атышуу – криминалдын таасир талашы катары сыпатталып жатат.
12-7-2023 • 30 minuten, 20 seconden
Кечки радио эфир | 11.07.2023 | Бир үй-бүлөдөн үч кишинин киши колдуу өлүмү боюнча сот башталды - Июль 11, 2023
Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч кишинин өлүмүнө шектүү Чынтемир Аширалиевдин иши карала баштады. Орусияда мигранттарды текшерүү уланып, мыйзам бузгандарды Украинадагы согушка мажбурлаган, азгырган аракеттер күчөдү. Кыргызстанда быйыл жарым жылда сууга түшүп каза болгондордун саны 60ка жетти.
11-7-2023 • 30 minuten, 21 seconden
Кечки радио эфир | 10.07.2023 | Путин "куралдуу козголоңдон" кийин Пригожин менен жолуккан - Июль 10, 2023
Орусия президенти Владимир Путин "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин менен "куралдуу козголоңдон" кийин жолукканы ырасталды. Бишкек шаарында митинг-пикет өткөрүүнү чектеген чечимдин мөөнөтү дагы үч айга узартылды. Өзбекстанда президенттик шайлоону Шавкат Мирзиёев жеңди.
10-7-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 09.07.2023 | "Казакстанды айланып өтөбүз". Бишкек жаңы транспорттук каттамга умтулууда - Июль 09, 2023
Орусиянын Казакстан менен чектешкен “Маштаково” чек ара бекетинде айрым кыргызстандык жүк ташуучулар өтө албай турганын кабарлашты. Кыргызстан Казакстанды айланып өткөн жаңы транспорттук маршрут даярдалып жатканын айтууда.
9-7-2023 • 29 minuten, 57 seconden
Кечки радио эфир | 08.07.2023 | Кылмыштуу топтордун тирешиби? Чаткалда ок жеген киши ооруканага түштү - Июль 08, 2023
Чаткал районунун 38 жаштагы тургуну октон жараат алып оор абалда ооруканага түштү. Ошто зордуктоого кабылган кыздын жакындары бул кылмышка "Казак" деген каймана аты бар кылмыштуу топтун өкүлү Умар Маратов катышы бар экенин айтып чыгышты.
8-7-2023 • 29 minuten, 36 seconden
Кечки радио эфир | 07.07.2023 | Бажыдагы коррупция: Президенттин тууганы кармалды - Июль 07, 2023
Диплому жасалма экени көптөн бери айтылып, аны өзүлөрү четке кагып келаткан эки депутат боюнча чечим чыкты. Президент Садыр Жапаровдун тууганы коррупцияга шектелип кармалды. Украинадагы соңку кырдаал. Орусияда камакка алынган кыргызстандык мигрант аялдын көйгөйү.
7-7-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 06.07.2023 | Эки депутат мандатынан ажырады
- Июль 06, 2023
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын он мүчөсүнүн үйү тинтилип, экөө камакка алынды. ЕККУуюму Бишкекте cөз эркиндигинин абалын талкуулаган эл аралык жыйын өткөрүүдө. Орусия Украинанын Львов шаарына ракеталык чабуул жасады. Жогорку Кеңештин эки депутаты мандатынан ажырады.
6-7-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 05.07.2023 | Кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүсү өтүүдө - Июль 05, 2023
"Мегаком" компаниясы сатыкка чыгарылды. Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча жумуш топторунун жолугушуусу башталды. Бозгундагы үч чечен активистинин апасынын сотуна катышуу үчүн Грозныйга барган журналист ур-токмокко кабылды.
5-7-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 04.07.2023 | Өкмөт “Мегакомду” сатыкка чыгарды - Июль 04, 2023
Өкмөт 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин улутташтырылган “Мегакомду” сатыкка койду. "Фейк" мыйзамын сунуш кылган мурдагы депутаттарга Европага виза бербөө сунушталууда.Грузиянын камактагы экс-президенти Михаил Саакашвилинин тарапташтары анын саламаттыгына тынчсыздануусун айтып чыгышты.
