Winamp Logo
Соңку жаңылыктар - Азаттык үналгысы Cover
Соңку жаңылыктар - Азаттык үналгысы Profile

Соңку жаңылыктар - Азаттык үналгысы

Russian, Political, 1 season, 422 episodes, 1 day, 1 hour, 34 minutes
About
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 04.12.2023 | ККМге каршы акциялар уланды

Базарларда соодагерлер ККМге каршы нааразылык акцияларын улантууда. Бишкекте активист Ырыс Жекшеналиевдин соту аяктады. Газадагы соңку кырдаал.
12/4/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 26.11.2023 | Орусияда дрон чабуулунан улам аэропорттордун иши токтоп, кайра жанданды

Орусиянын абадан коргонуу күчтөрү жекшембиге оогон түнү Москвага чабуул койгон бир нече учкучсуз аппараттарды атып түшүргөнүн, жабыркагандар жок экенин шаар мэри Сергей Собянин билдирди. Ал арада Москванын "Внуково" жана" Домодедово " аба майдандары ишин убактылуу токтоткону белгилүү болду.
11/26/202329 minutes, 59 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 25.11.2023 | Газа тилкесинен эки кыргызстандык эвакуацияланды

Кыргызстандыктар 24-ноябрь күнү алар Газадан Египет аркылуу Каир-Москва каттамы менен Москвага жеткирилип, мейманканага жайгаштырылды.Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 25-ноябрда билдирди.
11/25/202330 minutes, 29 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 24.11.2023 | Фейсбуктагы пикири үчүн кармалган пенсионерге 50 миң сом айып салынды

Таш-Көмүр шаарынын 70 жаштагы тургуну, пенсионер Салия Таштанованын иши боюнча Жалал-Абад шаардык соту 22-ноябрда өкүм чыгарып, ага 50 миң сом айып салды.
11/24/202330 minutes, 8 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 23.11.2023 | Мадумаровдун эки тарапташы соттолду

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөлөрү Асылбек Замирбек уулу менен Иса Таштановго чыгарылган өкүм боюнча апелляциялык арыз Чүй облустук сотунда 4-декабрда каралат. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.
11/23/202330 minutes, 29 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 21.11.2023 | Ошто Көлбаев жана Матраимовго байланышы бар делген жетекчилер кызматтан кетти

[17:41] Tumonbai Abdinabi Uulu Ошто Көлбаев жана Матраимовго байланышы бар делген бир нече жетекчи кызматтан алынганы белгилүү болду. Алардын арасында президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары жана Кара-Суудагы жетекчилер бар. Алар мындай байланышты четке кагышууда.
11/22/202330 minutes, 36 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 21.11.2023 | Токтогул ГЭСиндеги жоокердин өлүмүнө шектүү кармалды

Ички иштер министрлиги Кара-Көл шаарында Токтогул ГЭСин кайтарып турган жоокерди атып өлтүрүүгө шектелген жоокер кармалганын билдирди. Каза болгон 20 жаштагы жоокер Өзгөн районунун Зергер айылында жерге берилди.
11/21/202330 minutes, 33 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 20.11.2023 | Сот Эртай Искаковго 50 миң сом айып салды

20-ноябрда Сокулук райондук соту Чүйдүн Селекция айылындагы жол тосууга айыпталып кармалгандар боюнча өкүмүн чыгарды. Блогер Эртай Искаковго 50 миң сом айыппул салынды, ал эми ушул айылдын тургундары Бакыт Балбаевге жана Бактыбек Бекболотовго 100 күндүк коомдук жумушка тартуу жаза чарасы чегерилди.
11/20/202330 minutes, 5 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 19.11.2023 | Президент Жапаров УКМК төрагасы Ташиевди кайтарууну күчөттү

Президент Жапаров УКМКнын төрагасы Ташиевди кайтарууну күчөттү. Евробиримдик Кыргызстанга "чет элдик өкүл" мыйзамы кабыл алынса донор уюмдар менен кызматташууга терс таасири тиерин дагы бир жолу эскертти. Орусиядан быйыл тогуз айда эки миңдей кыргыз жараны депортация болду. Газадагы абал.
11/19/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 18.11.2023 | Орусияда “Вагнердин” ордун баскан “Редут” согушка мигранттарды азгырууда

УКМК төрагасы Камчыбек өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун жана депутат Акылбек Түмөнбаевдин Камчы Көлбаевге байланышы аныкталса жоопко тартыларын айтты. Кароколдо бир айда өспүрүм кыздар жоголуп, кайра табылган үч окуя катталды. Орусияда “Вагнердин” ордун баскан “Редут” согушка мигранттарды азгырууда.
11/18/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 17.11.2023 |Ташиев Көлбаев менен Матраимовго байланышы бар 70тен көп адам кызматтан алынганын айтты

Ташиев Көлбаев менен Матраимовго байланышы бар 70тен көп адам кызматтан алынганын айтты. Прокуратура студент Ырыс Жекшеналиевди жети жылга эркинен ажыратууну сурап жатат. Кыргызстандын Жапония менен кызматташтыгы талкууланууда.Газа тилкесиндеги соңку кырдаал.
11/17/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 16.11.2023 | АКШнын жана Кытайдын лидерлери жолугушту

Камчы Көлбаевдин "өкүл атасы” деп айтылган Азим Ройго сыртынан айып тагыгып, издөө жарыяланды. Көлбаев менен байланышта болгон деген шек менен Өзгөндүн мэри кармалды. АКШнын жана Кытайдын лидерлери жолугушту. Саясий, коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев 82 жаш курагында дүйнө салды.
11/16/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 15.11.2023 | Көлбаевдин өкүл атасы Азим Ройго издөө жарыяланды

УКМКнын атайын операциясында өлтүрүлгөн Камчы Көлбаевдин өкүл атасына издөо жарыяланды. Кыргызстанда паранжы жамынып жүрүүгө жана узун сакал коюуга тыюу салуу сунушталууда. Экс-депутат Жаныбек Бакчиев кармалды. Газадагы соңку кырдаал. “Ихсан" кооперативине байланыштуу соттук териштирүү жүрүүдө.
11/15/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 14.11.2023 | Ош шаардык кеңешинин депутататтары мэрге ишенбөөчүлүк көрсөттү

Ошто шаар депутаттары мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүп чыгышты, мэр Жетигенов буга жеке кызыкчылыктар себеп деп билдирди. Бишкекте кезектеги "Мекендештер" форуму өттү. Орусиянын Коргоо министрлиги көзөмөлдөгөн “Редут” мигранттарды Украинадагы согушка тартууда. Газадагы соңку кырдаал.
11/14/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 13.11.2023 | Орусиядагы мигранттарга каршы рейддер: 1900 кыргызстандык депортация болду

Орусиядан быйыл тогуз айда 1900 кыргыз жараны депортация болду. Ал арада Орусия Украинага согуш ачкандан бери Борбор Азия аймагынын геосаясий ролу, орду өзгөрдү. Газадагы соңку кырдаал. Абактагы саясатчы Адахан Мадумаровдун ишине байланыштуу үч киши суракка чакырылды.
11/13/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 12.11.2023 | Садыр Жапаров Кыргызстан Газага жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди

Президент Садыр Жапаров 11-ноябрда Эр-Рияд шаарында Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз самиттинде Кыргызстан Газага жардам көрсөтүүгө даяр экенин айтты.
11/12/202329 minutes, 53 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 11.11.2023 | Иликтөө: Бакиев Беларуста эки башка паспорт алган

"Альянс расследователей Беларуси" иликтөөчүлөр тобу Беларуста качып жүргөн Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев ал өлкөдө башка ысым менен экинчи паспорт алганы тууралуу видео жарыялашты.
11/11/202330 minutes, 4 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 10.11.2023 | Кыргызстан Кытай түрмөлөрүндөгү жарандарын кайтаргысы келет

Кытайдын түрмөлөрүндө жазасын өтөп жаткан кыргызстандыктарды мекенине которуу маселеси көтөрүлгөнүн 9-ноябрда Башкы прокуратура билдирди. Кытайдын башкы прокурору Ин Юн менен жолугушууда Кытайда эркинен ажыратылган кыргыз жарандарын Кыргызстанга которуу маселелери да көтөрүлгөнү маалымдалды.
11/10/202329 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 09.11.2023 | Акылбек Жапаров Көлбаевдин апасынын тоюна эмнеге барган?

Президенттин маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасы Майя Алиеванын тоюна катышканы тартылган видео боюнча комментарий берди. Орунбеков ал видео эски экенин Фейсбукка жазды.
11/9/202329 minutes, 45 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 07.11.2023 | Сөз эркиндиги: журналисттер коңгуроо кагышууда

Кыргызстанда маалымат жана басма сөз күнү белгиленүүдө. Быйыл бул күн Кыргызстанда журналисттерге басым күчөп, медианы чектөөгө багытталган мыйзам долбоорлор сунушталган учурга туш келди. Буга байланыштуу 7-ноябрда өлкөдөгү бир нече медиа уюмдар бийликке кайрылып, онлайн акцияларды уюштурду.
11/7/202330 minutes, 10 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 06.11.2023 | Төө-Ашуудагы өрт: айдоочунун өмүрүн сактаган эки милиция кызматкери каза тапты

Бишкек-Ош автожолундагы Төө-Ашууда өрт кырсыгына кабылгандарга жардам берем деп өздөрү да жабыркаган милиция кызматкерлеринин экинчиси да эсине келбей көз жумду.
11/6/202329 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 27.10.2023 | Мектептин ата-энелер фонду жоюлгандан кийинки көйгөйлөрү - Октябрь 27, 2023

ЕАЭБ маселелери Бишкекте талкууланды. Кытай-Кыргызстан мамилеси боюнча 12 документке кол коюлду. Газадагы соңку кырдаал. Ата-эне мектепке акча чогултпашы керек деген талап коюлгандан бери мектептерде айрым маселе жаралууда. Эл артисти Сталбек Алмасбековдун 70 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү.
10/27/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 26.10.2023 | Президенттин иниси үй камагына чыкты - Октябрь 26, 2023

ШКУнун өкмөт башчыларынын кезектеги саммити Бишкекте өттү. Президенттин иниси үй камагына чыкты. Жаңы курулуп жаткан көп кабат үйлөрдүн коопсуздугу боюнча маселе кайрадан көтөрүлдү. Израил Газага абадан сокку урууну күчөттү. Тууну өзгөртүү боюнча талкууга президент да пикирин билдирди.
10/26/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 25.10.2023 | "Кумтөрдөгү" коррупция: Үч киши айыпка жыгылды - Октябрь 25, 2023

“Кумтөрдөгү” коррупция боюнча негизги айыпталуучулардын ичинен үч кишиге соттун өкүмү чыкты. “Чет элдик өкүл” мыйзамы биринчи окууда кабыл алынды. Жакынкы Чыгыштагы соңку кырдаал. Кыргызстанда аялдарга карата зомбулукту токтотууга арналган акция өтүүдө. Өлкөдө кызылча оорусу жайылып жатат.
10/25/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 24.10.2023 | Ош: Күйөөсү бычактаган келин сот чечимине нааразы - Октябрь 24, 2023

Кыргызстан Кытай менен карым-катнашын арттыра баштады. Соңку апталарда бир нече судья кармады. Израил Газа секторуна 400дөн ашуун сокку урганын билдирди. Ошто күйөөсү бычактап, оор абалда ооруканага жатып чыккан келин соттун чечимине нааразы болууда.
10/24/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 22.10.2023 | Сириядан дагы 21 аял, 62 бала Кыргызстанга кайтарылды - Октябрь 22, 2023

"Айкөл-3" гуманитардык миссиясынын алкагында 22-октябрда Сириядан Кыргызстанга дагы 21 аял жана 62 бала алып келинди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) маалымдады.
10/22/202330 minutes, 8 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 21.10.2023 | Бишкекте Газадагы согушту токтотууга чакырган акция өттү - Октябрь 21, 2023

21-октябрда 100дөн ашык адам Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчада Газа тилкесиндеги палестиндерди колдоо акциясын өткөрдү. Алар “Согушка жол жок” деп жазылган плакаттарды көтөрүп чыгып, Газанын тургундарына жардам берүү үчүн атайын эсеп ачуу демилгесин көтөрүштү.
10/21/202329 minutes, 45 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 20.10.2023 | Казакстанда милиция Өзбекстандын 60тан ашуун жаранын кулчулуктан куткарды - Октябрь 20, 2023

Казакстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери Чымкенттеги кыш заводунда мыйзамсыз эксплуатацияланып жүргөн 60тан ашуун өзбек жаранын бошотту.
10/20/202330 minutes, 2 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 19.10.2023 | Египет Газа тилкесине гуманитардык жардам киргизүүгө уруксат берди - Октябрь 19, 2023

19-октябрга караган түнү Египет Газа секторуна гуманитардык жардам жеткирүү үчүн туруктуу коридор ачыларын жарыялады. Жүк Рафах чек ара текшерүү пунктунан өтүп турмакчы.
10/19/202330 minutes, 4 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 18.10.2023 | УКМК Көлбаев жана Матраимов менен байланышы бар 50дөй бажычы иштен алынганын билдирди - Октябрь 18, 2023

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Камчы Көлбаев жана Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов менен байланышта болгон 50гө жакын бажы кызматкери иштен бошотулганын билдирди.
10/18/202329 minutes, 19 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 16.10.2023 | Жапаров Көлбаевдин өлтүрүлүшүнүн мыйзамдуулугун прокуратура текшерерин айтты - Октябрь 17, 2023

Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) өлтүрүлүшү боюнча операция мыйзамдуу болгонбу же жокпу, Аскер прокуратурасы териштирип чыгарын президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде билдирди.
10/17/202329 minutes, 25 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 08.10.2023 | Жакынкы Чыгыш: Израил ХАМАСка каршы операция баштады - Октябрь 09, 2023

ХАМАСтын Израилдин түштүгүнө жасаган чабуулунан каза тапкандардын жана жараат алгандардын саны өсүп жатат. Палестина тарап да Израилдин ХАМАСка каршы операциясынын натыйжасында набыт болгондор жана жаракат алгандар тууралуу улам жаңыртылган маалымат таратууда.
10/9/202329 minutes, 48 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 05.10.2023 | Кыргызстанда кызылча жуккан балдар көбөйдү - Октябрь 08, 2023

Кыргызстанда кызылча (корь) жуккан балдардын саны 2-октябрга карата 2469га жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты чыңдоо республикалык борбору кабарлады. Август айында оору жугуп катталгандардын саны 1700 болчу.
10/8/202330 minutes, 4 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 07.10.2023 | "АЮ" компаниясынын директору кармалды - Октябрь 07, 2023

"АЮ" компаниясынын директору, издөөдө жүргөн Тыныбек Исаев бир нече күн мурун кармалып, камакка алынды. Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы ырастап, аны менен кошо издөөгө алынган дагы бир жаран кармалганын билдирди.
10/7/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 04.10.2023 | Чоң-Алай, Ноокатта тынч жыйындарга тыюу салынды - Октябрь 04, 2023

Ош облусуна караштуу Ноокат районунда дагы митингдерге, тынч жыйындарга чогулууга соттун чечими менен эки айга тыюу салынды. Мунун алдында Чоң-Алай районунда дагы коомдук жайларда митинг, пикет жана тынч акцияларды өткөрүүгө тыюу салынган.
10/4/202329 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 02.10.2023 | Рахмонго жумуртка ыргыткан активисттердин жакындары кармалды - Октябрь 02, 2023

29-сентябрда Берлиндеги акцияга чыккан тажик оппозициясынын чет жактагы өкүлдөрү Тажикстандагы туугандарын коопсуздук органдары кармап, суракка алганын билдирип жатышат.
10/2/202330 minutes, 16 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 01.10.2023 | Бишкекте шаурмадан жапырт уулануу болду - Октябрь 01, 2023

Бишкекте 21 адам шаурмага ууланып, алардын 15и ооруканага жаткырылды. Кыргыз-казак кызматташтыгын талкуулаган жыйындардан соңку кезде бир нечеси өттү. Армения Азербайжанга каршы Бириккен Улуттар Уюмунун эл аралык сотуна кайрылды. Өзгөндө тынч жыйындарга тыюу салынды.
10/1/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 30.09.2023 | Митингдерди чектеген чечимдин мөөнөтү дагы узарды - Сентябрь 30, 2023

Бишкекте митинг-пикеттерге тыюу салган чечимдин мөөнөтү дагы узарды. Орусияда мигрант аялдарды Украинадагы согушка азгырган аракет күчөдү.Пробация деген негизде абактан бошонуп чыгып жаткандар арасында бала зордуктаган кылмышкерлер көп экени парламентти айтылып, мыйзамды өзгөртүү сунушталды.
9/30/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 29.09.2023 | Борбор Азия - Германия кызматташтыгы талкууланууда - Сентябрь 29, 2023

Германия жана Борбор Азия чөлкөмү, анын ичинде Кыргызстан бири-бирине эмнеси менен кызык жана пайдалуу? Башкы прокуратура сейфте далил буюм катары сакталып турган 762 миң доллар дайынсыз болгон окуя боюнча түшүндүрмө берди. Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгына арналган эл аралык театр фестивалы өттү.
9/29/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 28.09.2023 | Конституциялык соттун чечимдерин кайра карап чыгууга жол ачылды - Сентябрь 28, 2023

Конституциялык соттун чечимдерин эми кайра карап чыкса болот деген мыйзам долбоору парламентте талкуусуз кабыл алынды. Парламент күз-кыш мезгилине даярдыкты өкмөт башчысыз кароодон баш тартты. Бишкекте айрым сабактар боюнча мугалим жетишсиз болгон маселе дагы эле чечиле элек.
9/28/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 27.09.2023 | Тоют тартыштыгы курч көйгөйгө айланды - Сентябрь 27, 2023

Кыргызстанда тоют маселеси быйыл курч көйгөй болуп жатат. Эки судья ири өлчөмдө пара алууга шектелип жатышат. Мадумаровдун иши тергелип бүттү. Орус армиясы Украинанын Херсон облусуна абадан сооку урду. Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде ондогон жүк ташуучу машина кезек күтүүдө.
9/27/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 26.09.2023 | Өзбекстанда дарыга уулангандардын саны өсүүдө - Сентябрь 26, 2023

Инвестордон пара талап кылган деп шектелгендер кармалды.“Клооп” басылмасы боюнча соттук угуу кийинки аптага калды. Тоолуу Карабакта май сакталган кампадагы жарылууда ондогон киши набыт кетти.Өзбекстанда дарыга ууланган балдардын саны өсүүдө.
9/26/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 25.09.2023 | "Бүтүн Кыргызстандын" мүчөсү кармалды - Сентябрь 25, 2023

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулу камакка алынды. Бишкекте “Бардык маселелерди диалог аркылуу чечели” жыйыны үзгүлтүккө учурап кала жаздады. Тоолуу Карабактан Арменияга беш миңдей адам жер которду. Кыргызстанда көпчүлүк аймактарда тоют жакшы болбой калды.
9/25/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 23.09.2023 | Камактагы Адахан Мадумаров башка иш боюнча ИИМге сурак берди - Сентябрь 23, 2023

Камактагы Адахан Мадумаров башка иш боюнча ИИМге сурак берди. 23-сентябрда Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын кабыл алынганына 34 жыл болду. «Чек арасыз дарыгерлер» эл аралык уюму Баткенде чек арага жакын жашаган айыл тургундарына психологиялык жардам көрсөттү.
9/23/202329 minutes, 58 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 22.09.2023 | Селекцияда бычакталган келин боюнча эл аралык уюмдар билдирүү жасады - Сентябрь 22, 2023

Human Rights Watch Сокулукта бычакталган келин боюнча билдирүү жасады. Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттап жатат. АКШ Украинага дагы 325 миллион долларлык аскердик жардам берерин билдирди.Ак-Талаанын Ак-Тал айылындагы мектеп маселеси. Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионаты.
9/22/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 21.09.2023 | Тоолуу Карабак: Ок атышууну токтотуу макулдашылды - Сентябрь 21, 2023

Чүйдө күйөөсү аялын мыкаачылык менен бычактады. Айгүл Жапарованын фонду Кытай элчилигинен алган каражат боюнча иликтөө. Бакунун өкүлдөрү менен жикчил Тоолуу Карабактын делегациясынын жолугушуусу аяктады. БУУнун алдында борборазиялык активисттердин акциясы өттү. Спортто ийгилик жараткан кыздар.
9/21/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 20.09.2023 | Кыргызстанда нан кескин кымбаттады - Сентябрь 20, 2023

Нью-Йоркто АКШ - Борбор Азия саммити өттү. Жогорку Кеңеште Адахан Мадумаров боюнча депутаттык комиссия түзүлбөй калды. Тоолуу Карабак жикчил аймагынын өкүлдөрү ок атышуу токторун билдиришти. Кыргызстанда нан, ун кескин кымбаттады. Айпери Медет кызы Париж Олимпиадасына жолдомо алды.
9/20/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 19.09.2023 | Борбор Азия–АКШ кызматташтыгы жаңы форматта талкууланууда - Сентябрь 19, 2023

Нью-Йоркто АКШ-Борбор Азия саммити уюштурулууда. Азербайжан жикчил Тоолуу Карабакта «антитеррордук» операция баштаганын билдирди. "Чет элдик өкүл" мыйзамы ЖК комитетинде каралбай калды. КВНчи Элдияр Кененсаровдун “Кыргыз жана казак демократиясы жок эле жашап келген” деген сөзү ачуу сынга кабылды.
9/19/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 18.09.2023 | Түркия: Кыргызстандык учкучтардын өмүрүн алган кырсык - Сентябрь 18, 2023

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасына байланыштуу тарыхый документ маселесин көтөрдү. Түркияда өрт өчүрүүчү учакта иштеген кыргызстандык учкучтар кырсыкка кабылышты. Орусияда мигранттар эмгектенген базарга каршы митинг өттү. Жаңыдан асфальт төшөлгөн Ош-Ноокат жолу коомдун талкуусуна алынууда.
9/18/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 16.09.2023 | Түркияда кулаган өрт өчүрүүчү тик учакта үч кыргызстандык болгон - Сентябрь 17, 2023

Түркияда өрт өчүрүүгө тартылган тик учак кырсыкка кабылып, ичиндеги кыргыз жараны ооруканага түштү, дагы экөө дайынсыз болууда. Кыргызстандагы 120 бейөкмөт уюм Жогорку Кеңешти "чет элдик өкүл" мыйзамын кабыл албоого чакырды.
9/17/202330 minutes, 2 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 16.09.2023 | Чек ара: Бишкек менен Дүйшөмбү мунаса таба элек - Сентябрь 16, 2023

Бишкек менен Дүйшөмбү чек араны тактоо боюнча мунаса таба элек. Санарип өнүктүрүү министри “Дастан” ишканасын жана «Евразия сактык банкын» кайрадан Мүлк фондуна өткөрүп берерин билдирди. Кызыл-Кыяда кутурган ит капкан сегиз адам ооруканага жаткырылды.
9/16/202330 minutes, 28 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 9.09.2023 | Кайра шайлоо: добуш бергендер аз болду - Сентябрь 10, 2023

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, Ленин округундагы кайра шайлоодо 20 миң 169 адам добуш берди. Бул жалпы 127 миң 239 шайлоочунун 15,85% түзөт.
9/10/202329 minutes, 8 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 9.09.2023 | Өкмөт элди электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды - Сентябрь 09, 2023

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргызстандыктарды күз-кыш мезгилинде электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды.
9/9/202330 minutes, 6 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 8.09.2023 | Литвадан унаа ташыган кыргыз ишкерлер чек арадан өтө албай турат - Сентябрь 08, 2023

Литвадан автоунаа ташыган кыргызстандык ишкерлер чек арадан өтө албай калганын айтып, кыргыз бийлигине кайрылды. Министрлер кабинетиндеги соңку өзгөрүүлөр жалпы кадр саясаты тууралуу сын-дооматты күчөттү. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги саясатчы Равшан Жээнбеков тууралуу кабарды kloop.kg сайтынан эки күндүн ичинде өчүрүүнү талап кылууда.
9/8/202329 minutes, 54 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 6.09.2023 | Парламентте Конституциялык соттун судьяларын кетирүү сунушталды - Сентябрь 06, 2023

Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев “матроним” маселеси боюнча түшүндүрмө берген Конституциялык соттун төрагасы жана анын бардык мүчөлөрүн өз арызы менен кызматтан кетишин талап кылды.
9/6/202329 minutes, 58 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 5.09.2023 | Бишкек мэриясы жол кирени көтөрүүнү сунуштады - Сентябрь 05, 2023

Бишкек шаардык мэриясы калаадагы коомдук транспорттун жол киресин көтөрүүнү сунуштап жатат.
9/5/202329 minutes, 19 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 4.09.2023 | "Жунхайдын" соодагерлери нааразылыкка чыкты - Сентябрь 04, 2023

Бишкектин четиндеги “Жунхай” базарынын соодагерлери кампаларын ачуу талабын коюп, иш ташташканын билдирди. “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы лидери Адахан Мадумаровдун кармалышынын мыйзамдуулугун кароо жана кылмыш ишинин акыйкат тергелишин талап кылышууда.
9/4/202330 minutes, 24 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 31.08.2023 | Украинанын Запорожье облусунда айыгышкан салгылаш күч алды - Август 31, 2023

Украинанын түштүк-чыгышындагы Запорожье облусунда айыгышкан салгылаш күч алды. Быйыл Кыргызстандагы Эгемендик майрамы Ош шаарында белгиленди. Кыргыз эл артисти, таанымал композитор жана жазуучу Сталбек Бактыгулов 69 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
8/31/202329 minutes, 52 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 30.08.2023 | Украинадагы согушка катышкан кыргызстандыктын иши кайра каралат - Август 30, 2023

Жогорку Сот Украинадагы согушка катышкан жарандын ишин кайра кароого жөнөттү. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда Тик Токту колдонууга тыюу салган чечим кабыл алды. 30-августта Сириядан кыргызстандык 31 аял жана 64 бала алып келинди.
8/30/202330 minutes, 11 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 29.08.2023 | Жалал-Абадда "Барселонанын" футбол академиясы ачылды - Август 29, 2023

Жалал-Абад шаарында “Барселонанын” академиясы ачылып, ага каталондук клубдун легендалары, президенти Жоан Лапорта жана Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү катышты. Кыргызстанда медиа коомчулук прокуратуранын “Клооп” басылмасын жоюу боюнча сотко кайрылганын сындап жатат.
8/29/202329 minutes, 49 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 28.08.2023 | Прокуратура "Клооп" басылмасын жоюу боюнча сотко кайрылды - Август 28, 2023

Бишкек шаардык прокуратурасы Бишкектин Октябрь райондук сотуна “Клооп” басылмасын жоюу боюнча арыз жазды. Журналисттик иликтөөлөрдө аты аталып жүргөн Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Бишкекте муфтияттын жаңы имаратынын ачылышына катышканы талкууга түштү.
8/28/202329 minutes, 36 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 27.08.2023 | Журналисттик иликтөө, Конев менен Рустам Жапаровдун байланышы - Август 27, 2023

Рустам Жапаровдун журналисттер жарыялаган иликтөөдөгү ишкананын жетекчиси менен байланышы бар экенин ырасталды. Бийликти ачык сындап жүргөн, өткөн аптада "жапырт башаламандыкка чакырган" деген айып менен камакка алынган Олжобай Шакир деген ким? Нарындын Ак-Тал айылындагы мектепке даярдык.
8/27/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 25.08.2023 | Кыргыз-казак чек арасындагы тыгын маселеси чечиле элек - Август 25, 2023

Бишкекте Кыргызстандын Европа Биримдиги менен кызматташтыгы талкууланууда. Кыргыз-казак чек арасында жүк ташыган машиналардын тыгыны азая элек. Бийликти ачык сындап жүргөн, "жапырт башаламандыкка чакырган" деген негизде кармалган публицист Олжобай Шакирдин бейнеси.
8/25/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 24.08.2023 | Бийликти сындаган жазуучу Олжобай Шакир кармалды - Август 24, 2023

Социалдык түйүндөр аркылуу бийликти сындаган пикирин ачык билдирип жүргөн жазуучу Олжобай Шакир кармалды. Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршылыгын билдирип жүрүп камакка алынгандар абакта ачкачылык жарыялашты. Кыргыз-казак чек арасында тыгын жоюла элек.
8/24/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 23.08.2023 | Кыргыз паспортун алган орусиялыктар көбөйгөнү айтылууда - Август 23, 2023

Кыргыз-казак чек арасындагы тыгын маселеси чечиле элек. Кыргыз паспортун алган орусиялыктар көбөйгөнү айтылууда. Орусияда мигранттар улам бир тоскоолдукка кабыла баштаганын билдирип жатышат. Украинадагы соңку окуялар.
8/23/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 22.08.2023 | АКШнын экс-президенти Дональд Трамп камаларын айтты - Август 22, 2023

АКШнын экс-президенти Дональд Трамп Атлантада камаларын билдирди. Кыргыз-казак чек арасында кайрадан оор жүк ташуучу машиналардын кезеги көбөйдү.Социалдык түйүндөр аркылуу бийликти сындап жүргөн акын активист милицияга суракка чакырылды.
8/22/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 21.08.2023 | Чеченстандын президентин ачык сындап жүргөн активист Кыргызстанда кармалды - Август 21, 2023

Чеченстандын президентин ачык сындап жүргөн активист Кыргызстанда кармалды. Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалгандар ачкачылык жарыялай турганын айтып чыгышты. Орусиянын жаңы тарыхындагы Айга жасаган алгачкы миссиясы ишке ашпай калды.
8/21/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 19.08.2023 | Маңзат соодасы: милиция жетекчилери кызматтан алынды - Август 21, 2023

Маңзат соодасына шек саналып камалган милиция кызматкерлерине байланыштуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаев баштаган бир нече жетекчилер кызматтан алынып, ондон ашык кызматкер жазаланды. Орусиянын Украинанын Чернигов шаарына жасаган чабуулунан жети киши каза тапты.
8/20/202329 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 19.08.2023 | Орусия Черниговдун борборуна сокку урду, курман болгондор бар - Август 19, 2023

Орусиянын армиясы 19-августта эртең менен Украинанын Чернигов шаарын аткылады. Орусиялык басылмалар Санкт-Петербург шаарындагы рейдде полиция орус жарандыгын алып, бирок аскердик каттоого турбаган жүздөй чет өлкөлүктү аныктаганын жазды. Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу аралашкан Баткендин Кадамжай районундагы көмүр кендин чыры аяктай элек.
8/19/202330 minutes, 21 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 18.08.2023 | Президент Өзбекстанга башкарууга берилген пансионаттар тууралуу үн катты - Август 18, 2023

Президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга башкарууга берилиши тууралуу комментарий берди.Украинадагы согушка катышып келгени үчүн кармалган Бекназар Бөрүгул уулунун арызын Нарын облустук соту караган жок. Шаар мэри Сергей Собянин 18-августка караган түнү дагы бир дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.
8/18/202329 minutes, 22 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 17.08.2023 | Кримтөбөл Көлбаевдин иши кыскарганы белгилүү болду - Август 17, 2023

Кримчөйрөнүн ана башы деп аталган Камчы Көлбаевге козголгон кылмыш иши токтотулганы кабарланды. Кыргызстан кайрадан кытайлык TBEA компаниясы менен иштеше турган болду. Орус армиясы 17-августка караган түнү Украинанын Херсон жана Днепропетровск облусунуна сокку урду.
8/17/202330 minutes, 6 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 15.08.2023 | "Кумтөр" кен казуудагы чыгым боюнча түшүндүрмө берди - Август 16, 2023

Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 10-жыйыны өттү. “Кумтөр Голд Компани” ишканасы алтын өндүрүүдөгү чыгымдарга байланыштуу түшүндүрмө берип, ага жумшалган каражаттар өскөнүн мойнуна алды. Украинанын Куралдуу күчтөрү Донецк облусундагы Урожайное айылын Орусиянын армиясынан бошотконун билдирди.
8/16/202330 minutes, 3 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 15.08.2023 | Орус рубли арзандап жатат. Мунун мигранттарга таасири кандай болот? - Август 15, 2023

Орусиянын улуттук валютасы – рубль дүйнөлүк валюталарга карата дагы арзандады. Кыргызстанда кызылча оорусунан эмделбеген эки бала каза болду. Орусиянын армиясы 15-августка караган түнү Украинанын Львов, Днепр шаарларын, Волын менен Хмельниц облустарын аткылады.
8/15/202329 minutes, 53 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 14.08.2023 | Тоңдогу жол кырсыгы: каза болгон сегиз кишинин төртөө бир үй-бүлөдөн болгон - Август 14, 2023

Кочкор - Балыкчы жолундагы автоунаа кырсыгынан каза тапкан сегиз кишинин төртөө бир үй-бүлөдөн болгон. ИИМ Бостери айылына эс алууга келген Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө шек саналып төрт адам кармалганын билдирди. Украинанын Одесса шаарына 14-августка караган түнү орус армиясы сокку урду.
8/14/202330 minutes, 13 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 13.08.2023 | Кыргызстан Казакстанга Кировдон сугат суу берүүнү убактылуу токтотту - Август 13, 2023

Кыргызстан Казакстанга сугат суу берүүнү убактылуу токтотту. Ысык-Көлдө милиционер өз өмүрүнө кол салганы белгилүү болду. Ошто бир катар мечит жана медресе ишин убактылуу токтотту.
8/13/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 12.08.2023 | Кара-Суудагы кырсык эки кишинин өмүрүн алды - Август 12, 2023

Ош облусунун Кара-Суу районунда оор жүк ташуучу автоунаа жолдун үстүнөн өткөн суу түтүгүн сүзүп, каршы тилкеде келе жаткан жеңил машинеге кулап, эки адам каза болду.
8/12/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 11.08.2023 | Бишкекте троллейбустун айдоочулары иш таштады - Август 11, 2023

Бүгүн, 11-августта Бишкек шаарында жүздөй троллейбустун 250дөн ашуун айдоочусу иш таштады. Алар маянаны көтөрүү талабын коюп жатышат. 10-августта троллейбустун жүздөй айдоочусу жумуштан кетүү арызын жазганы кабарланган. Алар 20-28 миң сом айлык алышарын айтып, маянаны көтөрүүнү талап кылышкан.
8/11/202359 minutes, 43 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 06.08.2023 | Чырда тапанча көтөргөн адамга карата иликтөө башталды - Август 06, 2023

ИИМ Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бириндеги чырда башка жаранды тапанчасы менен опузалаган адамга байланыштуу териштирүү башталганын билдирди. Сауд Арабияда 40тай өлкөнүн өкүлдөрү Украин жаңжалын тынчтык жолу менен токтонуунун планын талкуулоодо. Нарындагы Орто-Токой суу сактагычындагы суунун көлөмү кескин азайганы коомчулуктун талкуусуна түштү.
8/6/202329 minutes, 41 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 05.08.2023 | Ошто жаңы курулуп жаткан жөө өтмөктүн бетон тирөөчтөрү кулады - Август 05, 2023

[17:43] Tumonbai Abdinabi Uulu Ош шаарында курулуп жаткан айланма жөө өтмөктүн бетон тирөөчтөрү кулады. Энергетика тармагынын 137 млрд. сом карызын төлөөнү мамлекет өз мойнуна алды. Кыргызстанда чет элдик мыкты окуу жайларга студенттерди каржылаган «Эл үмүтү» стипендиясын алгандар аныкталды.
8/5/202329 minutes, 47 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 04.08.2023 | Кыргыз-тажик чек арасы: Бишкек бекеттерди азыр ачпайт - Август 04, 2023

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрмө бекеттерди ачуу маселеси этап-этап менен караларын билдирди. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова согушка катышканы үчүн Бишкекте соттолгон кыргызстандыкка орус паспортун берүү ниетин ачыктады. Орусия Новороссийск жана Крымдагы портторго украиналык экипажсыз катерлер чабуул жасаганын кабарлады.
8/4/202329 minutes, 55 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 02.08.2023 | Орусиянын өкүлү Украинадагы согушка катышып, соттолгон кыргызстандык тууралуу үн катты - Август 02, 2023

Орусиянын президентине караштуу адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү Украинадагы согушка катышканы үчүн Бишкекте соттолгон кыргыз жараны тууралуу пикирин билдирди. Бишкектин тез жардам кызматында иштегендердин айлык акысына байланыштуу маселени Саламаттык сактоо министрлиги териштирет. Украинанын түндүк-чыгышында жана түштүк-чыгышында айыгышкан салгылашуулар уланууда.
8/2/202330 minutes, 58 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 1.08.2023 | Чүй облустук соту блогер Эртай Искаковду абакта калтырды - Август 01, 2023

Бүгүн Чүй облустук сотунда таза суунун берилишин талап кылган акцияда кармалган үч адамдын бөгөт чарасын карап, абакта калтырды. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматыын башчысы Дайырбек Орунбековду кызматтан алууну суранган Баткендин Ак-Сай айылынын тургундарына кысым болуп жатканы айтылууда. Жайдын күнү бышыкчылыкка карабай базарда азык-түлүк баасы түшкөн жок.
8/1/202329 minutes, 47 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 31.07.2023 | Орусияда мигранттарды текшерүү күчөдү - Июль 31, 2023

"Вагнер" менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин Телеграм-каналы аркылуу жоочуларды жалдоо токтотулганын кабарлады. Оштогу милиция кызматкерлеринин маселесин министрликтен түзүлгөн комиссия териштире баштады. Фермерлер быйыл малга тоют тартыш экенин айтышууда.
7/31/202330 minutes, 25 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 29.07.2023 | Орусияда мигранттарды текшерүү күчөдү - Июль 29, 2023

Орусияда борбор азиялык эмгек мигранттарын текшерүү күчөдү. Жеңиш чокусуна жүрүшкө чыккан төрт альпинист 10 күндөн бери дайынсыз болууда. Колумбиянын Медельин шаарында 33-эл аралык поэзия фестивалына катышып келген акын Алтынай Темирова менен маекти уга аласыздар.
7/29/202330 minutes, 1 second
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 26.07.2023 | Шаардык сот Бакировду мандатынан ажыраткан чечимди күчүндө калтырды - Июль 27, 2023

Сурамжылоо: Президент Садыр Жапаровго ишенгендер былтыркыга салыштырмалуу 3% төмөндөдү. Орусия Одессадагы портко кайрадан ракета менен чабуул жасап, адам өмүрү кыйылды. Жалал-Абадда зордуктоого туш болгон келин кылмышка шектүү соттон бошоп кеткенине нааразы. 26-июлда Бишкек шаардык соту Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу Бишкектин административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды.
7/27/202329 minutes, 53 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 26.07.2023 | Ысык-Көлдө эки өмүрдү кыйган кырсык: Коопсуздук кантип сакталат? - Июль 27, 2023

Ысык-Көлдө эс алуу учурунда эки адамдын өмүрүн алган кырсыкка себеп болгон өспүрүм камалды. Ал башкарып бара жаткан моторлуу кайык кабылган кырсыктан эки адам каза болуп, дагы бирөө ооруканада оор абалда.
7/27/202359 minutes, 36 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 25.07.2023 | Мурдагы министр Кутманова камалды - Июль 26, 2023

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны эки тараптын өкүлдөрү териштирип жатышат. Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова жемкорлукка айыпталып, камакка алынды. Украинанын бир катар аймагы кайрадан Орусиянын чабуулуна кабылды.
7/25/202329 minutes, 47 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 23.07.2023 | Орус министринин кыргыз тили боюнча мыйзамды сындаганы талкуу жаратты - Июль 23, 2023

Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанда жакында эле кабыл алынган кыргыз тили жөнүндө мыйзамга байланыштуу пикирин билдирди. УКМК Кумтөрдүн экологиялык долбоорлорго бөлгөн акчасынан миллиондор уурдалганын, териштирүү жүрүп жатканын маалымдады. Орусия Украинага чабуулун улантууда.
7/23/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 22.07.2023 | УКМК Динара Кутманованы коррупцияга айыптады - Июль 22, 2023

УКМК мурдагы экология министри Динара Кутманованы коррупцияга айыптап чыкты, ал өзү мындай кинени четке кагууда. Кыргызстандык ишканалар АКШнын санкцияларга байланыштуу чектөөлөрүнө кабылды. Серепчилер Орусиядагы мигранттарга каршы рейддердин кесепетин талдап жатышат.
7/22/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 20.07.2023 | УКМК АКШнын санкциялык чектөөсүн бузууга байланыштуу иликтөө баштады - Июль 20, 2023

7/20/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 19.07.2023 | WP: АКШ Кыргызстанга экономикалык чара көрүүгө камынууда - Июль 19, 2023

7/19/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 14.07.2023 | Блогер Улукбек Карыбек уулу боюнча материалдар сотко өттү - Июль 15, 2023