4-7-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 03.07.2023 | Эненин атына катталуу маселеси талаш жаратты - Июль 03, 2023
Аактивист Өндүрүш Токтонасыров улам милицияга суракка чакырылууда. Кыргызстанда баланын документине “атасынын аты” деген жерге апасынын атын жаздыруу боюнча талашка чекит коюлду. Украинадагы соңку кырдаал. Түркияда дайыны табылбай жаткан 20 жаштагы кыргыз кызды издөө иштери уланууда.
3-7-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 27.06.2023 | "Гранд казино" Буркановго таандык экени ачыкка чыкты - Июнь 27, 2023
Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн биринчилерден болуп ачылган казино экс-депутат Арзыбек Буркановдун баласыныкы экени белгилүү болду. Ушул аптада Жогорку Кеңеш эс алууга тарайт. Ооганстанда “Талибан” кыймылы бийликке келген эки жылга чукул убакытта миңден ашуун тургун зомбулуктун курмандыгы болду.
27-6-2023 • 29 minuten, 15 seconden
Кечки радио эфир | 26.06.2023 | "Чет элдик өкүл" долбооруна авторлуктан баш тарткан депутаттар - Июнь 26, 2023
Кыргызстанда бейөкмөт уюмдарга каршы мыйзам долбооруна автор болгон дагы бир нече депутат анын азыркыдай редакцияда кабыл алынышына каршы экенин билдирип чыгышты. Бүгүн, 26-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча алдын ала угуулар уланды.
Орусиядагы куралдуу козголоң аракети жана бул окуянын ошол жакта жашап, иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттарга таасири. Дүйнөлүк прессага баяндама. Кыргызстандагы археология илиминин азыркы абалы.
Орусиядагы аскердик төңкөрүш аракети. Кыргызстанда оппозиционер саясатчы Адахан Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берилди. Орусиядан көчүрүлүп алды деп укук коргоочулар айтып чыккан “чет өлкөлүк өкүл” тууралуу мыйзамдын тегерегиндеги талкуу.
Башкы прокуратура депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартууга уруксат алды. Пакистан кемеде 209 жараны чөгүп кеткенин билдирди. Economist.kg басылмасы Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун активдери бөгөттөлгөнүн жазып чыкты. Бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам ЖК комитетинде 27-июнда каралат.
23-6-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 22.06.2023 | Парламент Байсаловду кызматтан алууну сунуштады - Июнь 22, 2023
Жогорку Кеңеш өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсаловду кызматтан алуу боюнча токтом кабыл алды. Кемпир-Абад иши боюнча соттук териштирүү башталды. Бишкекте кыргыз-немис саясий кызматташтыгы талкууланууда.
22-6-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 21.06.2023 | Кыргызстандагы “Тролль фабрика” жөнүндө иликтөө чыкты - Июнь 21, 2023
"Президент фейктердин колдоосуна муктажбы?" деген иликтөө жарыяланды. Кыргызстанга расмий сапар менен Германиянын президенти келди. Баткендиктердин негизги кирешеси болгон өрүктүн түшүмү быйыл жылдагыдан кыйла жакшы болууда.
21-6-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 20.06.2023 | Темир жол бекетинде чоң өрт чыкты
- Июнь 20, 2023
Шопоков шаарында темир жол бекетинде чоң өрт чыктыОрусия украин аймагына пилотсуз учактар менен жапырт сокку урду. Кемпир-Абад ишине байланыштуу алгачкы алдын ала соттук угуу 22-июнга белгиленди. Суу тартыштыгы фермерлерди кыйнап жатат. Майыптыгы барлардын жүрүшү старт алды.
Кыргызстанда учак билети кымбат болуп жатканы тууралуу маселе парламентте көтөрүлдү. Төө-Ашуу туннелиндеги абал айдоочуларды нааразы кылууда. Украин бийлиги Запорожье облусундагы алгачкы айыл орус күчтөрүнөн тазаланганын маалымдады. 80 проценти авариялык абалда деген маданий жайлардын маселеси.
19-6-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 16.06.2023 | Баткенде үй курган компанияга кылмыш иши козголду - Июнь 17, 2023
Министрлер кабинети Баткендеги чек ара чатагында талкаланган үйлөр курулуп бүткөнүн жарыялады. Орус армиясынын Украинадагы соккуларынан соңку күндөрү 20дай карапайым тургундун өмүрү кыйылды.
Жалал-Абадда бийликти сындаганы үчүн кармалган ишкер Бакыт Борошовдун камакка алынганына эки ай болду. Таласта УКМКнын аймактык башкармалыгынын имараты ачылды. Бул арада коңшу Өзбекстанда диний негизде камоолор көбөйдү. Казакстанда узаган аптада токойду каптаган өрттөн 14 токойчунун өмүрү кыйылды.
17-6-2023 • 29 minuten, 57 seconden
Кечки радио эфир | 15.06.2023 | Кыргызстан чек ара боюнча Тажикстанга сунуш берди - Июнь 16, 2023
Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен акыркы жолугушууда чек ара маселесин чечүү боюнча сунушун бергенин билдирди. Бейшембиге караган түнү Украинанын аймагында аба соккулары тууралуу эскертүү жарыяланып, таңга маал алынды.
15-6-2023 • 29 minuten, 37 seconden
Кечки радио эфир | 14.06.2023 | Кыргызстанда "акылдуу камералар" иштей баштады - Июнь 15, 2023
Соңку он күн ичинде бул система аркылуу КМШ өлкөлөрүндө мамлекет аралык издөө жарыяланган 57 адам аныкталып, милицияга жеткирилди. Орусиянын армиясы Украинага жасаган ракеталык чабуул кеминде алты адамдын өмүрүн алды, ондон ашууну жарадар болду.
14-6-2023 • 29 minuten, 32 seconden
Кечки радио эфир | 13.06.2023 | Жаңы Аскердик доктринанын долбоорунда эмне камтылга н? - Июнь 13, 2023
Коопсуздук кеңеши жана Коргоо министрлиги Кыргызстандын жаңы Аскердик доктринасынын долбоорун иштеп чыкты. Украинанын Днепропетровск облусундагы үйгө тийген орус ракетасы кеминде үч кишинин өмүрүн алды. Бишкекте сөз эркиндиги жана адам укугу талкууланган жыйын болду.
13-6-2023 • 30 minuten, 6 seconden
Кечки радио эфир | 12.06.2023 | Казакстан: Семейдеги өрт 14 токойчунун өмүрүн алды - Июнь 12, 2023
12-июнда Жалал-Абад облусунда Июнь окуясын эскерүү иш-чарасы өттү. Абай районундагы Семей токоюнда 9-июнда чыккан өрт 14 токойчунун өмүрүн жалмады. Депутат Өмүрбек Бакиров өзү шайланып келген Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган соттун чечимине каршы арызданарын билдирди.
12-6-2023 • 30 minuten, 19 seconden
Кечки радио эфир | 11.06.2023 | БУУ: Украинада 700 миңдей киши таза суусуз калды
- Июнь 11, 2023
БУУнун баш катчысынын орун басары Мартин Гриффитс Кахов ГЭСинин дамбасынын жарылуусунан 700 миңдей адам таза суусуз калганын билдирди. Кыргызстанда сырттан каржы алган бейөкмөт уюмдарга «чет өлкөлүк өкүл» деген макам берүү мыйзам долбоорун сунуштаган айрым депутаттар авторлуктан баш тартты.
11-6-2023 • 30 minuten, 18 seconden
Кечки радио эфир | 10.06.2023 | Кумтөр иши: сот Курманбек Бакиев менен кошо алты кишиге чечим чыгарды
- Июнь 10, 2023
Кумтөр иши боюнча Бишкектин Биринчи май райондук соту Курманбек Бакиев менен кошо алты кишиге чечим чыгарды. Европа өлкөлөрүнө барып иштөөгө виза алып берем деген компанияларга алданганын айткандар “Азаттыкка” кайрылды.
10-6-2023 • 29 minuten, 58 seconden
Кечки радио эфир | 09.06.2023 | Сот депутат Бакировдун добушун жокко чыгарды
- Июнь 09, 2023
Кой-Таш аскер бөлүгүндө кызматын өтөп жатып ооруканага түшкөн жоокер ок жегенден тышкары ур-токмокко да кабылганы белгилүү болду. Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыкты. AКШнын экс-президенти Дональд Трампка айып тагылды.