Блогер Улукбек Карыбек уулу бейбаштыкка шек саналып, 48 саатка камакка алынды. Таза суусуз калган конуштардын тургундары нааразылыгын билдирип, Бишкектеги кан жолду бууп, кайра ачышты. Ал эми Чаткал районундагы төрт айылдын тургундары “Аташ-Чапкан” компаниясынын кен казышына каршы болууда. Орусиялык ырчылар Борбор Азияга көбүрөөк каттап калышты.
7/15/202359 minutes, 55 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 14.07.2023 | Чаткалда төрт айылдын тургундары кендин казылышына каршы чыгышты - Июль 15, 2023

Жалал-Абаддын Чаткал районундагы төрт айылдын тургундары “Аташ-Чапкан” компаниясынын райондо кен казышына каршы болушууда. Билим берүү жана илим министрлиги жеке менчик мектептин 84 бүтүрүүчүсүнө аттестаттар эмне үчүн берилбегенин түшүндүрдү. Министрлер кабинети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документке корутунду берип, долбоорду жеткире иштеп чыгуу зарыл экенин билдирди.
7/14/202330 minutes, 36 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 13.07.2023 | Маянасын ала албай жаткан түркиялыктардын иши териштирилүүдө - Июль 13, 2023

Балыкчыда туннелдин калыптарын жасаган Түркиянын ондой жараны эки айдан бери иштеген айлык маянасын ала албай жатканын айтып чыгышты. Европарламент Кыргызстандагы адам укуктары, сөз эркиндиги, ЖМКлар тууралуу резолюцияны колдоду. Киев үчүнчү түн катары менен орус армиясынын дрон чабуулуна кабылды.
7/13/202329 minutes, 58 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 12.07.2023 | "Азаттыктын" имшердигин токтотуу боюнча сот чечими жокко чыкты - Июль 12, 2023

Бишкек шаардык соту “Азаттык Медиа” мекемесин жалпыга маалымдоо каражаты катары жабуу тууралуу Бишкектин Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, соттук териштирүүнү токтотту. Чаткалдагы от атышуу – криминалдын таасир талашы катары сыпатталып жатат.
7/12/202330 minutes, 20 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 11.07.2023 | Бир үй-бүлөдөн үч кишинин киши колдуу өлүмү боюнча сот башталды - Июль 11, 2023

Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч кишинин өлүмүнө шектүү Чынтемир Аширалиевдин иши карала баштады. Орусияда мигранттарды текшерүү уланып, мыйзам бузгандарды Украинадагы согушка мажбурлаган, азгырган аракеттер күчөдү. Кыргызстанда быйыл жарым жылда сууга түшүп каза болгондордун саны 60ка жетти.
7/11/202330 minutes, 21 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 10.07.2023 | Путин "куралдуу козголоңдон" кийин Пригожин менен жолуккан - Июль 10, 2023

Орусия президенти Владимир Путин "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин менен "куралдуу козголоңдон" кийин жолукканы ырасталды. Бишкек шаарында митинг-пикет өткөрүүнү чектеген чечимдин мөөнөтү дагы үч айга узартылды. Өзбекстанда президенттик шайлоону Шавкат Мирзиёев жеңди.
7/10/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 09.07.2023 | "Казакстанды айланып өтөбүз". Бишкек жаңы транспорттук каттамга умтулууда - Июль 09, 2023

Орусиянын Казакстан менен чектешкен “Маштаково” чек ара бекетинде айрым кыргызстандык жүк ташуучулар өтө албай турганын кабарлашты. Кыргызстан Казакстанды айланып өткөн жаңы транспорттук маршрут даярдалып жатканын айтууда.
7/9/202329 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 08.07.2023 | Кылмыштуу топтордун тирешиби? Чаткалда ок жеген киши ооруканага түштү - Июль 08, 2023

Чаткал районунун 38 жаштагы тургуну октон жараат алып оор абалда ооруканага түштү. Ошто зордуктоого кабылган кыздын жакындары бул кылмышка "Казак" деген каймана аты бар кылмыштуу топтун өкүлү Умар Маратов катышы бар экенин айтып чыгышты.
7/8/202329 minutes, 36 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 07.07.2023 | Бажыдагы коррупция: Президенттин тууганы кармалды - Июль 07, 2023

Диплому жасалма экени көптөн бери айтылып, аны өзүлөрү четке кагып келаткан эки депутат боюнча чечим чыкты. Президент Садыр Жапаровдун тууганы коррупцияга шектелип кармалды. Украинадагы соңку кырдаал. Орусияда камакка алынган кыргызстандык мигрант аялдын көйгөйү.
7/7/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 06.07.2023 | Эки депутат мандатынан ажырады - Июль 06, 2023

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын он мүчөсүнүн үйү тинтилип, экөө камакка алынды. ЕККУуюму Бишкекте cөз эркиндигинин абалын талкуулаган эл аралык жыйын өткөрүүдө. Орусия Украинанын Львов шаарына ракеталык чабуул жасады. Жогорку Кеңештин эки депутаты мандатынан ажырады.
7/6/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 05.07.2023 | Кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүсү өтүүдө - Июль 05, 2023

"Мегаком" компаниясы сатыкка чыгарылды. Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча жумуш топторунун жолугушуусу башталды. Бозгундагы үч чечен активистинин апасынын сотуна катышуу үчүн Грозныйга барган журналист ур-токмокко кабылды.
7/5/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 04.07.2023 | Өкмөт “Мегакомду” сатыкка чыгарды - Июль 04, 2023

Өкмөт 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин улутташтырылган “Мегакомду” сатыкка койду. "Фейк" мыйзамын сунуш кылган мурдагы депутаттарга Европага виза бербөө сунушталууда.Грузиянын камактагы экс-президенти Михаил Саакашвилинин тарапташтары анын саламаттыгына тынчсыздануусун айтып чыгышты.
7/4/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 03.07.2023 | Эненин атына катталуу маселеси талаш жаратты - Июль 03, 2023

Аактивист Өндүрүш Токтонасыров улам милицияга суракка чакырылууда. Кыргызстанда баланын документине “атасынын аты” деген жерге апасынын атын жаздыруу боюнча талашка чекит коюлду. Украинадагы соңку кырдаал. Түркияда дайыны табылбай жаткан 20 жаштагы кыргыз кызды издөө иштери уланууда.
7/3/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 27.06.2023 | "Гранд казино" Буркановго таандык экени ачыкка чыкты - Июнь 27, 2023

Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн биринчилерден болуп ачылган казино экс-депутат Арзыбек Буркановдун баласыныкы экени белгилүү болду. Ушул аптада Жогорку Кеңеш эс алууга тарайт. Ооганстанда “Талибан” кыймылы бийликке келген эки жылга чукул убакытта миңден ашуун тургун зомбулуктун курмандыгы болду.
6/27/202329 minutes, 15 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 26.06.2023 | "Чет элдик өкүл" долбооруна авторлуктан баш тарткан депутаттар - Июнь 26, 2023

Кыргызстанда бейөкмөт уюмдарга каршы мыйзам долбооруна автор болгон дагы бир нече депутат анын азыркыдай редакцияда кабыл алынышына каршы экенин билдирип чыгышты. Бүгүн, 26-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча алдын ала угуулар уланды.
6/26/202329 minutes, 49 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 25.06.2023 | Пригожиндин козголоңу эмнени көрсөттү? - Июнь 25, 2023

Орусиядагы куралдуу козголоң аракети жана бул окуянын ошол жакта жашап, иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттарга таасири. Дүйнөлүк прессага баяндама. Кыргызстандагы археология илиминин азыркы абалы.
6/25/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 24.06.2023 | Путин Пригожинди төңкөрүшкө айыптады - Июнь 24, 2023

Орусиядагы аскердик төңкөрүш аракети. Кыргызстанда оппозиционер саясатчы Адахан Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берилди. Орусиядан көчүрүлүп алды деп укук коргоочулар айтып чыккан “чет өлкөлүк өкүл” тууралуу мыйзамдын тегерегиндеги талкуу.
6/24/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 23.06.2023 | Мадумаровдун мандаты алынабы? - Июнь 23, 2023

Башкы прокуратура депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартууга уруксат алды. Пакистан кемеде 209 жараны чөгүп кеткенин билдирди. Economist.kg басылмасы Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун активдери бөгөттөлгөнүн жазып чыкты. Бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам ЖК комитетинде 27-июнда каралат.
6/23/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 22.06.2023 | Парламент Байсаловду кызматтан алууну сунуштады - Июнь 22, 2023

Жогорку Кеңеш өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсаловду кызматтан алуу боюнча токтом кабыл алды. Кемпир-Абад иши боюнча соттук териштирүү башталды. Бишкекте кыргыз-немис саясий кызматташтыгы талкууланууда.
6/22/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 21.06.2023 | Кыргызстандагы “Тролль фабрика” жөнүндө иликтөө чыкты - Июнь 21, 2023

"Президент фейктердин колдоосуна муктажбы?" деген иликтөө жарыяланды. Кыргызстанга расмий сапар менен Германиянын президенти келди. Баткендиктердин негизги кирешеси болгон өрүктүн түшүмү быйыл жылдагыдан кыйла жакшы болууда.
6/21/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 20.06.2023 | Темир жол бекетинде чоң өрт чыкты - Июнь 20, 2023

Шопоков шаарында темир жол бекетинде чоң өрт чыктыОрусия украин аймагына пилотсуз учактар менен жапырт сокку урду. Кемпир-Абад ишине байланыштуу алгачкы алдын ала соттук угуу 22-июнга белгиленди. Суу тартыштыгы фермерлерди кыйнап жатат. Майыптыгы барлардын жүрүшү старт алды.
6/20/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 19.06.2023 | Төө-Ашуудагы тыгын. Айдоочулардын нааразылыгы. - Июнь 19, 2023

Кыргызстанда учак билети кымбат болуп жатканы тууралуу маселе парламентте көтөрүлдү. Төө-Ашуу туннелиндеги абал айдоочуларды нааразы кылууда. Украин бийлиги Запорожье облусундагы алгачкы айыл орус күчтөрүнөн тазаланганын маалымдады. 80 проценти авариялык абалда деген маданий жайлардын маселеси.
6/19/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 16.06.2023 | Баткенде үй курган компанияга кылмыш иши козголду - Июнь 17, 2023

Министрлер кабинети Баткендеги чек ара чатагында талкаланган үйлөр курулуп бүткөнүн жарыялады. Орус армиясынын Украинадагы соккуларынан соңку күндөрү 20дай карапайым тургундун өмүрү кыйылды.
6/17/202330 minutes, 4 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 17.06.2023 | УКМКнын Таластагы имараты демөөрчүлөрдүн акчасына курулду - Июнь 17, 2023

Жалал-Абадда бийликти сындаганы үчүн кармалган ишкер Бакыт Борошовдун камакка алынганына эки ай болду. Таласта УКМКнын аймактык башкармалыгынын имараты ачылды. Бул арада коңшу Өзбекстанда диний негизде камоолор көбөйдү. Казакстанда узаган аптада токойду каптаган өрттөн 14 токойчунун өмүрү кыйылды.
6/17/202329 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 15.06.2023 | Кыргызстан чек ара боюнча Тажикстанга сунуш берди - Июнь 16, 2023

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен акыркы жолугушууда чек ара маселесин чечүү боюнча сунушун бергенин билдирди. Бейшембиге караган түнү Украинанын аймагында аба соккулары тууралуу эскертүү жарыяланып, таңга маал алынды.
6/15/202329 minutes, 37 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 14.06.2023 | Кыргызстанда "акылдуу камералар" иштей баштады - Июнь 15, 2023

Соңку он күн ичинде бул система аркылуу КМШ өлкөлөрүндө мамлекет аралык издөө жарыяланган 57 адам аныкталып, милицияга жеткирилди. Орусиянын армиясы Украинага жасаган ракеталык чабуул кеминде алты адамдын өмүрүн алды, ондон ашууну жарадар болду.
6/14/202329 minutes, 32 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 13.06.2023 | Жаңы Аскердик доктринанын долбоорунда эмне камтылган? - Июнь 13, 2023

Коопсуздук кеңеши жана Коргоо министрлиги Кыргызстандын жаңы Аскердик доктринасынын долбоорун иштеп чыкты. Украинанын Днепропетровск облусундагы үйгө тийген орус ракетасы кеминде үч кишинин өмүрүн алды. Бишкекте сөз эркиндиги жана адам укугу талкууланган жыйын болду.
6/13/202330 minutes, 6 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 12.06.2023 | Казакстан: Семейдеги өрт 14 токойчунун өмүрүн алды - Июнь 12, 2023

12-июнда Жалал-Абад облусунда Июнь окуясын эскерүү иш-чарасы өттү. Абай районундагы Семей токоюнда 9-июнда чыккан өрт 14 токойчунун өмүрүн жалмады. Депутат Өмүрбек Бакиров өзү шайланып келген Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган соттун чечимине каршы арызданарын билдирди.
6/12/202330 minutes, 19 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 11.06.2023 | БУУ: Украинада 700 миңдей киши таза суусуз калды - Июнь 11, 2023

БУУнун баш катчысынын орун басары Мартин Гриффитс Кахов ГЭСинин дамбасынын жарылуусунан 700 миңдей адам таза суусуз калганын билдирди. Кыргызстанда сырттан каржы алган бейөкмөт уюмдарга «чет өлкөлүк өкүл» деген макам берүү мыйзам долбоорун сунуштаган айрым депутаттар авторлуктан баш тартты.
6/11/202330 minutes, 18 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 10.06.2023 | Кумтөр иши: сот Курманбек Бакиев менен кошо алты кишиге чечим чыгарды - Июнь 10, 2023

Кумтөр иши боюнча Бишкектин Биринчи май райондук соту Курманбек Бакиев менен кошо алты кишиге чечим чыгарды. Европа өлкөлөрүнө барып иштөөгө виза алып берем деген компанияларга алданганын айткандар “Азаттыкка” кайрылды.
6/10/202329 minutes, 58 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 09.06.2023 | Сот депутат Бакировдун добушун жокко чыгарды - Июнь 09, 2023

Кой-Таш аскер бөлүгүндө кызматын өтөп жатып ооруканага түшкөн жоокер ок жегенден тышкары ур-токмокко да кабылганы белгилүү болду. Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыкты. AКШнын экс-президенти Дональд Трампка айып тагылды.
6/9/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 08.06.2023 | Бишкектин суу маселесин чечүүгө 500 миллион сом керек - Июнь 08, 2023

Бишкекте таза суу маселеси курч бойдон калууда, айрым тургундар нааразылыкка чыгып, бул маселе парламентте да көтөрүлдү. “Чет өлкөлүк өкүл” мыйзам долбоорунун коомдук талкуудагы мөөнөтү бүттү. Украин президенти Владимир Зеленский Херсон облусунун суу алдында калган аймагына барды.
6/8/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 07.06.2023 | Кыргыз-казак чек арасында кайрадан узун кезек - Июнь 07, 2023

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу жүздөгөн машина кезекте турат. УКМК “Бийликти күчтөп басып алууга аракет кылган” деген шек менен кармаган төрт киши бул мекеменин тергөө абагына камакка алынды. ЖК регламентин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Украинадагы кырдаал.
6/7/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 06.06.2023 | Мектепке террорчу уюмдун желегин илген кыздар кармалды - Июнь 06, 2023

Кыргызстанда бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген шек менен 30дан ашуун адам УКМКга жеткирилди. Бишкекке мамлекеттик сапар менен Катардын эмири келди. Кызыл-Кыяда мектепке “Ислам мамлекети” террордук уюмунун желегин илип кеткен окуучу кыздар боюнча териштирүү жүрүп жатат.
6/6/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио берүү | 04.06.2023 | Бишкектин конуштарында суу тартыш - Июнь 05, 2023

Бишкек шаарынын тургундары күн ысыгандан бери таза суу көйгөйү курчуп баратканын айтышууда. Өзгөчө Арча-Бешик, Ак-Ордо, Ак-Жар өңдүү жаңы конуштарда абал оор. Шаар бийлиги тургундардын суу пайдалануусу ысырапкерчилик менен коштолорун билдирип жатат.
6/5/202329 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кечки радио уктуруу | 05.06.2023 |"Вебкам иши": Даниэл Ажиев кармалды - Июнь 05, 2023

Көп сандагы вебкам студия уюштурган деген негизде коомчулукта кызуу талкууга алынып келаткан Даниэл Ажиев кармалганын атайын кызмат билдирди. Бийликти басып алууга аракет кылган деген шектүүлөр жапырт кармалып жатканы кабарланууда. Британияга ишке кете албай жаткандар бийликтен жардам сурады.
6/5/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио берүү | 03.06.2023 | Евробиримдик Бишкекке сөз эркиндигин эске салды - Июнь 03, 2023

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишел менен жолугушту.
6/3/202329 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кечки радио берүү | 02.06.2023 | Орус-украин согушу: Борборазиялыктар тууралуу билдирүү талкуу жаратты - Июнь 02, 2023

“Борбор Азия – Европа Биримдиги” саммити өтүүдө. Укук коргоо уюмдары Европа кеңешин Борбор Азия аймагындагы адам укуктарынын абалын талкуулоого чакырышты. Орусиялык аткаминерлердин Кыргызстандагы тил маселеси, кыргызстандыктардын Украинадагы согуштагы макамы боюнча билдирүүлөрү талкуу жаратууда.
6/2/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио берүү | 31.05.2023 | ТИМ жаш кыздарды өлкөдөн чыгарбоо Конституцияга каршы келерин билдирди - Май 31, 2023

Тышкы иштер министрлиги кыз-келиндерди чет өлкөгө чыгарууга чектөө коюу тууралуу парламентте айтылган сунуш боюнча билдирүү жасады. Башкы прокуратура “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду жоопко тартуу үчүн Жогорку Кеңештен уруксат сурады. Кемпир-Абад иши боюнча тергөө аяктады.
5/31/202330 minutes, 11 seconds
Episode Artwork

Кечки радио берүү | 29.05.2023 | Академиянын профессорунун “улуттук крокодил” деген сөзү талкууда - Май 29, 2023

ТИМге караштуу Дипломатиялык академиянын кафедра башчысы Айнур Жоробекова Орусиядагы конференцияда “улуттук крокодил” деп айткан сөзүнө түшүндүрмө берди. Токмоктогу айланма жолдо болгон авто кырсыкта каза болгон сегиз кишинин сөөгү бүгүн, 29-майда Ат-Башы районунда жерге берилди. Түркиянын президенти Тайып Эрдоган 28-майда өткөн шайлоодо кайрадан мамлекет башчылыкка шайланып, бийликтеги жыйырма жылдык мөөнөтүн узартты.
5/29/202330 minutes, 27 seconds
Episode Artwork

Кечки радио берүү | 28.05.2023 | Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы аяктады - Май 28, 2023

Серепчилер шайлоону Түркиянын тарыхындагы эң талаштуу шайлоолордун бири деп атап жатышат.
5/28/202329 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кечки радио берүү | 27.05.2023 | Бишкектин вице-мэри бузулган ресторандын чыгымын төлөйбү? - Май 27, 2023

Бишкектеги “Батуми” ресторанын айланасындагы чыр коомчулуктун талкуусуна түшүп, айрымдар УКМКнын кийлигишүүсү ашыкча болгонун, башкалары мэрия мыйзам бузууга барганын айтууда
5/27/202329 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 26.05.2023 | Оппозиционер саясатчынын жубайы кармалды - Май 26, 2023

Абактагы оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева “коррупцияга” шек саналып кармалды. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жакынкы күндөрү чоң аткаминерлер камаларын билдирди. Армения менен Азербайжандын лидерлери Кремлдеги жолугушууда айтыша кетти.
5/26/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 25.05.2023 | "Кемпир-Абад" иши: Абактагылардын мүлкү камалды - Май 25, 2023

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу абакта отургандардын айрымдарынын үй-мүлкү камакка алынганы кабарланууда. Орусиянын Украинанын аймагына жөнөткөн ондогон жанкечти дронунун баарын атып түшүрүшкөнүн украин аскерлери билдиришти. Мектептерде акыркы коңгуроо кагылып, кезектеги окуу жылы жыйынтыкталды.
5/25/202329 minutes, 59 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 24.05.2023 | Кыргыз-тажик чек арасында дрон учурбоо сүйлөшүлдү - Май 24, 2023

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселе талкууланды. Кыргызстандын Дары-дармек департаментинин директору пара алууга шектелип жатат. 2010-жылдагы Апрель жана Июнь окуялары боюнча коомдук комиссия түзүлдү.
5/24/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 23.05.2023 | Бакиевден интервью алган Кошалиев жумуштан кетти - Май 23, 2023

Апрель окуясынын катышуучулары Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин өлкөгө келишине каршы экенин билдирип акцияга чыгышты. Кыргызстанда окуучулар арасында зомбулук маселеси кайрадан талкууга түштү. Ислам халифатын курабыз деп күйөөлөрүн ээрчип Сирияга кеткен кыргызстандык аялдардын өтүнүчү.
5/23/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 22.05.2023 | Кемпир-Абад иши: Абактагылар ачкачылык жарыялашты - Май 22, 2023

Мурдагы президенттер Аскар Акаев жана Курманбек Бакиев боюнча талкуу жаралды. Кемпир-Абад боюнча камакта отургандар аларды улам башка бөлмөгө которуп, басым көрсөтүп жатышканына нааразылык иретинде саясий ачкачылык жарыялашты. Молдовада өлкөнүн европачыл өкмөтүн колдогондор митингге чыгышты.
5/22/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 21.05.2023 | Аскар Акаевдин Кыргызстанга келиши талкуу жаратты - Май 21, 2023

2005-жылы элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн качып чыккан мурдагы президент Аскар Акаев жубайы менен Кыргызстанда жүргөнү коомчулукта кызуу талкуу жаратты. "Кыргызиндустриясы" компаниясы парламентте сынга кабылды. АКШда миграциялык жаңы эрежелер башталды.
5/21/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 20.05.2023 | Кыргыз компаниясы АКШнын санкциясына кабылды - Май 20, 2023

АКШнын санкцияларына кыргызстандык алгачкы компания илингени белгилүү болду. Орусияда кыргыз паспортун саткан жарнама көбөйдү. Ушул темалар жана Борбор Азиядагы соңку апта ичиндеги орчундуу окуялар тууралуу кененирээк.
5/20/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 18.05.2023 | Украинадагы согушта дагы эки кыргызстандык каза болгону такталды - Май 18, 2023

"Азаттык" "Вагнер" жеке аскердик компаниясы аркылуу Украинадагы согушка кетип каза тапкан жаңы эки учурду тактады. Кытай биринчи жолу Борбор Азия лидерлери менен саммит өткөрөт. Бишкектеги турак үйлөрдөгү лифт маселеси Туңгуч кичи районунда адам өлүмү менен аяктаган окуядан соң кайра талкууда.
5/18/202329 minutes, 34 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 17.05.2023 | Жамиля Жаманбаева акыйкатчы болуп шайланды - Май 17, 2023

Чүйдүн Дмитриевка айылында террорчулукка шектүү адамды кармоо учурунда атышуу болду.Жогорку Кеңеш бийликчил фракция сунуштаган талапкер Жамиля Жаманбаеваны акыйкатчы кылып шайлады. Oрусиялык аскерлер шаршембиге караган түнү Украинаны кайрадан аткылашты.
5/17/202329 minutes, 41 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 16.05.2023 | Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин маеги талкуу жаратты - Май 16, 2023

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин маеги талкуу жаратты. Жогорку Кеңештин тармактык комитети “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун жактырды. Киев шейшембиге оогон түнү ракетадан жапырт аткылоого кабылды.
5/16/202329 minutes, 25 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 15.05.2023 | Каржы пирамидасын жарнама кылгандар айыпка жыгылат - Май 15, 2023

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда адамдарга көп суммада зыян келтирип, каржы пирамидасын жалпыга маалымдоо каражаттарынан, интернеттен ачык жарнама кылгандарга жазаны күчөткөн мыйзамга кол койду.
5/15/202329 minutes, 22 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 13.05.2023 | Ошто кармалгандардан көп сандагы курал-жарак табылды - Май 13, 2023

Ички иштер министрлиги Ош шаарында кармалган кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн көп сандагы курал-жарак табылганын кабарлады. Расмий маалыматка караганда, эки күн мурда акча алмаштыруучу жайды карактап, Кара-Суу районунда автоунаага ок чыгарган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган.
5/13/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 12.05.2023 | Педофилдерге өлүм жазасы керекпи? - Май 12, 2023

Баланы зордуктаган кылмышкерди өлүм жазасына тартуу керекпи? Бул маселе кайрадан мамлекет деңгээлинде талкуулана баштады. Түркияда президенттик шайлоонун алдында талапкерлердин бири жарыштан чыкты. АКШга Мексика аркылуу кирүүгө аракет кылып чек арада турган кыргызстандыктар кантип күн көрүүдө?
5/12/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 11.05.2023 | Конституцияны өзгөртүү маселеси көтөрүлдү - Май 11, 2023

Украина орус армиясы Бахмуттун айрым бөлүктөрүнөн чегинүүгө аргасыз болгонун билдирди. Орус түрмөсүндө жаткан жеринен "Вагнер" аркылуу Украинага барган дагы бир кыргызстандык каза тапты. Кыргызстанда Конституция зарылчылык болсо дагы өзгөртүлүшү мүмкүн экенин парламент жетекчиси билдирди.
5/11/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 10.05.2023 | Парламент элдик курултай мыйзамын талкуулады - Май 10, 2023

“Элдик курултай” мыйзамынын долбоору өзгөртүлүп, анын бир топ ыйгарым укуктары азайганы белгилүу болду. Кыргызстан менен Орусия маалымат коопсуздугун камсыздоо боюнча биргелешкен ишин күчтөндүрөт деп айтылды. Баткенде аткезчиликке шектүү адамдар тобу менен күч кызматкерлери ортосунда жаңжал чыкты.
5/10/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 09.05.2023 | Москва парадга коңшуларын эмнеге чакырды? - Май 09, 2023

Кыргызстан фашисттик баскынчыларга каршы согушта курман болгон жүз миңдеген уул-кызын эскерүүдө. Ал эми Украинага кол салганы үчүн эл аралык коомчулукта баскынчы аталып отурган Орусиядагы Жеңиш парадына Борбор Азия лидерлеринин катышканы түрдүү талкууга жем таштады.
5/9/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 08.05.2023 | Жапаровдун Москва сапарында орус тил маселеси көтөрүлдү - Май 08, 2023

Президент Садыр Жапаровдун Москва сапарында Кыргызстандагы орус тил маселеси көтөрүлдү. Маалымат каражаттарын чектөөнү сунуштаган аткаминер “Манас” ордени менен сыйланды. Украина 8-майды «Эскерүү жана Экинчи дүйнөлүк согуштагы нацизмди жеңүү күнү» деп белгилеп жүрмөй болду.
5/8/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио берүү | 06.05.2023 | Кыргыз жарандыгын алган орус үлкөндөрү - Май 06, 2023

Кыргызстандын жарандыгын алган орусиялыктардын катарында Мамлекеттик Думанын депутатынын үй-бүлөсү, жергиликтүү депутаттар, спортсмендер, ишкерлер да бар
5/6/202331 minutes, 51 seconds
Episode Artwork

Кечки радио берүү | 5.05.2023 | Орусиялык депутат Юрий Петровдун үй-бүлөсү кыргыз жарандыгын алганбы? - Май 05, 2023

“Хроники” долбоору былтыр декабрдын аягында Мамдуманын депутаты Юрий Петровдун жубайы жана балдары кыргыз жарандыгын алышканын билдирди. Кыргызстанда Баш мыйзамдын кабыл алынганынын 30 жылдыгы белгиленүүдө. Туристтик сезондун алдында “Туризмди өнүктүрүү фонду” ишканасынын айланасында чыр күчөдү.
5/5/202330 minutes, 17 seconds
Episode Artwork

Кечки радио берүү | 4.05.2023 | ТИМ Кытай менен визасыз режимди сүйлөшүп жатканын билдирди - Май 04, 2023

Кыргызстан Кытай менен визасыз режим киргизүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө. Кыргызстандын Конституциясынын кабыл алынганына 30 жыл болду. Эки күн тынымсыз жааган кардын кесепетинен Нарындын Ат-Башы жана Ак-Талаа районундагы малчылар оор абалга кептелди.
5/4/202330 minutes, 21 seconds
Episode Artwork

Кечки радио берүү | 3.05.2023 | Кыргызстан басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде 50 сап артка кетти - Май 03, 2023

Кыргызстан басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга түшүп, 122-сапка жайгашты. Жогорку Кеңеш акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан алды. Аймактык реформанын алкагында айыл өкмөттөрдү бириктирүү иштерине Жумгалдыктар нааразы болууда.
5/3/202332 minutes, 18 seconds
Episode Artwork

Кечки радио берүү | 1.05.2023 | "Бүтүн Кыргызстандын" өкмөттү таратуу боюнча сунушу четке кагылды - Май 02, 2023

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын Министрлер кабинетинин толук курамын кызмат орундарынан бошотуу сунушун парламенттин тармактык комитети карап, четке какты. Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта жаткан саясатчы, активисттердин бөгөт чарасын кароо уланды.
5/2/202329 minutes, 10 seconds
Episode Artwork

Кечки радио берүү | 1.05.2023 | Тенгиз Бөлтүрүк акча төлөп абактан чыкты - Май 01, 2023

“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк мамлекетке келтирилген зыянды төлөп берип, үй камагына чыкты. Мындан туура эки жыл мурун кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш чыгып, андан 36 кыргызстандык курман болгон. Бүгүн расмий Ташкент жекшембиде өткөн референдумда добуш берүүгө келгендердин 90,21% конституциялык өзгөртүүлөрдү колдогонун ачыктады.
5/1/202330 minutes, 5 seconds
Episode Artwork

Кечки радио берүү | 30.04.2023 | Жети жаштагы кыздын өлүмүнө айылдашы шек саналууда - Апрель 30, 2023

Нарын районунун Орто-Нура айылында жети жаштагы Аруукенин кыйноо белгилери аныкталган сөөгү эч ким жашабаган үйдөн табылды. Үрөй учурган бул окуя балдардын коопсуздугу, зомбулук көйгөйүн күн тартибине чыгарды.
4/30/202329 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кечки радио берүү | 29.04.2023 | "Сөз эркиндигине олуттуу сокку". “Азаттык” боюнча билдирүүлөр - Апрель 29, 2023

Эл аралык уюмдар, медиа өкүлдөр, журналисттер “Азаттык Медиа” мекемесин жабуу боюнча соттун чечимин айыптап, кыргыз бийлигин сөз эркиндигине басымды токтотууга чакырды
4/29/202329 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 28.04.2023 | Ленин округу: талапкерликке 50дөй адам арыз берди - Апрель 28, 2023

Бир катар эл аралык уюмдар “Азаттык Медиа” мекемесин жабуу боюнча соттун чечимин айыптап, кыргыз бийлигин сөз эркиндигине басымды токтотууга чакырды. Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаттыгына № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке катталуу үчүн арыз тапшыргандар 49 адам болду.
4/28/202330 minutes, 14 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 27.04.2023 | Сот "Азаттык Медиа” мекемесин жабуу чечимин чыгарды - Апрель 27, 2023

Бишкектин Ленин райондук соту “Азаттык” медиа мекемесин жабуу чечимин кабыл алды. Украина бийлиги бейшембиге караган түнү орус армиясы Николаев шаарын ракеталардан аткылаганын билдирди. Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин Шакиевге "чет элдик агент" ишинде Москванын тажрыйбасын сунуштады.
4/27/202329 minutes, 49 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 26.04.2023 | Судандагы жаңжалда каза болгондор 450-600 кишиге жетти - Апрель 26, 2023

Ондогон өкмөт куралдуу жаңжал күчөп бараткан Судандагы жарандарын алып чыгууга аракеттенүүдө. Маданият министрлигинин “Азаттык Медиа” мекемесинин маалымат каражаты катары ишмердигин токтотуу тууралуу арызын караган сот отуруму уланды. Орусиянын абактарында отурган кыргыз жарандарынын жакындары бийликке кайрылып, жабык жайдагыларды өз мекенине экстрадициялоону талап кылышууда.
4/26/202330 minutes, 15 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 25.04.2023 | Садыр Жапаров Москвадагы парадга катышат - Апрель 25, 2023

Президент Садыр Жапаров расмий сапары менен Москвага барып, аскердик парадга да катышары маалым болду. АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча орун басары Дональд Лу Кыргызстанга келип, бир катар жолугушууларды өткөрдү. Кыргыз өкмөтү Бишкектеги ыштын келип чыгыш себептерин иликтей турган ведомстволор аралык комиссия түзөрүн билдирди.
4/25/202330 minutes, 6 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 24.04.2023 | Чек арада кармалган алтындын чоо-жайы - Апрель 24, 2023

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев чек арадан кармалган 84 кг алтын боюнча түшүндүрмө берди. Президенттик администрация Башкы прокуратурадан тергөө укугун алып, аны УКМК менен ИИМге берүүнү сунуштады. Украинанын аскерлери Бахмуттагы стратегиялык позицияларын сактап турат.
4/24/202330 minutes, 12 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 21.04.2023 | Бишкектеги жол кырсыгында жараат алган балдардын саны 24кө жетти - Апрель 21, 2023

Президент Садыр Жапаров латын арибине өтүүгө эрте экенин билдирди. 20-апрелде Бишкек шаарындагы ири жол кырсыгында жабыр тарткан балдардын саны 24кө жетти. Орусияда окуган казакстандык студенттин жакындары аны вагнерчилер өз катарына күчтөп жалдап, Украинадагы согушка жөнөтүшкөнүн айтышты.
4/21/202329 minutes, 53 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 20.04.2023 |Бишкекте кайра бир катар мектепке бомба коюлганы боюнча кабар түштү - Апрель 20, 2023

Бишкек шаарында бир катар мектептерге 20-апрелде эртең менен бомба коюлганы тууралуу маалымат түшүп, окуучулар үйлөрүнө коё берилди. Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматтан алууну сунуштады. Орусиядагы борбор азиялык мигранттарды согушка чакыруу жанданганы байкалып жатат.
4/20/202330 minutes, 6 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 18.04.2023 | Токмоктун мэри Урматбек Самаев коррупцияга шектелип кармалды - Апрель 18, 2023

УКМК Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаев коррупцияга шектелип кармалганын билдирди. Бишкектин Биринчи май райондук соту ЭлТР мамлекеттик телеканалынын көз карандысыз “ПолитКлиника” медиасына каршы доо арызын карай баштады. Украин куралдуу күчтөрү Орусия бүт күчүн Бахмут менен Марьинкага таштаганын, соңку бир аптанын ичинде 70 чабуулдун мизи кайтарылганын кабарлады.
4/18/202329 minutes, 47 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 17.04.2023 |Евгения Судец Максим Бакиев менен байланышы жок экенин айтты - Апрель 17, 2023

Биринчи Май райондук соту 17-апрелде Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отургандардын айрымдарынын ишин карап, аларды 20-июнга чейин абакта калтырды. Кыргызстандын мамлекеттик өнүгүү банкынын жетекчиси кызматынан кеткен Евгения Судец Максим Бакиевut байланышы жоктугун белгиледи.
4/17/202329 minutes, 42 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 16.04.2023 | Митингдерди чектөө мөөнөтү дагы узарды - Апрель 16, 2023

Бишкектин борбордук бөлүктөрүндө митинг өткөрүүгө тыюу салынганына бир жылдан ашты. 2022-жылы март айында киргизилген мындай чектөө улам-улам узартылып жататэ
4/16/202329 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 14.04.2023 | "АЮ" компаниясы мамлекетке өттү - Апрель 15, 2023

Президент Садыр Жапаров "АЮ" компаниясынын эки заводу мамлекетке конфискация болуп жатканын, буга ишкананын жасалма акциздик маркалар менен соода жүргүзгөнү жана мыйзам бузуулары себеп болгонун айтты.
4/15/202329 minutes, 59 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 11.04.2023 | Түркия 28 миңдей чет элдик жаранды депортациялады - Апрель 13, 2023

Түркиянын бийлиги быйыл үч айда эле 28 миңдей чет өлкөлүк депортациялаганын билдирди. Алардын дээрлик көпчүлүгү ооганстандык жана пакистандыктар. Ошол эле учурда Түркиянын депортация борборлорунда 450дөй түркмөнстандык кармалып турганы да кабарланды.
4/13/202329 minutes, 59 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 11.04.2023 | Тышкы карыз жашыл долбоорго алмашылабы? - Апрель 12, 2023

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банкка жана Эл аралык валюта фондуна карызды экологиялык долбоорлорго алмаштырууну сунуштады. Мурда президент Садыр Жапаров да ушундай кайрылуу жасаган. Кыргызстандын аталган эки мекемеге бересеси 600 млн. доллардан ашат.
4/12/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 11.04.2023 | Кыргызстан менен Орусия абадан коргонуу боюнча орток система түзөт - Апрель 11, 2023

Орусиянын өкмөтү Кыргызстан менен абадан коргонуу боюнча биргелешкен системаны түзүү жөнүндө макулдашууну жактырды. Документке эки өлкөнүн коргоо министрлери былтыр кол коюшкан. Расмийлер бул көптөн бери пландалып келаткан долбоор экенин билдирүүдө.
4/11/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 10.04.2023 | "Тойбосс" орусиялык мекеменин дооматын четке какты - Апрель 10, 2023

Орусиянын Россельхознадзор мекемеси кыргызстандык “Тойбосс” компаниясынын колбасасынан чочконун эти табылганын билдирип, Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл жүргүзгөн кызматтарынын ишин чабал деп баалады. Адал азыктарды чыгарганын билдирген “Тойбос” компаниясы дооматты четке кагууда.
4/10/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 09.04.2023 | Айылдык кеңештерге шайлоо аяктады - Апрель 09, 2023

Кыргызстанда 9-апрелде 14 айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо өттү. Баткендеги үч айылдык кеңеште алгачкы жолу электрондук добуш берүү боюнча жаңы ыкма жана шайлоо бюллетенин жеринде чыгаруучу заманбап жабдык пилоттук негизде сыналды.
4/9/202329 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кечки радио берүү | 08.04.2023 | Аймактарды ирилештирүүгө кимдер нааразы? - Апрель 08, 2023

Президенттик администрация пилоттук долбоор катары былтыр Түп районунун айыл аймактарын ирилештире баштаган. Эми Нарын облусундагы түзүмдөрдү өзгөртүү боюнча президенттин жарлыгы чыкты. Бул аракеттер жер-жерлерде нааразылыктар менен коштолууда
4/8/202329 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Апрель окуясына 13 жыл болду - Апрель 07, 2023

Бүгүн Кыргызстанда Апрель элдик ыңкылабынын курмандыктарын эскерилди. 7-апрелдин таңында Израил Ливандагы жана Газа тилкесиндеги буталарга сокку урду. Белгилүү опера ырчысы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Сталбек Алмасбеков акыркы сапарга узатылды.
4/7/202329 minutes, 49 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 03.04.2023 | 300дөй хан сарайдын ээси салык төккөн эмес - Апрель 06, 2023

Салык кызматы 287 хан сарайдын ээси мүлк салыгын төлөбөгөнүн билдирди. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары административдик-аймактык реформа парламенттин макулдугу жок ишке ашып жатканын сынга алышты. Израил полициясы Иерусалимдеги Ал-Акса мечитинин жанында мусулман зыяратчылар менен кагылышып, аймактагы кырдаал курчуп кетти.
4/6/202330 minutes, 4 seconds
Episode Artwork

Бир аптада 136 кыргызстандык Орусиядан чыгарылды - Апрель 05, 2023

Орусияда кайрадан мигранттарга талап катуулап, тиешелүү документтери так эмес мигранттар мекенине күчтөп кайтарылып жатканы кабарланууда. Кыргыз-кытай чек арасында жүк ташуучу автоунаалардын кезеги узарды. АКШнын экс-президенти Дональд Трамп өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, ишти “саясий куугунтук” деп атады.
4/5/202330 minutes, 16 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 03.04.2023 | Маңзат соодасы: Милиция үч кишини кармады - Апрель 04, 2023

Ички иштер министрлиги 3-апрелде буга чейин социалдык тармакта маңзат соодасына байланыштуу курьерлердин сабалышы боюнча үч жаран кармалганын билдирди. Ала качуунун курмандыгы Айзада Канатбекованын киши колдуу болгонуна туура эки жыл толду. Александр Крестинин Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасын дээрлик тогуз жылдай машыктыргандан кийин кызматтан кетти.
4/4/202330 minutes, 26 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 03.04.2023 | Чек ара: Талкаланган үйлөрдүн курулушу кечикти - Апрель 03, 2023

Баткендин чек арадагы Капчыгай айылында өткөн жылдын сентябрындагы чек ара жаңжалында өрттөлүп, тонолгон 77 үйдүн 20сы гана курулуп бүтүп, ээлерине берилди. Калган 57си азырынча бүтө элек.
4/3/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 31.03.2023 | Блоггер Улукбек Карыбек уулу Эдил Байсаловдун сынына кабылды - Апрель 01, 2023