9-6-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 08.06.2023 | Бишкектин суу маселесин чечүүгө 500 миллион сом керек - Июнь 08, 2023
Бишкекте таза суу маселеси курч бойдон калууда, айрым тургундар нааразылыкка чыгып, бул маселе парламентте да көтөрүлдү. “Чет өлкөлүк өкүл” мыйзам долбоорунун коомдук талкуудагы мөөнөтү бүттү. Украин президенти Владимир Зеленский Херсон облусунун суу алдында калган аймагына барды.
8-6-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 07.06.2023 | Кыргыз-казак чек арасында кайрадан узун кезек - Июнь 07, 2023
Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу жүздөгөн машина кезекте турат. УКМК “Бийликти күчтөп басып алууга аракет кылган” деген шек менен кармаган төрт киши бул мекеменин тергөө абагына камакка алынды. ЖК регламентин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Украинадагы кырдаал.
7-6-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 06.06.2023 | Мектепке террорчу уюмдун желегин илген кыздар кармалды - Июнь 06, 2023
Кыргызстанда бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген шек менен 30дан ашуун адам УКМКга жеткирилди. Бишкекке мамлекеттик сапар менен Катардын эмири келди. Кызыл-Кыяда мектепке “Ислам мамлекети” террордук уюмунун желегин илип кеткен окуучу кыздар боюнча териштирүү жүрүп жатат.
6-6-2023 • 30 minuten
Кечки радио берүү | 04.06.2023 | Бишкектин конуштарында суу тартыш - Июнь 05, 2023
Бишкек шаарынын тургундары күн ысыгандан бери таза суу көйгөйү курчуп баратканын айтышууда. Өзгөчө Арча-Бешик, Ак-Ордо, Ак-Жар өңдүү жаңы конуштарда абал оор. Шаар бийлиги тургундардын суу пайдалануусу ысырапкерчилик менен коштолорун билдирип жатат.
Көп сандагы вебкам студия уюштурган деген негизде коомчулукта кызуу талкууга алынып келаткан Даниэл Ажиев кармалганын атайын кызмат билдирди. Бийликти басып алууга аракет кылган деген шектүүлөр жапырт кармалып жатканы кабарланууда. Британияга ишке кете албай жаткандар бийликтен жардам сурады.
5-6-2023 • 30 minuten
Кечки радио берүү | 03.06.2023 | Евробиримдик Бишкекке сөз эркиндигин эске салды - Июнь 03, 2023
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишел менен жолугушту.
3-6-2023 • 29 minuten, 57 seconden
Кечки радио берүү | 02.06.2023 | Орус-украин согушу: Борборазиялыктар тууралуу билдирүү талкуу жаратты - Июнь 02, 2023
“Борбор Азия – Европа Биримдиги” саммити өтүүдө. Укук коргоо уюмдары Европа кеңешин Борбор Азия аймагындагы адам укуктарынын абалын талкуулоого чакырышты. Орусиялык аткаминерлердин Кыргызстандагы тил маселеси, кыргызстандыктардын Украинадагы согуштагы макамы боюнча билдирүүлөрү талкуу жаратууда.
2-6-2023 • 30 minuten
Кечки радио берүү | 31.05.2023 | ТИМ жаш кыздарды өлкөдөн чыгарбоо Конституцияга каршы келерин билдирди - Май 31, 2023
Тышкы иштер министрлиги кыз-келиндерди чет өлкөгө чыгарууга чектөө коюу тууралуу парламентте айтылган сунуш боюнча билдирүү жасады. Башкы прокуратура “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын ли дери Адахан Мадумаровду жоопко тартуу үчүн Жогорку Кеңештен уруксат сурады. Кемпир-Абад иши боюнча тергөө аяктады.
31-5-2023 • 30 minuten, 11 seconden
Кечки радио берүү | 29.05.2023 | Академиянын профессорунун “улуттук крокодил” деген сөзү талкууда - Май 29, 2023
ТИМге караштуу Дипломатиялык академиянын кафедра башчысы Айнур Жоробекова Орусиядагы конференцияда “улуттук крокодил” деп айткан сөзүнө түшүндүрмө берди. Токмоктогу айланма жолдо болгон авто кырсыкта каза болгон сегиз кишинин сөөгү бүгүн, 29-майда Ат-Башы районунда жерге берилди. Түркиянын президенти Тайып Эрдоган 28-майда өткөн шайлоодо кайрадан мамлекет башчылыкка шайланып, бийликтеги жыйырма жылдык мөөнөтүн узартты.