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов блогер Улукбек Карыбек уулунун ишин сындап, "өкмөт чектен чыккан көрүнүштөргө чара көрөт" деди. Бул тиреш сөз эркиндиги жана кесиптик жоопкерчилик айланасындагы талкууну күчөттү.
4/1/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 30.03.2023 | Жапырт ууланган окуучулар ооруканага жаткырылды - Март 30, 2023

Кара-Суу районундагы мектепте 29-мартта ууланган 43 окуучунун 23ү ооруканада жатат. Алардын бешөө жандандыруу бөлүмүндө. Атырга ууланган балдардын айрымдары 30-мартта да ооруканага кайрылган.
3/30/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 29.03.2023 | Мургабдан келген жигиттин сабалышынын чоо-жайы иликтенүүдө - Март 29, 2023

Бишкектин Алтын-Казык конушунда 25-март күнү кечинде Тажикстандын Мургаб районунан көчүп келген 21 жаштагы Нурмухаммед Султановду сабап кетишкен. Милиция бул боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, текшерүү жүрүп жатканын кабарлады.
3/29/202329 minutes, 59 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 28.03.2023 | Депутат Ташиевдин дыйкан менен кайым айтышы талкууга түштү - Март 28, 2023

Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев Ноокен районунда эл менен жолугушууда жергиликтүү дыйкан менен кайым айтышканы Интернетте тарап, талкууга алынууда.
3/28/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 27.03.2023 | Депутат Жаныбек Абиров мандатын тапшырды - Март 27, 2023

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров 27-мартта мандатын тапшырганын жарыялап, буга өзү катышкан мушташ себеп болгонун, мындан ары депутат катары ишин улантууга моралдык укугу жоктугун айтты. БШК аны мандаттан ушул эле күнү ажыратты.
3/27/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 26.03.2023 | Орусиялык саясатчылар кыргыз жарандыгын алып жатабы? - Март 26, 2023

The Moscow Times басылмасы Орусиянын саясий жана ишкер чөйрөдөгү таанымал адамдары кыргыз жарандыгын алып жатышканын жазды. Transparency International уюмунун Орусия боюнча кеңсеси кыргыз жарандыгын алууда коррупциялык көрүнүштөр бар экенин ачыкташты.
3/26/202329 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кечки радио берүү | 25.03.2023 | Март окуясынан кийинки буюртма өлүмдөр - Март 26, 2023

2005-жылдын 24-мартынан кийин Кыргызстанда буюртма адам өлтүрүүлөр көбөйгөн. Айрымдар аны Курманбек Бакиевдин кандуу режиминен көрсө, айрым эксперттер кландык жана криминалдык күрөштөрдүн натыйжасында кан көп төгүлгөнүн айтышат.
3/26/202329 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 24.03.2023 | Боомдо өрт чыкты - Март 24, 2023

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок-2 айылында ачык талаада өрт чыктын. Аны өчүрүүгө жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылды. “Азаттыктын” ишин токтотуу арызды кароо экспертиза дайындалганына байланыштуу убактылуу токтоду. Францияда пенсиялык реформага каршы нааразылык акциялары жайылууда.
3/24/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 23.03.2023 | Президент Жапаров Кытайга барат - Март 23, 2023

Кытай Борбор Азия өлкөлөрү менен саммит өткөргөнү жатканын, президент Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапар менен барарын бул өлкөнүн элчиси билдирди. Президенттин администрация “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндөгү мыйзам долбоорунун төртүнчү вариантын сунуштады.
3/23/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 20.03.2023 | Миграция: Эне-баланы каматкан маңзат бизнеси - Март 20, 2023

УКМК Бажы кызматындагы коррупциялык схема аныкталганын жарыялады. Абакта киши колдуу кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүгө абак кызматкерлери да күнөөлүбү? Орусияда иштеп жүргөн бир үй-бүлөдөн эне жана кызы маңзат сатууга айыпталып кармалды. Бул окуя кыргыз парламентинде сөз болду.
3/20/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 19.03.2023 | Бажычылар иши: Ташиев Зулушевдин кайниси кармалганын ырастады - Март 19, 2023

Бажы кызматынын алты жооптуу кызматкери Кытайдан товарларды мыйзамсыз ташып келүү боюнча коррупциялык схеманы түзгөн деген шек менен камалды. Алардын бири башкы прокурор Курманкул Зулушевдин тууганы экени белгилүү болду.
3/19/202329 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кечки радио берүү | 18.03.2023 | Маданият министрлиги “Азаттыкты” жабууга кызыкдар эмес - Март 18, 2023

Бишкектин Ленин райондук сотунда Маданият министрлигинин “Азаттыктын” ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча арызы каралды. Анда “Азаттыктын” жактоочулары доо арыз жазууга себеп болгон берүү жөнүндө баяндап, мыйзам бузулбаганын негиздеп беришти
3/18/202329 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 15.02.2023 |Кыргыз-тажик чек арасы: Дуйшөмбүдө жумушчу топордун жолугушуусу өтүүдө - Март 15, 2023

Дүйшөмбү шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча жумушчу топтордун жолугушуусу өтүүдө. Мамлекеттин карамагындагы "Керемет Банктын" айланасындагы жаңжал уланууда. Кара денизде америкалык чалгынчы дрондун орусиялык кыргын салуучу учак менен кагылышуусун Вашингтон “эл аралык мыйзамды одоно бузуу” деп мүнөздөдү.
3/15/202330 minutes, 31 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 14.02.2023 | Мушташкан депутат кечирим сурады - Март 14, 2023

Тенгиз Бөлтүрүктүн аялы ачкачылык жарыялаганын билдирди. ЖК депутаты Жаныбек Абировдун мушташып, күзөтчүнү катуу сабаган видеосунан кийин бийликтегилердин моралдык жүзү деген тема талкууга түштү. Украина кайрадан Орусиянын чабуулуна кабылды.
3/14/202330 minutes
Episode Artwork

Кербен шаарындагы ооруканадан өрт чыкты - Март 13, 2023

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 13-мартта салык мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү долбоорун экинчи окууда карап, аны жактырды. 13-мартта Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кербен шаарында оорукананын имаратынан чыккан өрт саат 11:23тө толук өчүрүлдү. Украинанын армиясы соңку бир сутканын ичинде Бахмут шаарынын айлана-тегерегинде орус күчтөрүнүн бир нече чабуулдарынын мизин кайтарганын билдирди.
3/13/202329 minutes, 17 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 12.02.2023 | Салык кызматынын ишкерлерге эскертүүсү талкууга түштү - Март 12, 2023

Ошто Салык кызматынын ишкерлер митинг-пикетке чыкса, анын кесепети оор болорун эскерткен каты талкууга түштү. Айрым эксперттер бул кат Баш мыйзамдагы адам укугун бузууга жатарын айтып чыгышты. Мамлекеттик салык кызматы кат боюнча кызматтык иликтөө башталганын билдирди.
3/12/202329 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кечки радио берүү | 11.03.2023 | Чуулгандуу ишкер инвестор аталды - Март 11, 2023

Бишкекте ири мейманкана жана мечиттин курулушун баштоо иш чарасында чуулгандуу ишкер Хабибулла Абдукадыр менен президент Садыр Жапаровдун бирге жүргөнү коомчулукта талкуу жаратты. Президент Жапаров ишкерди өлкөгө акча салган инвестор деп атады.
3/11/202329 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 10.03.2023 | Өзбекстан: Мирзиёевге үчүнчү мөөнөткө жол ачылууда - Март 10, 2023

Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын дээрлик баарынын абак мөөнөтү өзгөрүүсүз калды. Си Цзинпин Кытайдын төрагасы кызматына үчүнчү ирет шайланды. Ал эми Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү референдуму 30-апрелге белгиленди, ага ылайык, Шавкат Мирзиёевге үчүнчү мөөнөткө шайланууга жол ачылат.
3/10/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 09.03.2023 | Бишкектин дагы бир конушунда жер көйгөйү чыкты - Март 09, 2023

Украинанын бир катар аймагы кайрадан жапырт чабуулга кабылды. Freedom House уюму “Дүйнөдөгү эркиндик-2023” баяндамасында Кыргызстанды быйыл да “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошту. Бишкектин четиндеги Өскөн-Ордо конушунун тургундары аларга жер саткандарды жоопко тартууну талап кылып чыгышты.
3/9/202329 minutes, 47 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 08.03.2023 | Аялдар маршы укуктардын сакталышын талап кылды - Март 08, 2023

Бишкекте кыз-келиндердин укуктарынын сакталышын талап кылган акцияга жүздөгөн адам катышты. Грузияда “чет элдик агент” мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алгандан кийин нааразылык акциялары тутанды. Казакстанда кимде ким коомдук жайда сөгүнсө, ага айыппул салынып же камакка алынмай болду.
3/8/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 05.02.2023 | Украин аскерлери Бахмут үчүн салгылашууда - Март 05, 2023

Британиянын чалгын кызматы ишембинин кечинде украин армиясы шаарга тандалма бөлүктөрүн жөнөтүп жатканын маалымдады. Ал арада Европа парламентинин төрайымы Роберта Мецола Украинадагы согуш кылмыштарына күнөөлүү адамдар жоопко тартылууга тийиш деп билдирди.
3/5/202329 minutes, 56 seconds
Episode Artwork

Кечки радио берүү | 04.03.2023 | Бишкекте апрелчилер бийликке талап коюшту - Март 04, 2023

Бишкектеги Ала-Тоо аянтына 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин түзүлгөн коомдук бирикмелердин өкүлдөрү чыгышты. Алар Курманбек Бакиевди актоо аракеттерине жана 7-апрелдин календардагы статусунун өзгөрүшүнө байланыштуу бийликке кайрылды.
3/4/202329 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кечки радио берүү | 03.03.2023 | Украинага мигрант аялдарды азгырган жарнамалар - Март 04, 2023

Орусияда Украинанын оккупацияланган аймактарына жасат чогултуп, окоп казууга жана ашкана, тазалык иштерине борбор азиялыктар дагы тартылууда. Орус абактарында отурган аялдардын арасынан мурда медайым болуп иштегендерге дагы ушундай сунуштар түшө баштады.
3/4/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио берүү | 02.03.2023 | Сатуучулар салык эрежелерине каршы чыкты - Март 02, 2023

Бишкектеги базарларда иштеген жүздөгөн адам 2-мартта жаңы салык эрежелерине каршы митингге чыкты. Алар товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) колдонула баштагандан бери чыгымы, убара-түйшүгү көбөйгөнүн, алып-сатуу солгундаганын айтып жатышат.
3/2/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио берүү | 01.03.2023 | Украин жараны Беларуска экстрадиция кылбоону Бишкектен өтүндү - Март 01, 2023

Бишкекте абакта кармалып турган украин жараны Владимир Кадария президент Садыр Жапаровго кайрылып, Беларуска экстрадиция кылбоону суранды. Өз кайрылуусунда Кадария саясий куугунтуктан улам Беларустан Украинага качып барып, ал өлкөнүн жарандыгын алганын айтууда.
3/1/202329 minutes, 59 seconds
Episode Artwork

Кечки радио берүү | 28.02.2023 | Улуттук банк алтындын көлөмү боюнча маалымат берди - Февраль 28, 2023

Кыргызстандын Улуттук банкы акыркы эки жылда 46,7 тонна алтын топтогонун маалымдады. Жакында эле Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев бул алтынды сатып тышкы карыздан кутулуп койсо да болорун айтып, кыргыз бийлиги ал максатка ылайык эмес экенин билдирген.
2/28/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио берүү | 27.02.2023 | Абактагы Тенгиз Бөлтүрүк президентке кечирим сурап кайрылды - Февраль 28, 2023

Жакында жоюла турган “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин башчысы, беш айдан бери абакта отурган Тенгиз Бөлтүрүк президент Жапаровго кат жазып, кечирим сурады. Ал өкмөттө кимдир бирөөгө "тоскоол болуп жатса", Канадага чыгып кетүүгө даяр экенин айтып, сөз ким жөнүндө экенин ачыктаган жок.
2/27/202329 minutes, 59 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 26.02.2023 | ЕБ Орусияга каршы санкцияларды кеңейтти - Февраль 26, 2023

Жаңы санкциялар жарандык да, аскердик да тармакта колдонула турган товарлардын Орусиянын аймагы аркылуу ташып өтүүгө тыюу салат. Бул тизмеге дрон өндүргөн Ирандын да бир нече компаниялары кирген.
2/26/202329 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кечки радио берүү | 25.02.2023 | Жол эрежесин үч жолу бузган айдоочу кайра сынак тапшырат - Февраль 25, 2023

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККБ) маалыматына караганда, жол эрежелерин бир жыл ичинде үч жолу бузган айдоочу кайра экзаменге жөнөтүлөт. Мындай чара ушул жылдын 8-мартынан тарта күчүнө кирет.
2/25/202329 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 24.02.2023 | "Вагнерчилер" көрүстөнүнө көмүлгөн кыргыз жарандары - Февраль 24, 2023

Украина бир жыл ичинде согушта жоготкон жарандарын эскерүүдө. Ал арада Орусияда "вагнерчилер" көрүстөнүндө кыргызстандыктар да көмүлгөнү аныкталды. Ат-Башыда аялдар үчүн финтес борбор ачылды.
2/24/202329 minutes, 48 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 23.02.2023 | Казакстан: Кыргыз мигрантын кыйнаган жаңы эреже - Февраль 23, 2023

Кыргыз-тажик мамилесиндеги соңку жараяндар. Казакстандын кыргызстандык мигранттарды кыйнаган жаңы эрежеси. Запорожьеде окоп казган мигранттар айлыгын ала албай кыйналууда.
2/23/202329 minutes, 40 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 22.02.2023 | Бишкек: Уруксатсыз үйлөрдү мыйзамдаштыруу аракети - Февраль 22, 2023

Бишкектеги уруксаты жок кабат үйлөрдү мыйзамдаштыруу аракети кайчы пикир жаратууда. Сузакта атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин атынан берилди делген компьютерлердин айланасында талаш-талкуу кызыды. АКШ президенти Украинага басып кирген Орусия согушту жеңе албай турганын айтты.
2/22/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 21.02.2023 | Президент Жапаров Бакиев боюнча суроолорго жооп берди - Февраль 21, 2023

Мурдагы президенттердин жолугушуусунун айланасындагы талаш-талкуу уланууда. Майда соода-сатык менен алектенген ишкерлер салык боюнча жаңы эрежелерге каршы болуп жатышат. Украинага басып киргенинин бир жылдыгын утурлай орус президенти Владимир Путин элине кайрылуу жасады.
2/21/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио берүү 20.02.2023 | АКШ президенти Жо Байден Киевге барды - Февраль 20, 2023

Кыргызстандын мурдагы президенттеринин жолугушуусунун чоо-жайы коомчулукта кызуу талкууланууда. Кыргызстанда ушу тапта бир нече басылма боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат. Орусия Украинага чабуулдарын күчөттү, ал арада Киевге АКШ президенти Жо Байден барды.
2/20/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио берүү |19.02.2023 | Алты президенттин жолугуусуна элдин пикири жана сыны - Февраль 19, 2023

Кыргызстандын алты президенти бир жерге чогулганы коомчулукта кызуу талкуу жаратып, айрымдар президент Жапаровдун бул кадамын колдосо, бул иштин мыйзамдык жагын айтып, сындагандар болууда. Жапаров мурдагы президенттердин башын бириктирүүгө эл-жердин ынтымагын ойлогону үчүн барганы менен түшүндүргөн.
2/19/202329 minutes, 59 seconds
Episode Artwork

Кечки радио берүү | 18.02.2023 | Түркия: кыргызстандык куткаруучулар 13 күндөн кийин тирүү калган үч кишини тапты - Февраль 19, 2023

2/18/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир |17.02.2023 |Бишкекте аялды жана анын эки баласын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды - Февраль 17, 2023

Бишкек шаарынын эки сотунда “Азаттык Медиа” мекемесинин сайтынын жана банк эсебинин бөгөттөлүшү боюнча эки сот отуруму болду. Бишкек шаарында 51 жаштагы аялды жана анын эки баласын өлтүргөн үрөй учурган кылмышка шектүү катары 36 жаштагы жаран кармалды. Соңку күндөрү Орусия Украинанын аймактарына ракеталык чабуулун улантты.
2/17/202329 minutes, 55 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир |16.02.2023 | Сирияда калган кыргызстандык 41 бала жана 18 аял алып келинди - Февраль 16, 2023

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунда кар көчкү алдында калгандар арасында этникалык кыргыздар дагы бар экени белгилүү болду. "Вагнер" аркылуу Украинадагы согушка кеткен кыргыз жаранынын сөөгү Чүйдүн Ленин айылында жерге берилди. Түркиянын Кахраманмараш шаарында Кыргызстандан, Казакстандан жөнөтүлгөн жана Түркиянын өзүндө жасалган ондогон боз үй тигилди.
2/16/202329 minutes, 25 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 15.02.2023 | Президент Жапаров Атамбаевдин абактан чыгышына пикирин билдирди - Февраль 15, 2023

Кемпир-Абад ишине байланыштуу "жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган" деген негизде кармалгандардын баш коргоо чарасы Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кайра карала баштады. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дарылануу үчүн чет жакка учуп кетти. Дагы бир каржы пирамидасынан жабыркап, акча жоготкондор "Азаттыкка" кайрылды.
2/15/202329 minutes, 41 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 14.02.2023 | Түркияда зилзалада каза болгон кыргыз жаранынын сөөгү келди - Февраль 14, 2023

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев абактан чыкты. Түркиянын Сирия менен чектешкен Хатай провинциясында зилзалада каза болгон келиндин сөөгү Кыргызстанга жеткирилди. Түркияда 6-февралда болгон катуу зилзаладан набыт болгондор 32 миңге чукулдады.
2/14/202330 minutes, 9 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 13.02.2023 | Көз доктур Алмазбек Исманкулов эки айга камалды - Февраль 13, 2023

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Венгрияда расмий сапары менен жүрөт. "Коррупцияга" шектелген “Көз микрохирургиясы” госпиталынын жетекчиси, профессор Алмазбек Исманкулов 9-апрелге камакта калды. Түркия менен Сирияда зилзалада набыт болгондордун саны 35 миңден ашты.
2/13/202329 minutes, 20 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 12.02.2023 | Түркия: Кыргыз куткаруучулары үч кишини аман алып чыкты - Февраль 12, 2023

2/12/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 10.02.2023 | “Корктук, ыйладык”... Зилзала күбөлөрү Бишкекке кайтты - Февраль 10, 2023

Түркияда менен Сирияда жер титирөөдөн каза болгондор он миңдеп санала баштады. Кыргыз өкмөтү элдин салык төлөө маданиятын жогорулатуу аракети көрүлүп жатканын билдирүүдө. Германияга барып иштеп келген студенттер укугу бузулганын, айлык акысын толук албаганын айтып чыгышты.
2/10/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 09.02.2023 | Кыргызстандыктар Түркияга жардам чогултууда - Февраль 09, 2023

Түркия менен Сирияда жер титирөөдөн каза болгондор 17 миңден ашты, алардын көбү Түркияда. Ал арада кыргызстандыктар жабыркаган аймактарга жардам чогулта башташты. Кыргызстанда улам бир эркин маалымат каражатына соттук териштирүү жарыяланып жатканы талдоочулардын кооптонуусун жаратууда.
2/9/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 08.02.2023 | Үй куруу сапатын текшерүү талабы коюлду - Февраль 08, 2023

Түркиядагы зилзала Кыргызстандагы жаңы салынып жаткан үйлөрдүн курулуш сапаты боюнча маселени көтөрдү. “Кумтөр Голд Компанинин” ишмердүүлүгү боюнча кеңешме өттү. Бишкектеги ыш маселесине байланыштуу Башкы прокуратурага арыз жазылды.
2/8/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 07.02.2023 | Түркия: Зилзала болгон аймакта 200дөй кыргыз жараны бар - Февраль 07, 2023

Түркияда жер титиреген аймакта 200дөй кыргыз жараны бар экени белгилүү болду. Сөз эркиндигинин абалын, “Азаттык” радиосунун айланасындагы окуялар талкууланды. Кыргызстанда аткаминерлерге мамлекеттин үлүшү бар ишканалардын директорлор кеңешине мүчө болуусуна жол ачкан мыйзам долбоорун сунушталды.
2/7/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 06.02.2023 | Түркияда жер титирөөдөн жүздөгөн өмүр кыйылды - Февраль 06, 2023

Түркия менен Сирияда катуу жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Эркин журналист Ыдырыс Исаков бир нече жыл мурдагы видеого байланыштуу милицияга улам чакыртылып жатканы белгилүү болду. ИИМ көчөлөрдө адамды жүзүнөн тааный турган 500дөн ашык видео камера иштеп жатканын маалымдады.
2/6/202329 minutes, 41 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 05.02.2023 | Журналист Ыдырыс Исаков милицияга суракка чакырылды - Февраль 05, 2023

Эркин журналист, блогер Ыдырыс Исаков Ош шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакырылды. Бул тууралуу маалыматты ал өзү “Азаттыкка” ырастап, аны оозеки чакырышканын, колуна чакыруу тие электигин тактады. Оштун милициясы бул боюнча кийинчерээк түшүндүрмө берилерин маалымдады.
2/5/202329 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кечки радио берүү | 4.02.2023 | “Кумтөр Голд" короткон эбегейсиз акча - Февраль 04, 2023

Эсеп палатасынын жүз барактан турган отчетунда кызматкерлердин эс алуусунан баштап, кайрымдуулукка коротулган, оңду-солду корогон эсепсиз миллиондор, жетекчилердин сый акысы камтылган ишкананын каржылык ишмердүүлүгү ийне-жибине чейин эсептелип, тыйынына чейин жазылган.
2/4/202329 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кечки радио берүү | 03.02.2023 | Парламент: "Иманов-Ширшов" маселеси дагы көтөрүлдү - Февраль 03, 2023

Жогорку Кеңеште санарип өнүктүү министри Талантбек Иманов менен "Дастан" ишканасынын мурдагы башчысы, эң ириде энергетика тармагындагы ири коррупциялык схемаларда аты аталган Алексей Ширшовдун байланышы тууралуу дагы маселе көтөрүлдү.
2/3/202329 minutes, 59 seconds
Episode Artwork

Кечки радио берүү | 02.02.2023 | Орусия: Мигранттар туура эмес диагноз коюлуп жатат деп кабатыр - Февраль 02, 2023

Орусияда жугуштуу ооруларга текшерилген мигранттардын айрымдары так эмес диагноз коюлуп жатканын айтышууда. Маданият министрлиги "Клооп" веб-сайтындагы АРИС тууралуу макаланы өчүрүүнү талап кылууда.
2/2/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио берүү | 01.02.2023 | Кыргыз-казак чек арасында узун кезек пайда болду - Февраль 01, 2023

Эки жашар кызын сабап жатканын видеого тартып, күйөөсүнө жөнөткөн келин бир айга камакка калды. Бул чечимге ал өзү жана анын жакындары нааразычылык билдиришти. Ушул тапта келиндин үч баласы балдар үйүнө жайгаштырылды.
2/1/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио берүү | 30.01.2023 | Кара-Суудагы ок атышууга шектүүлөр изделүүдө - Январь 30, 2023

Оштун Кара-Суу районундагы ок атышууга шектүүлөр кармала элек. Аларга «каракчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланды. 30-январда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү.
1/30/202329 minutes, 59 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 29.01.2023 | Ирандын аскердик заводуна чабуул жасалды - Январь 29, 2023

Тегеран Исфахан шаарындагы аскердик заводго чабуул койгон дрондор атып түшүрүлгөнүн айтууда. Ал тапта айрым булактар Израил Ирандын аскердик өнөр жайын жок кылуу үчүн атайын аскердик операция баштаганын кабарлады.
1/29/202329 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кечки радио берүү | 28.01.2023 | Садыр Жапаровдун алты убадасы - Январь 28, 2023

"Азаттык" президенттин алты убадасын алып, алар канчалык орундалганын талдап көрдү.
1/28/202329 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 27.01.2023 | Кыргыз-өзбек чек ара маселесине чекит коюлду - Январь 27, 2023

Өзбек президенти Мирзиёевдин Кыргызстанга сапарында 24 документ кабыл алынды. Президенттер чек араны тактоону “тарыхый окуя” деп аташты. Ал арада Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакка алынган активист Атай Бейшенбекке дагы үч кылмыш иши козголду. Кыргызстандык Аян Алишеров Украинада каза болду.
1/27/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 26.01.2023 | ОСАГО: Айып пул төлөө мөөнөтү жылды - Январь 26, 2023

Автоунааларын милдеттүү камсыздандыруудан өткөрбөгөн айдоочуларга айып салуунун мөөнөтү жылдырылары айтылды. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары башталууда. “Азаттыктын” сайтынын жана банк эсебинин бөгөттөлүшүнө каршы соттук арыздар каралууда.
1/26/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 25.01.2023 | Өкмөт "Энергохолдинг" жоюларын билдирди - Январь 25, 2023

Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камакта отурган активист Атай Бейшенбекке дагы үч кылмыш иши козголгону белгилүү болду. Кыргыз өкмөтү жакын арада "Улуттук энергохолдингди" жойгону жатканын жарыялады. Бир катар Европа өлкөлөрү Украинага кошумча курал-жарак берүүгө макул болушту.
1/25/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 24.01.2023 | Педофилди кастрациялоо сунушу биринчи окууда колдоо тапты - Январь 24, 2023

Ондогон медиа уюм “Азаттыкка” каршы доо арызды соттон чакыртып алууну талап кылды. Педофилди хирургиялык операция жолу менен кастрациялоо сунушу биринчи окууда колдоо тапты. Чүйдүн Москва райондук сотунда төкмө акын Болот Назаровдун иши кыскарып, ал эркиндикке чыкты.
1/24/202330 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 23.01.2023 | Өкмөт ышка каршы планын сунуштады - Январь 23, 2023

Кыргыз бийлигинин "Азаттыкты" жабуу аракети коомчулукта өкмөткө карата сын-пикирлерди жаратууда. Өкмөт Бишкектеги ыш маселесин чечүү боюнча планын сунуштады. Украинадагы соңку кырдаал. Баткенде жазуучу Мурзапар Үсөн 75 жаш курагында дүйнө салды.
1/23/202329 minutes, 34 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 22.01.2023 | Украина: Бахмутта айыгышкан салгылашуу уланууда - Январь 22, 2023

Орусия Украинага абадан сокку урууну күчөтүүдө. Эки өлкө тең Бахмут шаарынын жанына аскер күчүн топтоп, айыгышкан салгылашууларын улантууда.
1/22/202329 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кечки радио берүү | 21.01.2023 | Кыргызстанда электр энергиясына баа көтөрүлөт - Январь 21, 2023

Президент Садыр Жапаров энергетикалык каатчылык тууралуу пикирин жарыялады. Анда өлкө башчы электр энергиясынын тарифин көтөрүү зарылдыгы тууралуу кеп козгоду.
1/21/202329 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 20.01.2023 | Ооган кыргыздары жардам сурады - Январь 20, 2023

Ооганстандагы кыргыздардын көйгөйү кайрадан күн тартибине чыкты, алардын кыргыз бийлигинен жардам сураган кайрылуусу жарыяланды. Бишкек шаарында көмүр тартыш болуп, баасы жогорулап кетти. Караколдо төрөт үйүндө эки аптада алты ымыркай чарчап калган окуянын чоо-жайы териштирилүүдө.
1/20/202329 minutes, 46 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 19.01.2023 | Жарыкты өчүрүү графиги жарыяланды - Январь 19, 2023

Бийликтин электр жарыгы кышында маал-маалы менен өчүрүлбөйт деген убадасына карабастан кыштын эң суук күндөрүндө жарык көп өчүп жатканы боюнча маселе парламентте көтөрүлдү. Кемпир-Абад боюнча камалгандар иши «жашыруун» деп аталды. Казакстан башка өлкөнүн жарандары үчүн талаптарын күчөттү.
1/19/202329 minutes, 33 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 18.01.2023 | Шадиевдин мүлкү мамлекетке өтө элек - Январь 18, 2023

Мүлкү мамлекетке чегерилет деген мурдагы депутат Аскарбек Шадиевдин эч бир мүлкү алына электиги маалым болду. Интернеттеги жазгандары 5 миңден ашуун адамга тараган колдонуучуларды ЖМКга теңөөнү сунуш кылууда. Баткенде үй-жайынан ажырагандардын айрымдарына жаңы үй курулуп берилди.
1/18/202329 minutes, 21 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 17.01.2023 | Ырчы Малик Аликеев дүйнө салды - Январь 17, 2023

Бишкекте дагы бир нече жерде митинг өткөрүүгө тыюу салынды/ Украиндер орус армиясынын ракетасы тийген үйдө набыт болгондорду эскерүүдө. Кыргызстандыктар эмгек сиңирген артист Малик Аликеев менен коштошууда.
1/17/202329 minutes, 23 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 15.01.2023 | Бастрыкин орус жарандыгын алгандарды согушка жөнөтүүнү сунуштады - Январь 15, 2023

Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин Борбор Азия өлкөлөрүнөн келип орус жарандыгын алган адамдарды Украинага каршы согушка жөнөтүүнү сунуштады.
1/15/202329 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кечки радио берүү | 14.01.2023 | Майлуу-Суу суусуз, жылуулуксуз калды. - Январь 14, 2023

Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарынын аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бүгүн шаарда жылуулук маал-маалы менен берилип, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жумушчулары жергиликтүү тургундарды таза суу менен камсыздап жатат.
1/14/202329 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Автоунааны камсыздандыруу талабы күчүнө кирди. Шарттары кандай? - Январь 13, 2023

Кыргызстанда айдоочуларды камсыздандыруу полисин алууга милдеттендирген мыйзам жаңы жылдан тарта күчүнө кирди. Жарандык активист Адилет Балтабай прокуратуранын аппеляциялык арызынын негизинде кайра камакка алынды. Бажы кызматы 2022-жылы бажы төлөмдөрүн чогултуу боюнча коюлган план 100,8% аткарылганын жарыялады.
1/13/202329 minutes, 31 seconds
Episode Artwork

УКМК: Украинада согушкан кыргызстандык кармалды - Январь 12, 2023

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Украинадагы согушка катышкан кыргызстандык кармалганын билдирди. Эл аралык "Жарандык тилектештик" платформасынын мүчөлөрү "Азаттык" радиосу кабылган жагдайды сындап, Кыргызстандын бийлигин сөз эркиндигин сактоого үндөштү. Донецк облусунун тузга бай Соледар шаарындагы айыгышкан кармаш түнү менен уланды.
1/12/202329 minutes, 58 seconds
Episode Artwork

Кемпир-Абад иши: кармалгандардын маселеси парламентте көтөрүлдү - Январь 11, 2023

Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын маселеси парламентте кайрадан көтөрүлдү. Кыргызстанда 10 млн. жана 20 млн. сомдон ашык инвестиция салган чет өлкөлүк жарандарга беш жылдан 10 жылга чейин виза берүү боюнча мыйзам кабыл алынды. Астана активисттердин Украинанын Буча шаарында боз үй тигип, ал жерден тургундарга ысык тамак берип атканынан эч кандай кынтык көрбөй турганын билдирди.
1/11/202330 minutes, 7 seconds
Episode Artwork

Кемпир-Абад иши: акцияда 27 киши кармалып, кайра бошотулду - Январь 10, 2023

Бишкекте Кемпир-Абад иши боюнча мыйзамдуулукту талап кылып нааразылык акцияга чыккандардан 27 кишини милиция кармап кетип, кайра бошотту. Москва райондук сотунда тоноого шек саналып жаткан төкмө акын Болот Назаровдун иши каралып жатат. Орусиянын "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын жоочулары 10-январдын таңында Донецк облусундагы Соледар шаарында украин армиясына катуу сокку урду.
1/10/202330 minutes, 42 seconds
Episode Artwork

Президент Жапаров тышкы карыз боюнча эл аралык уюмдарга кайрылды - Январь 09, 2023

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга карыз берген эл аралык каржы институттарына кайрылып, тышкы карызды төлөөнүн ордуна "жашыл" долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады. Кытайда СOVID-19 инфекциясы жайылып жатканын карабай, пандемиядан улам 3 жылдан бери өкүм сүргөн катаал чаралар алына баштады. Синоптиктер Кыргызстанда ушул аптада суук түшөрүн эскертүүдө.
1/9/202329 minutes, 28 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 08.01.2023 | Чек ара чырында талкаланган 50дөй үйдүн курулушу бүттү - Январь 08, 2023

Баткенде өткөн сентябрдагы чек ара жаңжалында өрттөлүп, тонолгон үйлөр кайра курулуп, элүүгө жакыны бүткөрүлүп, ээлерине тапшырылды.
1/8/202329 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кечки радио берүү | 07.01.2023 | “Камбар-Ата-1” ГЭСин үч өлкө курмай болду - Январь 08, 2023

"Камбар-Ата-1" ГЭСин башкаруу үчүн Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Ишкана “Камбар-Ата-1” ГЭСи курулуп бүткөндөн кийин ГЭСти башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33 пайыздан бөлүнөт.
1/8/202329 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 06.01.2023 | Чолпон-Ата: Ат майдандагы окуяны милиция териштирүүдө - Январь 06, 2023

Кыргызстан казак бийлигинин бул өлкөдөгү былтыркы кандуу окуяга кыргыз жарандарынын катыштыгы тууралуу билдирүүсүн четке какты. Чолпон-Атадагы ат майдандын кызматкерлери бир жылдан бери айлык албай, жетекчиликтин кордугуна кабылып жатканын айтып чыгышты.
1/6/202329 minutes, 44 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 05.01.2023 | Наристенин өлүмү үчүн камалган дарыгерлер бошотулду - Январь 05, 2023

Наристенин өлүмүнөн кийин камакка алынган дарыгерлер үй камагына чыгышты. Кыргызстанда мас айдоочуну күбөлүктөн ажырата турган мыйзам парламентте кабыл алды. Казакстандагы Январь окуясына бир жыл болду. Маданият министрлигинин ырчыларга фонограма менен ырдоого тыюу салган буйругу ача пикири жаратты.
1/5/202329 minutes, 22 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 04.01.2023 | Ош: Түнкү клубдагы жаңжалды Аскер прокуратурасы иликтөөдө - Январь 04, 2023

Орусиянын бир катар шаарларында украин жергесинде бир учурда набыт болгон орус аскерлерин эскерип, азы күтүп жатышат. Ошто “Альфанын" офицери менен бажы кызматкери чыгарган деген жаңжал иликтене баштады. Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жааган калың кар жолдо кыйынчылык жаратты.
1/4/202329 minutes, 40 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 03.01.2023 | Украинада кармаш күчөдү - Январь 03, 2023

Украинада жаңы жылдын алгачкы күндөрү кармаш күчөдү. Ооганстанда талибдер аялдардын университетте окуусуна тыюу салгандан бери кыз-келиндердин нааразылык акциялары уланууда. Кыргызстанда жаңы жылдык эс алуу күндөрү тоо этегиндеги лыжа базаларында эс алуучу көп.
1/3/202329 minutes, 23 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 02.01.2023 | Наристенин өлүмү үчүн беш дарыгер камалды - Январь 02, 2023

Бишкекте алты дарыгер наристенин өлүмүнө айыпталууда, алардын бешөө камакка алынды. Чаткалда алтын казган "Эти Бакыр Терексай" кыргыз-түрк биргелешкен ишканасы боюнча маселе жаралды. Орусияда “Вагнердин” жалданма алты жоокерине издөө жарыяланды, алардын бири кыргызстандык экени кабарланууда.
1/2/202329 minutes, 37 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 01.01.2022 | Жаңы жылда кандай окуялар күтүлөт? - Январь 01, 2023

2023-жылы дүйнөдө жана Борбор Азияда кандай окуялар күтүлүп жатат?
1/1/202329 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 31.12.2022 |2023-жылы эл эмнени күтөт? - Декабрь 31, 2022

2023-жылы Кыргызстанды эмнелер күтүп турат? Кайсы тармактарга көңүл буруу кажет? Кандай өзгөчөлүктөр болот? "Азаттык" сарепсеп салып көрдү.
12/31/202229 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 30.12.2022 | Орусиядагы мигрантты түйшөлткөн каттоо маселеси - Декабрь 30, 2022

Конституциянын, адам укуктарынын сакталышын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Орусиядагы мигранттар жаңы талаптарга ылайык каттоого туруу үчүн кошумча түйшүккө туш болууда. Футбол күйөрмандары дүйнөнүн үч жолку чемпиону Пеле менен коштошууда.
12/30/202229 minutes, 44 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 29.12.2022 | "Рубль ташылып келип, доллар мүшөктөп чыгып жатат..." - Декабрь 29, 2022

Кыргызстанга орус рубли ташылып келип, доллар мүшөктөп чыгарылып жатканы, банктар быйыл болуп көрбөгөндөй киреше тапканы боюнча маселелер парламентте көтөрүлдү. Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку каргашадан кийин бул күндөрү достук кездешүүлөрү уюштурулууда.
12/29/202229 minutes, 42 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 28.12.2022 | Кылмышкерлерди калкалады делген милиция жетекчилери иштен алынды - Декабрь 28, 2022

Кыргыз өкмөтү жыл жыйынтыгын чыгарган кеңири жыйын өткөрдү. Уюшма кылмышкерлерди калкалаган деген айып менен эки облустун милиция жетекчилери иштен алынды. Казакстандын президенти Токаевдин келерки жылды "Орус тилинин жылы" деп жарыялоо сунушу чоң талкуу жаратты.
12/28/202229 minutes, 38 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 27.12.2022 | Орусиянын мурдагы жараны Кыргызстандын мамлекеттик банкын жетектемей болду - Декабрь 27, 2022

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын баары камакта калтырылууда. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди сындаган блогерди сабап кетишти. Кыргызстанда Мамлекеттик өнүгүү банкы түзүлүп, анын башкармалыгын Орусиянын мурдагы жараны Евгения Судец жетектемей болду.
12/27/202229 minutes, 41 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 26.12.2022 | Абактагы эки мигрант Украинада каза болду - Декабрь 26, 2022

Орусияда түрмөдө жатып, Украинада каза болгон эки тажикстандык мигранттын сөөгү мекенинде жерге берилди. Шаардык сот Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын бөгөт чарасын карай баштады. “Азаттыкты” тушаган чечимдин мөөнөтү дагы эки айга узартылганы сөз эркиндигине кысым катары бааланууда.
12/26/202229 minutes, 49 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 25.12.2022 | Баткен: Жапаровдун сапары, элдин үмүтү - Декабрь 25, 2022

Президент менен жолугушууда жергиликтүү тургундар коопсуздук жана чек ара маселесин тездетип чечүү, пайызсыз насыя сыяктуу маселелерди көтөрүштү.
12/25/202229 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 24.12.2022 | Москванын Борбор Азияга эскертүүсү - Декабрь 24, 2022

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Борбор Азия Москвадан алыстап жатат деген ишарат болсо, анын кесепети бул аймактагы өлкөлөр үчүн олуттуу болорун эскертти
12/24/202229 minutes, 56 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир I 23.12.2022 I "Керемет Банк" иши боюнча УКМКнын эки кызматкери кармалды - Декабрь 23, 2022

Башкы прокуратура “Керемет Банкка” байланыштуу кылмыш ишинин алкагында УКМКнын эки кызматкери кармалганын билдирди. Кыргызстандык жана чет өлкөлүк журналисттер Кыргызстандагы сөз эркиндигин коргоо боюнча петицияга кол чогултууда. Ташкентте Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев казак-өзбек чек арасын демаркациялоо келишимине кол коюшту.
12/23/202229 minutes, 56 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир I 22.12.2022I Мадумаров Конституция бузулганын айтып, комиссия түзүүнү сунуштады - Декабрь 22, 2022

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Конституциянын сакталышын кароо боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталды. Украин президенти Владимир Зеленский АКШга иш сапары менен барып, Конгрессте кайрылуу жасады. Казакстандын презизденти Касым-Жомарт Токаев Өзбекстанга барды.
12/22/202229 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир I 21.12.2022 I Беларус Кыргызстан аркылуу Евробиримдикке жыгач экспорттоп жатабы? - Декабрь 21, 2022

Беларустун журналисттери Минск Кыргызстан жана Казакстан аркылуу Евробиримдикке жыгач экспорттоп жатканын ачыкка чыгарышты. Турак жай кооперативдерине алдангандардын маселеси парламентте кайра каралды. Ыш Жалал-Абад шаарын да каптап жатат.
12/21/202229 minutes, 58 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 20.12.2022 | Баткен: үйлөрдүн көбү жаңы жылга чейин курулуп бүтпөйт - Декабрь 20, 2022