29-5-2023 • 30 minuten, 27 seconden
Кечки радио берүү | 28.05.2023 | Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы аяктады - Май 28, 2023
Серепчилер шайлоону Түркиянын тарыхындагы эң талаштуу шайлоолордун бири деп атап жатышат.
28-5-2023 • 29 minuten, 57 seconden
Кечки радио берүү | 27.05.2023 | Бишкектин вице-мэри бузулган ресторандын чыгымын төлөйбү? - Май 27, 2023
Бишкектеги “Батуми” ресторанын айланасындагы чыр коомчулуктун талкуусуна түшүп, айрымдар УКМКнын кийлигишүүсү ашыкча болгонун, башкалары мэрия мыйзам бузууга барганын айтууда
27-5-2023 • 29 minuten, 57 seconden
Кечки радио эфир | 26.05.2023 | Оппозиционер саясатчынын жубайы кармалды - Май 26, 2023
Абактагы оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева “коррупцияга” шек саналып кармалды. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жакынкы күндөрү чоң аткаминерлер камаларын билдирди. Армения менен Азербайжандын лидерлери Кремлдеги жолугушууда айтыша кетти.
26-5-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 25.05.2023 | "Кемпир-Абад" иши: Абактагылардын мүлкү камалды - Май 25, 2023
Кемпир-Абад маселесине байланыштуу абакта отургандардын айрымдарынын үй-мүлкү камакка алынганы кабарланууда. Орусиянын Украинанын аймагына жөнөткөн ондогон жанкечти дронунун баарын атып түшүрүшкөнүн украин аскерлери билдиришти. Мектептерде акыркы коңгуроо кагылып, кезектеги окуу жылы жыйынтыкталды.
25-5-2023 • 29 minuten, 59 seconden
Кечки радио эфир | 24.05.2023 | Кыргыз-тажик чек арасында дрон учурбоо сүйлөшүлдү - Май 24, 2023
Кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселе талкууланды. Кыргызстандын Дары-дармек департаментинин директору пара алууга шектелип жатат. 2010-жылдагы Апрель жана Июнь окуялары боюнча коомдук комиссия түзүлдү.
24-5-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 23.05.2023 | Бакиевден интервью алган Кошалиев жумуштан кетти - Май 23, 2023
Апрель окуясынын катышуучулары Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин өлкөгө келишине каршы экенин билдирип акцияга чыгышты. Кыргызстанда окуучулар арасында зомбулук маселеси кайрадан талкууга түштү. Ислам халифатын курабыз деп күйөөлөрүн ээрчип Сирияга кеткен кыргызстандык аялдардын өтүнүчү.
23-5-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 22.05.2023 | Кемпир-Абад иши: Абактагылар ачкачылык жарыялашты - Май 22, 2023
Мурдагы президенттер Аскар Акаев жана Курманбек Бакиев боюнча талкуу жаралды. Кемпир-Абад боюнча камакта отургандар аларды улам башка бөлмөгө которуп, басым көрсөтүп жатышканына нааразылык иретинде саясий ачкачылык жарыялашты. Молдовада өлкөнүн европачыл өкмөтүн колдогондор митингге чыгышты.
22-5-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 21.05.2023 | Аскар Акаевдин Кыргызстанга келиши талкуу жаратты - Май 21, 2023
2005-жылы элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн качып чыккан мурдагы президент Аскар Акаев жубайы менен Кыргызстанда жүргөнү коомчулукта кызуу талкуу жаратты. "Кыргызиндустриясы" компаниясы парламентте сынга кабылды. АКШда миграциялык жаңы эрежелер башталды.
21-5-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 20.05.2023 | Кыргыз компаниясы АКШнын санкциясына кабылды - Май 20, 2023
АКШнын санкцияларына кыргызстандык алгачкы компания илингени белгилүү болду. Орусияда кыргыз паспортун саткан жарнама көбөйдү. Ушул темалар жана Борбор Азиядагы соңку апта ичиндеги орчундуу окуялар тууралуу кененирээк.