Орусия басып алган Мариуполду кайра курууга кыргызстандыктар жумушка тартылып жатат. Жамааттык коопсуздук келишими уюму жакынкы мезгилдеги максаты ич ара карама-каршылыкты жоюу экенин билдирди. Баткендеги чек ара жаңжалында талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүү иштери кечигип жүрүүдө. Куруучулар буга аба ырайы себеп болуп жатканын айтууда.
12/20/202229 minutes, 40 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 19.12.2022 | Абакта ачкачылык жарыялаган эки активисттин ден соолугу начарлаганы айтылды - Декабрь 19, 2022

Абакта ачкачылык жарыялаган активисттер Перизат Суранова менен Орозайым Нарматованын ден соолугу начарлаганы кабарланды. Президенттик администрация сунуштаган бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлөрү айтылды. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актер Азиз Мурадилаев 19-декабрда Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө жерге берилди.
12/19/202229 minutes, 26 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 18.12.2022 |Абакта ачкачылык кармагандар 20га чукулдады - Декабрь 18, 2022

Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын арасынан саясий ачкачылык кармагандардын абалы менен Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү таанышып чыкты. Кыйноолорду алдын алуу борбору билдиргендей, камакта отурган 20дан ашык кишинин 17си ачкачылык кармап жатат. Айрымдарынын наар албай жатканына 4 күн болду.
12/18/202229 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 17.12.2022 | Орусиядагы мекендештер медициналык текшерүүгө нааразы - Декабрь 17, 2022

Орусиядагы кыргызстандыктар милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүү кыйын болуп жатканын айтып нааразы болушууда.
12/17/202229 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 16.12.2022 | Сасык тумоо эселеп көбөйдү - Декабрь 16, 2022

Кыргызстанда аптасына 9 миң болуп жаткан сасык тумоо бир күндө 9 миңден ашты, мектептердин баары убактылуу жабылды. Түркиянын ири шаары Стамбулдун миңдеген тургундары камакка алынган мэрин колдоп экинчи күн катары менен митингге чыгышты. Улуттук банк Баткенде көчмө жыйын өткөрдү.
12/16/202229 minutes, 40 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 15.12.2022 | Дагы үч келин үй-бүлө зомбулугунан каза тапты - Декабрь 15, 2022

Бишкекти каптаган ыш маселеси парламентте талкууланды. Кыргызстан БАЭнин порттору аркылуу деңизге чыгууга шарт түзүлгөнүн жарыялады. Мариуполь шаарын калыбына келтирүү иштерине казакстандыктар да тартылмай болууда. Кыргызстанда соңку бир нече күндө үй-бүлөлүк зомбулуктан үч келин каза болду.
12/15/202229 minutes, 44 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 14.12.2022 | Кемпир-Абад иши: Жети киши ачкачылык жарыялады - Декабрь 14, 2022

Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалгандардын айрымдары каршылык иретинде абакта ачкачылык жарыялашты. Азаттыктын толук иштешине шарт түзүү керек экенин айткан 120дан ашуун белгилүү ишмер президентке кайрылуу жолдоду. Түркмөн газын Европага алып баруучу газ коридорун ачуу маселеси талкууланды.
12/14/202229 minutes, 54 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 12.12.2022 | Юристтер: Өкмөт элдин банк эсептерин көзөмөлдөгүсү келет - Декабрь 12, 2022

Кыргызстан менен Орусия маалымат коопсуздугун биргелешип камсыздоо демилгесин көтөрүүдө. Кыргыз өкмөтүнүн элдин банктагы акчасын көзөмөлдөө демилгеси. Ирандагы соңку кырдаал. Кыргызстанда 12-декабрда Улуттук адабият күнү белгиленүүдө.
12/12/202230 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 10.12.2022 | Акыйкатчы: Кыргызстан полициялык өлкөгө айланууда - Декабрь 10, 2022

Адам укуктарынын эл аралык күнү Кыргызстанда адам укуктарына жана сөз эркиндигине байланышкан камтамачылык күчөп турган шартта белгиленүүдө.
12/10/202229 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 09.12.2022 | Кемпир-Абад иши: камалгандардын мөөнөтү узартылды - Декабрь 09, 2022

Кемпир-Абад иши боюнча тергөө абагында жаткандардын айрымдарынын камактагы мөөнөтү узартылды. Беш өлкөнүн медиа серепчилери Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына байланыштуу өлкө бийлигине кайрылуу жолдошту. 9-декабрда Бишкекте ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити өттү.
12/9/202229 minutes, 43 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 08.12.2022 | Президент депутаттардын суракка алынышы боюнча жумушчу топ түздү - Декабрь 08, 2022

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттардын суракка алынышы боюнча жумушчу топ түздү. Эртең Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны башталат. Бул иш-чарадан кандай жыйынтык күтүүгө болот? Иранда өкмөткө каршы нааразылыктар үчүн соттолгон демонстрант өлүм жазасына тартылды.
12/8/202229 minutes, 56 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 07.12.2022 | Кыргыз-тажик чек арасы: жумушчу топ 17 чакырым тилке боюнча макулдашты - Декабрь 07, 2022

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрүнүн топографиялык жумушчу топтору чек арада дагы 17 чакырымдан ашык тилкени аныктоону макулдашты. Эл аралык валюта фонду жаңы баяндамасында Кыргызстанда жакырчылыктын көрсөткүчү өсүшү мүмкүн экенин билдирди.
12/7/202229 minutes, 56 seconds
Episode Artwork

Кечки "Азаттык" | 06.12.2022 | "Улуу көчмөндөр мурасы" бир жылга жетпей жабылды - Декабрь 06, 2022

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде "Улуу көчмөндөр мурасы” мамлекеттик ишканасынын жоюлуп жатышы жана ага коротулган каражат тууралуу маселе көтөрүлдү. Монголиянын баш калаасында миңдеген киши нааразылыгын билдирип өкмөт үйүнө чабуул коюуга аракеттенди.
12/6/202230 minutes, 12 seconds
Episode Artwork

Кечки "Азаттык" | 05.12.2022 | Кемпир-Абад: тергөө иши создуктубу? - Декабрь 05, 2022

Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалгандардын айрымдарынын жакындары тергөө создукканына нааразы. Өспүрүм кыздын өлүмүнө шектелип кармалгандардын экөө Оштогу тергөө абагында каза болду. Жакындары алардын өз жанын кыйганына ишенбей жатышат.
12/5/202229 minutes, 43 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 04.12.2022 | Министрлик: Кумтөрдөн миллиарддаган сом казынага түштү - Декабрь 04, 2022

Кадамжайда 14 жаштагы кыздын өлүмүнө шек саналып кармалгандардын экөө Ош шаарындагы №5 тергөө абагында каза тапканы белгилүү болду. Иранда уланып жаткан нааразылык акцияларында мерт болгондор 500гө жакындады. 10 айда "Кумтөрдөн" бюджетке 28,7 миллиард сом түшкөнүн Финансы министрлиги маалымдады.
12/4/202230 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 03.12.2022 | Бишкекте айрым көчөлөрдө тынч митинг өткөрүүгө тыюу салынды - Декабрь 03, 2022

Бишкектин Эркиндик булварында тынч митинг өткөрүүгө тыюу салууну сот мыйзамдуу деп тапты. Бүгүн майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнү. "Азаттык" бир үй-бүлөдө беш адам майыптык түйшүгүн тартып келаткан ноокендик Калбаевдердин үйүнө баш бакты.
12/3/202229 minutes, 56 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 02.12.2022 | Дача СУ кырсыгы: Жүк боюнча суроолорго жооп берилдиби? - Декабрь 02, 2022

Дача СУ кырсыгын иликтеген коомдук комиссия ишин жыйынтыктап, кандуу жүк боюнча бүдөмүк жагдайларга чекит койгондой болду. Кыргызстанда журналисттерди жана жалпыга маалымдоо каражаттарын колдоо боюнча маалыматтык өнөктүк жүрүп жатат.
12/2/202230 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 01.12.2022 | Июнь окуясы: Сотко Жапаров менен Ташиев чакырылды - Декабрь 02, 2022

Июнь окуясы боюнча айыпталып жаткан Кеңешбек Дүйшөбаев сотто көрсөтмө берип, күбө катары президент Садыр Жапаровду, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Акматбек Келдибековду жана Талант Мамытовду чакырууну сунуштады.
12/1/202229 minutes, 59 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 30.11.2022 | Депутаттын үйүнөн тыңшоочу аппараттар табылды - Ноябрь 30, 2022

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абаддын суусун биргелешип башкаруу боюнча мыйзамдарга кол койду. Бул документтерди колдобой койгон депутаттарга дагы деле кысым болуп жатканы Жогорку Кеңеште кайра айтылды.
11/30/202230 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 29.11.2022 | Ош шаарынын мэри алмашты - Ноябрь 29, 2022

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбеталиев кетип, ордуна экс-депутат Бакытбек Жетигенов дайындалды. Жогорку Кеңештин VII чакырылышы кандай иштеп жатат? Путин Орусия, Өзбекстан жана Казакстан менен бир союз куруу ниетинде. Ат-Башыда жайыттарды сактап калууну көздөгөн эко-активист тууралуу айтып беребиз.
11/29/202230 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 28.11.2022 | Депутат Айдарбеков жыйындарга убактылуу катышпайт - Ноябрь 28, 2022

Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салынганы кабарланды. Бишкектеги Элдик курултайда "Дастан" ишканасынын мурдагы башчысы Алексей Ширшовдун Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин акчасын Кыргызстанга кайтаруу убадасы көтөрүлдү.
11/28/202230 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 27.11.2022 | Спикердин сунушу талкууга түштү - Ноябрь 27, 2022

Спикер Шакиевдин райондордун аталышын кыргызчалаштыруу сунушуна Москва дароо реакция жасап, Мамдуманын депутаттары "орус тилин кодулоо" деп баа берүүгө жетишти. Кыргыз коомчулугу муну "өлкөнүн ички ишине кийлигишүү" деп сыпаттап жатат. Кытайда карантинге каршы жапырт акциялар тутанды.
11/27/202229 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 26.11.2022 | Курултайдын экинчи күнүндө камактагы саясатчылардын маселеси көтөрүлдү - Ноябрь 26, 2022

Элдик курултайдын экинчи күнүндө Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан саясатчы, активисттерди бошотуу маселеси көтөрүлдү. Айрым делегаттар президент Садыр Жапаровду командасын тазалоого чакырып, жемкорлук менен күрөшүү акыйкат болбой жатканын айтышты.
11/26/202229 minutes, 59 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 25.11.2022 | Эркиндикти талап кылгандар жүрүшкө чыгышты - Ноябрь 25, 2022

Бишкекте камактагы оппозиция өкүлдөрүн бошотуу жана сөз эркиндигин коргоо талабы менен жөө жүрүш өттү. Элдик курултайдын биринчи күнүндө өлкө жетекчилиги отчет берди. Орусиялык саясат таануучунун «Украинадан кийин Казакстан” деген маанидеги сөзү казак коомчулугунун кескин сынына кабылды.
11/25/202229 minutes, 47 seconds
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 24.11.2022 | Сурабалдиева катуу кысымга кабылганын айтып чыкты - Ноябрь 24, 2022

Жогорку Кеңеште депутаттар атайын кызматтын кысымына, жакындары болсо коркутуп-үркүтүүгө кабылып жатышканы айтылды. Коррупция тууралуу иликтөө жасап жүргөн журналист Болот Темиров мекенинен күч менен чыгарылды. Бул чыгарылышта мына ушул темаларга кайрылабыз.
11/24/202230 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 23.11.2022 | Болот Темиров өлкөдөн чыгарылмай болду - Ноябрь 23, 2022

Жемкорлукту ачык сындап келген иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечими чыгарылып, аны сот залынан кармап кетишти. Орусиянын кыргыз-тажик мамилесиндеги соңку аракеттери. ЖККУ саммитинин тегерегиндеги окуялар. Жалал-Абаддагы кинолог адистердин иши.
11/23/202230 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 22.11.2022 | Тажикстан менен Кытай жыл сайын машыгуу өткөрүшөт - Ноябрь 22, 2022

Индонезияда зилзала 250дөн ашуун адамдын өмүрүн алды. Кыргызстанда бийлик ишкерлерди текшерүүнү бир жылга токтоткону жатат. Тажикстан менен Кытай аскердик машыгууну жыл сайын өткөрүп турууну макулдашты. Бишкекте Кыргыз эл акыны Омор Султанов эскерилди.
11/22/202230 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 21.11.2022 | Сузак: Киши колдуу болгон кыздын жакындары акцияга чыгышты - Ноябрь 21, 2022

Атайын кызматтын башчысы менен айтыша кеткен депутат иш бөлмөсүнөн көчүрүлдү. Экс-депутат Канатбек Исаев абакта калтырылды. Казакстанда өткөн кезексиз президенттик шайлоону азыркы президент утту. Сузакта кыздын өлүмүнө шектелип кармалган кишиге каршы акция өттү.
11/21/202230 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 20.11.2022 | Казакстан: Шайлоо нааразылык акциялары менен коштолду - Ноябрь 20, 2022

Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо айрым мыйзам бузуулар жана нааразылык акциялары менен коштолгону кабарланууда. Дүйнө калкынын саны 8 миллиарга жетти. Бишкекте айтылуу акын Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгы белгиленди.
11/20/202230 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 18.11.2022 | Кемпир-Абад иши: Камалгандарды бошотуу талабы - Ноябрь 18, 2022

Өзбекстан менен чек ара такталгандан кийин эми Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын чечүүгө жакын арада киришерин айтууда. Ал арада Кемпир-Абад боюнча камакка алынгандарды бошотуу талабы кайрадан коюлуп жатат. Орусия Украинадагы согушта ээлеп турган жерлердеги позициясын коргоого басым жасоодо.
11/18/202230 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 17.11.2022 | Кемпир-Абад келишими парламентте колдоо тапты - Ноябрь 17, 2022

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча документ Жогорку Кеңеште колдоо тапты. Иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши шаардык сотто карала баштады. Казакстанда президенттик шайлоого даярдык уланууда. Кыргызстанда кыздарды рак илдетине каршы эмдөө башталды.
11/17/202230 minutes
Episode Artwork

Кечки радио эфир | 16.11.2022 | Милиция чагымчыл маалымат таратпоону эскертти - Ноябрь 16, 2022

Кыргызстанда милиция социалдык түйүндөрдө чагымчыл маалымат жарыялоого тыюу салынганын эскертти. Парламентте айрым депутаттар өлкөдөгү сөз эркиндиги маселесин көтөрүштү. Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад маселесине байланыштуу парламенттик комитетте чечим кабыл алынганы менен талкуу токтой элек. Польшанын Украина менен чек арасына ракета түшүп, эки адамдын өмүрүн алган окуя НАТОнун ичинде бир топ дүрбөлөң жаратты. 
11/16/202230 minutes
Episode Artwork

Кечки эфир | 15.11.2022 | ЖК комитети кыргыз-өзбек чек ара мыйзамын жактырды - Ноябрь 15, 2022

15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөт аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоорун дароо үч окууда жактырды.
11/15/202230 minutes
Episode Artwork

Жаңылыктар | 14.11.2022 | Чек ара: Тургундар курулуш жай жүрүп жатканына кабатыр - Ноябрь 15, 2022

Стамбулда 13-ноябрда болгон жардыруудан 6 киши мерт кетти. Алардын арасында кыргызстандыктар жок. Учурда Түркиянын полициясы 46 кишини, анын ичинде бомбаны коюуга шектелип жаткан сириялык аялды кармады. Чек ара чырында үйү өрттөлгөн Баткендин жашоочулары үй салуу иштери жай жүрүп жатканын айтып, курулуш компанияларына нааразы болууда. Бийлик колдон келгенин жасап жатканын айтууда.
11/15/202215 minutes, 48 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 10.11.2022 | Армиядагы аскердин өлүмү иликтенет - Ноябрь 11, 2022

Бир ай мурда аскерге кеткен 18 жаштагы Айжигит Таалайбек уулу каза болуп, сөөгү үйүнө жеткирилди. Бишкек шаардык сотунда бир катар саясатчы, коомдук ишмерлердин бөгөт чаралары каралып, камакта калтырылды. Орус аскерлеринин Херсондон чыгып кетүү чечими эл аралык талкуунун чордонунда.
11/11/202220 minutes, 21 seconds
Episode Artwork

Кемпир-Абад: Кармалгандар камакта калды - Ноябрь 10, 2022

Шаардык сот Кемпир-Абад иши боюнча кармоолорду мыйзамдуу деп таап, бир катар активист, саясатчы, укук-коргоочуларды камакта калтырды. Украинанын чыгышында айыгышкан салгылаш уланууда. Биринчи каар жаап, көмүр издегендердин саны арбын. Кезек күткөндөр да аз эмес.
11/10/202218 minutes, 20 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 4.11.2022 | Имран Ханга атылган ок нааразылыкты күчөттү - Ноябрь 04, 2022

Пакистандын экс-премьер-министри Имран Ханга кол салуу болду. Ал бул үчүн бийликти айыптады. Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаевдин малга салык киргизүү сунушу кызуу талкууда. Кош бойлуу журналист Санрабия Сатыбалдиева "акча опузалаган" деген шек менен кармалганын милиция билдирди. 
11/4/202214 minutes, 53 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 3.11.2022 | Кемпир-Абад: кыргыз-өзбек өкмөтүнүн макулдашуусу - Ноябрь 03, 2022

Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрү чек арадагы Кемпирабад суу сактагычындагы суу ресурстарын биргелешип бшкаруу жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Украинанын Кара деңиздеги портторунан айыл-чарба продукциясын жүктөп чыккан жети кеме Европа жана Азиянын өлкөлөрүнө бет алды. Мыкты журналисттик иликтөөлөр үчүн Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкка сынак жарыяланды.
11/3/202210 minutes, 15 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 1.11.2022 | Журналист Семетей Талас уулу 48 саатка камалды - Ноябрь 02, 2022

Азербайжан менен Армения Тоолуу Карабакка байланыштуу "күч колдонбоо" тууралуу макулдашууга кол коюшту. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова жана парламенттин төрт депутаты башаламандык уюштурууга шектелип кармалган саясатчылар, активисттердин абалы менен таанышып чыкты. Журналист Семетей Талас уулун да милиция кармап кетти.
11/1/202218 minutes, 24 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 31.10.2022 | Кумтөр: 19 тонна алтындын акчасы кайда? - Ноябрь 01, 2022

Украинанын бир катар ири шаарлары кайрадан жапырт аткылоого кабылды. Кумтөрдүн 19 тонна алтынын сатуудан түшкөн каражат кайда жумшалганы бүгүн парламенттин агрардык комитетинде көтөрүлдү. Баткенде кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүү иштери солгун жүрүп жатканын Министрлер кабинети моюнуна алды.
11/1/202218 minutes, 47 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 28.10.2022 | Эркин ЖМКлар президентке кайрылды - Октябрь 28, 2022

Кыргызстанда бир катар ЖМК, активисттер, таанымал инсандар "Азаттыкка" тилектештик билдирип, сөз эркиндигин коргогон акция өткөрдү. Эркин медиалардын жетекчилери президент Жапаровго кайрылды. Орусияда кармалган жарандык активист Орозайым Нарматова менен Илгиз Шаменов Москвадан Бишкекке жеткирилди.
10/28/202223 minutes, 31 seconds
Episode Artwork

Орусияда Орозайым Нарматова кармалганы кабарланды - Октябрь 28, 2022

Херсон облусунда украин армиясынын контрчабуулу аба-ырайынан улам жайлады. Орусия болсо өзөктүк күчтөрүнүн машыгуусун өткөрдү. Эркин маалымат каражаттары, журналисттер Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен "Азаттыктын" сайтын эки айга жабуу чечимин артка кайтарууну талап кылды. Башаламандык уюштурууга шек саналып камалган 20дан ашык саясатчы, активисттердин жакындары бийликти аларды бошотууга үндөштү.
10/28/202213 minutes, 47 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 26.10.2022 | Активист Ырыс Жекшеналиев үй камагына чыкты - Октябрь 27, 2022

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” сайтын эки айга жапты. Орусия Украинанын шаар-кыштактарына абадан сокку урууну улантууда. Жогорку Кеңеште жапырт камалган саясатчылар менен блогерлерге байланыштуу маселе көтөрүлүп, укук коргоо органдары маалымат берди.
10/27/202220 minutes, 24 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 25.10.2022 | Биринчи май райсоту 22 жаранга чечим чыгарды - Октябрь 26, 2022

Киев Орусиянын аба соккуларынан Украинанын энергетика тармагынын үчтөн бир бөлүгү кыйраганын билдирди. Кыргызстанда массалык баш аламандык уюштурууга шек саналып кармалган 20дан ашык саясатчы, активисттер эки айга камалды. Кыргызстанда ЖМК өкүлдөрү, журналисттер Акыйкатчыга кайрылды.
10/26/202216 minutes, 4 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 21.10.2022 | Украина: Днепрдин боюнда кармаш күчөдү - Октябрь 21, 2022