20-5-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 18.05.2023 | Украинадагы согушта дагы эки кыргызстандык каза болгону такталды - Май 18, 2023
"Азаттык" "Вагнер" жеке аскердик компаниясы аркылуу Украинадагы согушка кетип каза тапкан жаңы эки учурду тактады. Кытай биринчи жолу Борбор Азия лидерлери менен саммит өткөрөт. Бишкектеги турак үйлөрдөгү лифт маселеси Туңгуч кичи районунда адам өлүмү менен аяктаган окуядан соң кайра талкууда.
18-5-2023 • 29 minuten, 34 seconden
Кечки радио эфир | 17.05.2023 | Жамиля Жаманбаева акыйкатчы болуп шайланды - Май 17, 2023
Чүйдүн Дмитриевка айылында террорчулукка шектүү адамды кармоо учурунда атышуу болду.Жогорку Кеңеш бийликчил фракция сунуштаган талапкер Жамиля Жаманбаеваны акыйкатчы кылып шайлады. Oрусиялык аскерлер шаршембиге караган түнү Украинаны кайрадан аткылашты.
17-5-2023 • 29 minuten, 41 seconden
Кечки радио эфир | 16.05.2023 | Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин маеги талкуу жаратты - Май 16, 2023
Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин маеги талкуу жаратты. Жогорку Кеңештин тармактык комитети “Анык эмес (ж алган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун жактырды. Киев шейшембиге оогон түнү ракетадан жапырт аткылоого кабылды.
16-5-2023 • 29 minuten, 25 seconden
Кечки радио эфир | 15.05.2023 | Каржы пирамидасын жарнама кылгандар айыпка жыгылат - Май 15, 2023
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда адамдарга көп суммада зыян келтирип, каржы пирамидасын жалпыга маалымдоо каражаттарынан, интернеттен ачык жарнама кылгандарга жазаны күчөткөн мыйзамга кол койду.
15-5-2023 • 29 minuten, 22 seconden
Кечки радио эфир | 13.05.2023 | Ошто кармалгандардан көп сандагы курал-жарак табылды - Май 13, 2023
Ички иштер министрлиги Ош шаарында кармалган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн көп сандагы курал-жарак табылганын кабарлады. Расмий маалыматка караганда, эки күн мурда акча алмаштыруучу жайды карактап, Кара-Суу районунда автоунаага ок чыгарган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган.
13-5-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 12.05.2023 | Педофилдерге өлүм жазасы керекпи? - Май 12, 2023
Баланы зордуктаган кылмышкерди өлүм жазасына тартуу керекпи? Бул маселе кайрадан мамлекет деңгээлинде талкуулана баштады. Түркияда президенттик шайлоонун алдында талапкерлердин бири жарыштан чыкты. АКШга Мексика аркылуу кирүүгө аракет кылып чек арада турган кыргызстандыктар кантип күн көрүүдө?
12-5-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 11.05.2023 | Конституцияны ө згөртүү маселеси көтөрүлдү - Май 11, 2023
Украина орус армиясы Бахмуттун айрым бөлүктөрүнөн чегинүүгө аргасыз болгонун билдирди. Орус түрмөсүндө жаткан жеринен "Вагнер" аркылуу Украинага барган дагы бир кыргызстандык каза тапты. Кыргызстанда Конституция зарылчылык болсо дагы өзгөртүлүшү мүмкүн экенин парламент жетекчиси билдирди.
11-5-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 10.05.2023 | Парламент элдик курултай мыйзамын талкуулады - Май 10, 2023
“Элдик курултай” мыйзамынын долбоору өзгөртүлүп, анын бир топ ыйгарым укуктары азайганы белгилүу болду. Кыргызстан менен Орусия маалымат коопсуздугун камсыздоо боюнча биргелешкен ишин күчтөндүрөт деп айтылды. Баткенде аткезчиликке шектүү адамдар тобу менен күч кызматкерлери ортосунда жаңжал чыкты.
10-5-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 09.05.2023 | Москва парадга коңшуларын эмнеге чакырды? - Май 09, 2023
Кыргызстан фашисттик баскынчыларга каршы согушта курман болгон жүз миңдеген уул-кызын эскерүүдө. Ал эми Украинага кол салганы үчүн эл аралык коомчулукта баскынчы аталып отурган Орусиядагы Жеңиш парадына Борбор Азия лидерлеринин катышканы түрдүү талкуу га жем таштады.
9-5-2023 • 30 minuten
Кечки радио эфир | 08.05.2023 | Жапаровдун Москва сапарында орус тил маселеси көтөрүлдү - Май 08, 2023
Президент Садыр Жапаровдун Москва сапарында Кыргызстандагы орус тил маселеси көтөрүлдү. Маалымат каражаттарын чектөөнү сунуштаган аткаминер “Манас” ордени менен сыйланды. Украина 8-майды «Эскерүү жана Экинчи дүйнөлүк согуштагы нацизмди жеңүү күнү» деп белгилеп жүрмөй болду.
8-5-2023 • 30 minuten
Кечки радио берүү | 06.05.2023 | Кыргыз жарандыгын алган орус үлкөндөрү - Май 06, 2023
Кыргызстандын жарандыгын алган орусиялыктардын катарында Мамлекеттик Думанын депутатынын үй-бүлөсү, жергиликтүү депутаттар, спортсмендер, ишкерлер да бар
6-5-2023 • 31 minuten, 51 seconden
Кечки радио берүү | 5.05.2023 | Орусиялык депутат Юрий Петровдун үй-бүлөсү кыргыз жарандыгын алганбы?
- Май 05, 2023
“Хроники” долбоору былтыр декабрдын аягында Мамдуманын депутаты Юрий Петровдун жубайы жана балдары кыргыз жарандыгын алышканын билдирди. Кыргызстанда Баш мыйзамдын кабыл алынганынын 30 жылдыгы белгиленүүдө. Туристтик сезондун алдында “Туризмди өнүктүрүү фонду” ишканасынын айланасында чыр күчөдү.
5-5-2023 • 30 minuten, 17 seconden
Кечки радио берүү | 4.05.2023 | ТИМ Кытай менен визасыз режимди сүйлөшүп жатканын билдирди - Май 04, 2023
Кыргызстан Кытай менен визасыз режим киргизүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө. Кыргызстандын Конституциясынын кабыл алынганына 30 жыл болду. Эки күн тынымсыз жааган кардын кесепетинен Нарындын Ат-Башы жана Ак-Талаа районундагы малчылар оор абалга кептелди.
4-5-2023 • 30 minuten, 21 seconden
Кечки радио берүү | 3.05.2023 | Кыргызстан басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде 50 сап артка кетти - Май 03, 2023
Кыргызстан басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга түшүп, 122-сапка жайгашты. Жогорку Кеңеш акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан алды. Аймактык реформанын алкагында айыл өкмөттөрдү бириктирүү иштерине Жумгалдыктар нааразы болууда.
3-5-2023 • 32 minuten, 18 seconden
Кечки радио берүү | 1.05.2023 | "Бүтүн Кыргызстандын" өкмөттү таратуу боюнча сунушу четке кагылды
- Май 02, 2023
“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын Министрлер кабинетинин толук курамын кызмат орундарынан бошотуу сунушун парламенттин тармактык комитети карап, четке какты. Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта жаткан саясатчы, активисттердин бөгөт чарасын кароо уланды.
2-5-2023 • 29 minuten, 10 seconden
Кечки радио берүү | 1.05.2023 | Тенгиз Бөлтүрүк акча төлөп абактан чыкты - Май 01, 2023
“Кумтөр Голд К омпани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк мамлекетке келтирилген зыянды төлөп берип, үй камагына чыкты. Мындан туура эки жыл мурун кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш чыгып, андан 36 кыргызстандык курман болгон. Бүгүн расмий Ташкент жекшембиде өткөн референдумда добуш берүүгө келгендердин 90,21% конституциялык өзгөртүүлөрдү колдогонун ачыктады.
1-5-2023 • 30 minuten, 5 seconden
Кечки радио берүү | 30.04.2023 | Жети жаштагы кыздын өлүмүнө айылдашы шек саналууда - Апрель 30, 2023
Нарын районунун Орто-Нура айылында жети жаштагы Аруукенин кыйноо белгилери аныкталган сөөгү эч ким жашабаган үйдөн табылды. Үрөй учурган бул окуя балдардын коопсуздугу, зомбулук көйгөйүн күн тартибине чыгарды.
30-4-2023 • 29 minuten, 57 seconden
Кечки радио берүү | 29.04.2023 | "Сөз эркиндигине олуттуу сокку". “Азаттык” боюнча билдирүүлөр - Апрель 29, 2023
Эл аралык уюмдар, медиа өкүлдөр, журналисттер “Азаттык Медиа” мекемесин жабуу боюнча соттун чечимин айыптап, кыргыз бийлигин сөз эркиндигине басымды токтотууга чакырды
29-4-2023 • 29 minuten, 57 seconden
Кечки радио эфир | 28.04.2023 | Ленин округу: талапкерликке 50дөй адам арыз берди - Апрель 28, 2023
Бир катар эл аралык уюмдар “Азаттык Медиа” мекемесин жабуу боюнча соттун ч ечимин айыптап, кыргыз бийлигин сөз эркиндигине басымды токтотууга чакырды. Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаттыгына № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке катталуу үчүн арыз тапшыргандар 49 адам болду.
28-4-2023 • 30 minuten, 14 seconden
Кечки радио эфир | 27.04.2023 | Сот "Азаттык Медиа” мекемесин жабуу чечимин чыгарды - Апрель 27, 2023
Бишкектин Ленин райондук соту “Азаттык” медиа мекемесин жабуу чечимин кабыл алды. Украина бийлиги бейшембиге караган түнү орус армиясы Николаев шаарын ракеталардан аткылаганын билдирди. Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин Шакиевге "чет элдик агент" ишинде Москванын тажрыйбасын сунуштады.
27-4-2023 • 29 minuten, 49 seconden
Кечки радио эфир | 26.04.2023 | Судандагы жаңжалда каза болгондор 450-600 кишиге жетти
- Апрель 26, 2023
Ондогон өкмөт куралдуу жаңжал күчөп бараткан Судандагы жарандарын алып чыгууга аракеттенүүдө. Маданият министрлигинин “Азаттык Медиа” мекемесинин маалымат каражаты катары ишмердигин токтотуу тууралуу арызын караган сот отуруму уланды. Орусиянын абактарында отурган кыргыз жарандарынын жакындары бийликке кайрылып, жабык жайдагыларды өз мекенине экстрадициялоону талап кылышууда.
26-4-2023 • 30 minuten, 15 seconden
Кечки радио эфир | 25.04.2023 | Садыр Жапаров Москвадагы парадга катышат - Апрель 25, 2023
Президент Садыр Жапаров расмий сапары менен Москвага барып, аскердик парадга да катышары маалым болду. АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча орун басары Дональд Лу Кыргызстанга келип, бир катар жолугушууларды өткөрдү. Кыргыз өкмөтү Бишкектеги ыштын келип чыгыш себептерин иликтей турган ведомстволор аралык комиссия түзөрүн билдирди.
25-4-2023 • 30 minuten, 6 seconden
Кечки радио эфир | 24.04.2023 | Чек арада кармалган алтындын чоо-жайы
- Апрель 24, 2023
Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев чек арадан кармалган 84 кг алтын боюнча түшүндүрмө берди. Президенттик администрация Башкы прокуратурадан тергөө укугун алып, аны УКМК менен ИИМге берүүнү сунуштады. Украинанын аскерлери Бахмуттагы стратегиялык позицияларын сактап турат.
24-4-2023 • 30 minuten, 12 seconden
Кечки радио эфир | 21.04.2023 | Бишкектеги жол кырсыгында жараат алган балдардын саны 24кө жетти - Апрель 21, 2023
Президент Садыр Жапаров латын арибине өтүүгө эрте экенин билдирди. 20-апрелде Бишкек шаарындагы ири жол кырсыгында жабыр тарткан балдардын саны 24кө жетти. Орусияда окуган казакстандык студенттин жакындары аны вагнерчилер өз катарына күчтөп жалдап, Украинадагы согушка жөнөтүшкөнүн айтышты.