Соңку бир суткада Украина күчтөрү Херсон облусундагы Орусиянын аскердик объектилерине 15 жолу чабуул койду. Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу айрым жарандар акция өткөрүштү. Бишкекте коомдук транспорт кайрадан көйгөйгө айланды.
10/21/202220 minutes, 2 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 20.10.2022 | Жогорку Кеңеш: Айдарбеков комитет төрагалыгынан кетти - Октябрь 20, 2022

Путин Украинанын күч менен аннексияланган төрт аймагына аскердик абал киргизди. Парламентте депутаттар Чыңгыз Айдарбековду Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагалыгынан чакыртып алды.
10/20/202218 minutes, 54 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 19.10.2022 | Аткаминерлердин декларациясы ачык жарыяланбайбы? - Октябрь 20, 2022

Өкмөт Жогорку Кеңеште Баткенди калыбына келтирүү жана күз-кыш мезгилине даярдык боюнча маалымат берди. Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрга караган түнү саат 2:10до төрөлдү. Бишкекте кыз-келиндер күрөшү үчүн машыгуу жайы ачылды.
10/19/202222 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 18.10.2022 | АКШнын аскердик делегациясы Баткенге барды - Октябрь 18, 2022

Юристтер жана укук коргоочулар Кылмыш кодексинин эки беренеси журналисттерге, активисттерге жана блогерлерге көп колдонулуп жатканын белгилешти. Орусиянын Ейск шаарында истребитель кулап, 13 киши каза тапты. ӨКМ баасы 280 млн сомдук тик учагын экс-депутат Азамат Арапбаевге ижарага бергенин ырастады.
10/18/202220 minutes, 42 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 17.10.2022 | Мобилизация: Орусиянын полигонундагы кыргын - Октябрь 17, 2022

Орусиянын Белгород облусунда аскердик полигондо теракт уюштурду делген тажикстандык жарандын тек-жайы аныкталды. Москвада иштеген мигрант Эхсон Аминзода кантип ал жерге барып калганы белгисиз. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы боюнча келишимдин долбоорун жактырган комитеттин чечимине кол койбогон Чыңгыз Айдарбековду төрагалыктан кетирүү аракеттери жок эмес. Айдарбеков тиешелүү документтерди көрбөгөндүктөн келишимдин долбооруна каршы добуш бергенин билдирди.
10/17/202220 minutes, 50 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 14.10.2022 | Орусия: Кыргыз жарандары аскерге чакырылбайт - Октябрь 15, 2022

Соңку бир айда Украинанын армиясы 600дөй калктуу конушту орус күчтөрүнөн бошотту. Бишкекте активисттер, журналисттер жана юристтер “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус Медианы” колдоп, жүрүшкө чыкты. Орусиядагы кыргызстандык жарандар аскерге мобилизацияланбай турганын элчилик дагы бир ирет эскертти.
10/15/202214 minutes, 59 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 13.10.2022 | Запорожье шаарына жасалган чабуул токтой элек - Октябрь 14, 2022

Бишкекте эркин ЖМКларды жабууну талап кылган пикет өттү. Орус армиясы Украинанын 40тан ашуун калаа жана айыл-кыштагына ракетадан сокку урду. УКМК 2010-жылы Ысык-Көлдөгү "Аврора плюс" пансионатынын аймагындагы коттеж- батирлердин соттун чечими менен жеке менчикке берилишин иликтеп жатканын билдирди.
10/13/202220 minutes, 47 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 12.10.2022 | Убактылуу кармоочу жайларда шарт жок - Октябрь 12, 2022

24 саатта Орусия Украинага 28 ирет ракеталык сокку урду. Араван районундагы Гүлбаар айылында Өзбекстан чек арадагы тосмолорду алып, зымдарды жыйнап жатат. Баткенди калыбына келтирүү иштери солгун жүрүп жатканы парламентте козголду. Кыргызстандагы убактылуу кармоочу жайлар талапка жооп бербейт.
10/12/202220 minutes, 16 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 6.10.2022 | Жогорку Кеңештеги саясий жүрүш - Октябрь 11, 2022

Жогорку Кеңеште "Ата-Журт-Кыргызстан" фракциясына кирген, бир мандаттуу округдардан келген 14 депутат "Мекенчил" деген топко бирикти. Орусия Запорожье шаарына сокку уруп, бир нече адам мерт болду. Кыргызстанда журналисттердин ишин жөнгө салчу мыйзамдын ордуна жаңы долбоор сунуш кылынды.
10/11/202221 minutes, 27 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 23.09.2022 | Орусия студенттерди cогушка сала баштады - Октябрь 11, 2022

Баткенде төрт мобилдик клиника иштеп жатат. Бишкектен барган 16 медициналык бригада жергиликтүү элге жардам берүүдө. Орусиянын мыйзамына ылайык, кош жарандыгы барлар орус жараны гана болуп эсептелет. Бул тууралуу Кыргызстандын Москвадагы элчилиги билдирди.
10/11/202225 minutes, 12 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 10.10.2022 | Кемпир-Абад: Кыргызстан менен Өзбекстан жер алмашат - Октябрь 11, 2022

10-октябрда эртең менен Орусия Украинанын бир катар шаарларына тегиз ракеталык сокку урду. Ондогон тургун мерт кетти. Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өтүп, анын ордуна Кыргызстан Ош жана Жалал-Абад облустарынан жалпысынан 18 миң гектардан ашуун жер алмай болду.
10/10/202228 minutes, 12 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 5.10.2022 | Варшавада кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыш талкууланды - Октябрь 05, 2022

Украин армиясы Херсон облусунда орус күчтөрүн артка сүрүп, ондогон айылды бошотту. Жогорку Кеңештин төрагасы алмашты. Чек арадагы соңку каргашада каза болгондордун саны дагы бир адамга көбөйүп, 63кө жетти.
10/5/202224 minutes, 22 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 4.10.2022 | Кемпир-Абаддын тагдыры кандай чечилет? - Октябрь 04, 2022

Украин армиясы чыгышта бир топ аймакты бошоткондон кийин түштүктө да контрчабуулун улантып, Днепрди көздөй жылып баратат. Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычынын тагдырына бушайман болгон эл менен өлкө жетекчилиги жолугушту. Бишкекте 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган дагы бир жаранга өкүм чыкты.
10/4/202219 minutes, 50 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 3.10.2022 | Кыргызстанда төрт министр кызматтан алынды - Октябрь 03, 2022

Кыргызстанда төрт министр кызматтан бошотулду. Эки министрдин үстүнөн кылмыш иши ачылган. Украинанын армиясы стратегиялык Лиман шаарын кайтарып алгандан кийин аскерлери Донецк облусундагы жерлерди бошотуп баратат. Бишкек шаардык соту Тенгиз Бөлтүрүктү 10-ноябрга чейин камакта калтырды.
10/3/202216 minutes, 8 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 29.09.2022 | Кемпир-Абад: Өзгөндө чогулгандар бийликке талап койду - Сентябрь 30, 2022

29-сентябрда Өзгөндө Кемпир-Абад маселесине байланыштуу 100дөй адам чогулду. Орусиянын бийлиги Казакстан, Грузия жана Финляндиянын чек араларына мобилдик аскердик комиссариаттарды коюп, аскердик каттоодо тургандарга чакыруу кагазын тарата баштады. Түркияда IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды. 
9/29/202229 minutes, 25 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 27.09.2022 | Мобилизация: 100 миң киши Казакстанга качты - Сентябрь 27, 2022

Бүгүн Баткенде чогулган тургундар бийликтен соңку протокол боюнча маалымат берүүнү талап кылышты. Акыркы аптада эле Орусиядагы мобилизациядан качып, коңшу Казакстанга жүз миңге жакын орусиялык келген. Камактагы 19 жаштагы активист Ырыс Жекшеналиев Кардиология борборуна жеткирилди. 
9/27/202225 minutes, 5 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 26.09.2022 | Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча протоколго кол коюлду - Сентябрь 26, 2022

Кыргызстан менен Тажикстандын бийликтери эки тараптан төрттөн чек ара постун алууну макулдашты. 26-сентябрга карата куралдуу кагылыштан кийин коопсуз жайларга көчкөн 92 521 адам өзүнүн үй-жайына кайтты. Орусиянын Иркутск облусунда согушка каршы чыккан жаран Зинин Руслан аскер комиссарын атып салды.
9/26/202226 minutes, 43 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 22.09.2022 | Мобилизация: Орусиянын кырктай шаары козголду - Сентябрь 22, 2022

Айыптоочу тарап журналист Болот Темировду 5 жылга эркинен ажыратууну суранды. Президент Владимир Путин жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялагандан кийин 21-сентябрда Орусиянын кырктай шаарында согушка каршы нааразычылык акциялары өттү. Баткенде кагылыштан 432 турак үйлөр талкаланган.
9/22/202220 minutes, 35 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 21.09.2022 | Баткендин Достук айылындагы жагдай - Сентябрь 21, 2022

Чек арадагы куралдуу жаңжалда Баткен районунун Достук айылы дээрлик толук кыйрап калган. Коопсуз жайларга качкан элдин документтери бекер калыбына келтирилмей болду. Орусияда президент Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялады.
9/21/202230 minutes, 36 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 20.09.2022 | Кадамжайда 40 миңдей киши баш калкалап турат - Сентябрь 20, 2022

Баткен облусунда абал салыштырмалуу тынч. Чек арадагы кандуу окуяда Ак-Сай айылында эле 180 үй өрттөнгөнүн президенттин Баткен аймагындагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди. 140 миңден ашуун тургун коопсуз жерлерге эвакуацияланды. Жаңжалда ок тийген жети бала Бишкектеги ооруканада дарыланууда.
9/20/202236 minutes, 19 seconds
Episode Artwork

Кыргызстан чек арада мерт болгон жарандарына аза күттү - Сентябрь 20, 2022

Саламаттык сактоо министрлигинин соңку маалыматы боюнча куралдуу кол салуудан мерт кеткендердин саны 59га жетти. 163 киши жаракат алды. Тажик бийлиги 41 жараны өлгөнүн жарыялады. Курман болгон аскерлерди өлкөнүн ар кайсы аймактарында акыркы сапарга узатышууда. Президент Жапаров элге көңүл айтты.
9/20/202235 minutes, 4 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 18.09.2022 | Чек арада курман болгон аскерлер акыркы сапарга узатылды - Сентябрь 18, 2022

Чек арадагы куралдуу кагылышта курман болгон аскерлердин сөөгү жерге берилүүдө. АКШда кыргызстандыктар митингге чыгышты. Орусиянын президенти Путин Кыргызстандын жана Тажикстандын лидерлери менен телефондон сүйлөшүп, чек арадагы кырдаалды талкуулады.
9/18/202229 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Чек ара: Баткенде миңдеген тургундар эвакуацияланууда - Сентябрь 16, 2022

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу кагылышуудан 15 жаштагы өспүрүм кыз каза болду. Шанхай кызматташтык уюмунун Самарканддагы саммити бүгүн жыйынтыкталды. "Кумтөр голд компани" ишканасынын аткаруучу директору Канат Курманов кылмышка шектелип, издөөгө алынууда.
9/16/202216 minutes, 53 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 15.09.2022 | Кыргыз бажысынын экс-төрагасына 1 млн. сом айып салынды - Сентябрь 15, 2022

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлду. Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге барды. Тенгиз Бөлтүрүк УКМКнын тергөө абагына 10-ноябрга чейин камалды.
9/15/202219 minutes, 51 seconds
Episode Artwork

Кыргыз-тажик чек арасында абал курчуду - Сентябрь 15, 2022

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы от атышуудан кыргызстандык эки жоокер жарадар болду. Чек арада абал чыңалып турат. Азербайжан Тоолуу карабактагы этникалык армян күчтөрүн макулдашууну бузганы үчүн айыптады. Тенгиз Бөлтүрүк кечээ - 13-сентябрда камакка алынды.
9/15/202223 minutes, 30 seconds
Episode Artwork

Орусиянын абактарында миңге чукул кыргыз жараны отурат - Сентябрь 13, 2022

Азербайжан менен Армениянын куралдуу күчтөрүнүн соңку кагылуушусунан кеминде 49 армян жоокери курман болду. Орусия “Кант” авиабазасы аркылуу Украинадагы согушка өз аскерлерин жибергени белгилүү болду. Кадамжайда киши колдуу болгон 14 жаштагы Айдай Кочкорованын иши жакында сотко өтөт.
9/13/202219 minutes, 30 seconds
Episode Artwork

Украин армиясы Харьковду бошотту - Сентябрь 12, 2022

Жарым жылдан бери Орусиянын көзөмөлүндө турган Украинанын айрым айылдары бошотулду. Бир катар кылмыштары үчүн 7 жылга кесилип, Орусиянын абагында мөөнөтүн өтөгөнү айтылып жүргөн Рой Азимдин президент Садыр Жапаров менен түшкөн сүрөтү коомдо талкуу жаратты. Кыргызстандын спорт тарыхында биринчи жолу Акжол Махмудов эркектер арасында грек-рим күрөшүнөн Дүйнө чемпиону болду.
9/12/202218 minutes, 9 seconds
Episode Artwork

Казакстан "Элбашы" күнүн майрамдабайт - Сентябрь 08, 2022

Казакстан 1-декабрь белгиленип келген "Элбашы" күнүн расмий майрамдардын тизмесинен алып салмай болду. Саясатчы Бекназаров элчилик кызматтан Кумтөр боюнча пикирин билдиргени үчүн алынганын билдирди. Президент Жапаров бир тууганы чындыгында эле Түркиядагы алтын заводго барганын тастыктады.
9/8/202219 minutes, 53 seconds
Episode Artwork

Украина Орусиянын элүүдөй түйүнүн талкалады - Сентябрь 07, 2022

Украинанын армиясы орус күчтөрүнө авиациялык, ракеталык жана артиллериялык чабуул жасап, элүүдөй түйүнүн талкалады. Парламент бийликтен Кумтөр кени боюнча отчёт талап кылууда. Кадамжайда окуучу кыздын өлүмүнөн кийин Жогорку Кеңеште педофилдерди өлүм жазасына тартуу сунушу айтылды.
9/7/202221 minutes, 4 seconds
Episode Artwork

Украина: АЭСте кырдаал кооптуу - Сентябрь 06, 2022

Орусия кооптуу экенине карабай Украинадагы атомдук электр станция жайгашкан шаарды аткылап жатат. Кадамжайда 14 жаштагы кыздын өлүмүнө байланыштуу жергиликтүү үч тургун кармалды. Президенттин кортежин коштоп жүргөн машиналардын арасында чопкутталган эки жолтандабастын пайда болушу талкуу жаратты.
9/6/202221 minutes, 48 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 5.09.2022 | Кабулдагы жардырууда орусиялык эки дипломат каза болду - Сентябрь 05, 2022

Кабулда Орусиянын элчилигинин алдындагы жардыруудан эки кызматкер мерт болду. Болот Темиров сот отурумунда ага ачылган кылмыш ишин күч органдары уюштурганын билдирди. Баткен облусунун тургундары менен жолукканы барган бийлик өкүлдөрүнө чек ара, жер, жөлөк пул чегерүү боюнча суроолор берилди.
9/5/202221 minutes, 3 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 1.09.2022 | БУУ Шинжаң боюнча Кытай бийлигин айыптады - Сентябрь 03, 2022

БУУ Шинжаңдагы окуялардан улам Кытай бийлигин "адам укуктарын одоно бузуп жатат" деп айыптады. Жогорку Кеңеште Кумтөрдүн алтыны боюнча маселе көтөрүлдү. Өлкө боюнча керектүү кийим-кече, окуу куралдары менен өз убагында камсыз болбой калган 453 окуучу бүгүн мектепке барган жок.
9/3/202219 minutes, 55 seconds
Episode Artwork

Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча сот уланууда - Сентябрь 02, 2022

Украинанын түштүгүндө катуу салгылашуу жүрүп жатат. Сот блогер Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасын карап, аны камакта калтырды. Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө шек саналып жаткан Санжар Сапарбековдун сот иши уланууда.
9/2/202217 minutes, 52 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 29.08.2022 | МАГАТЭнин эксперттер тобу Запорожьеге жөнөдү - Август 30, 2022

Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги – МАГАТЭнин эксперттер тобу Украинанын Запорожье атомдук электр станциясын көргөнү жөнөдү. Кумтөрдү Кыргызстан өз алдынча башкара баштагандан бери канча алтын өндүрүлдү, канчасы кайсы жакка кандай баада сатылды деген суроо талкууга түштү. Бишкек шаарынын казысы мамлекетке каттоого турбай жаткан мечиттердин имамдарына эскертүү берди.
8/30/202217 minutes, 46 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 26.08.2022 | Украина: Запорожье АЭСинде коркунуч туулду - Август 30, 2022

Украинанын Запорожье атомдук электр станциясында биринчи жолу электр кубаты толугу менен өчүп калды. 33 жаштагы жаран Оштун тергөө абагында каза болду. Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер өз ара эсептешүүлөрдү улуттук валюталарды көбөйтүүнү сунуштоодо.
8/30/202222 minutes, 1 second
Episode Artwork

Жаңылыктар | 30.08.2022 | Мектеп директорлугуна талапкерлердин 65% cынактан кулады - Август 30, 2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн түштүк облустарында оккупациялык күчтөрдү сүрүп чыгаруу үчүн контрчабуул башталганын айтып, Орусиянын аскерлери аман калгысы келсе үйүнө кайтышы керектигин эскертти. Кыргызстанда өкмөт үйүнүн алдында камактагы активисттерди бошотууну талап кылган акция өттү. Мектеп директорлугуна сынактын алгачкы айлампасы жыйынтыкталды.
8/30/202222 minutes, 8 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 25.08.2022 | Беларус Бакиевди өткөрүп берүүдөн баш тартты - Август 25, 2022

Орусиянын армиясы 24-августта Украинанын Днепропетровск облусундагы Чаплино айылына тийген ракеталык соккудан 25 киши набыт болду. Беларус Курманбек Бакиевди экстрадициялоодон дагы бир жолу баш тартты. Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны башталды.
8/25/202222 minutes, 10 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 23.08.2022 | Ульяновскиде каза болгондордун сөөгү Ошко жеткирилди - Август 25, 2022

Ульяновск облусундагы жол кырсыгында каза болгондордун сөөгү бүгүн Ош аэропортуна жеткирилди. Бүгүн Украинанын туу күнү белгиленди. Ысык-Ата районундагы Кең-Булуң айылынын тургундары "Үмүт жана КО" компаниясынын негиздөөчүсү Журат Абдуллаевди бошотууну талап кылып нааразычылык акциясын өткөрдү.
8/25/202222 minutes, 32 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 24.08.2022 | Украина: Эгемендик күнүндө Орусия чабуулун күчөттү - Август 24, 2022

"Кумтөр Голд Компани" ишканасынын жетекчилиги алмашып, каржылык мыйзам бузуулардан улам эми кен катуу көзөмөлгө алынары айтылды. Украина бүгүн эгемендик күнүн белгилеп жатат. Орусиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгында каза болгондордун сөөгү туулуп-өскөн айылдарында жерге берилди.
8/24/202221 minutes, 36 seconds
Episode Artwork

Орусиядагы кырсыктын чоо-жайы - Август 23, 2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-август күнү өлкөнүн эгемендик майрамы алдында Орусия чабуулду күчөтүшү ыктымалдыгын эскертти. Орусиянын Ульяновск облусундагы кырсыктан каза тапкандарга байланыштуу 23-август Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды. Токмоктогу "Гавайи" эс алуу жайынын кожоюну, ишкер Журат Абдуллаевдин үйүн жана кеңсесин тинтүүдө 822 миллион сом табылды. 
8/23/202217 minutes, 27 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 19.08.2022 | Армияда 19 жаштагы жоокер каза болду - Август 22, 2022

Украинанын Запорожье атомдук электр станциясында бир нече айдан бери жүргөн «Росатомдун» кызматкерлери 18-августта чыгып кетти. Армияда 19 жаштагы жоокер каза болду. Баткенде журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шек саналып камалган блогер Батмакан Жолболдуева үй камагына чыкты.
8/22/202218 minutes, 57 seconds
Episode Artwork

Ажылыкка кезекке тургандардын акчасы кайтарылат - Август 18, 2022

Кабулда мечиттеги жардыруудан 21 киши мүрт кетип, дагы 30дан ашуун киши жабыркаганы кабарланды. Ички иштер министрлигинин Оштогу аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн жоокер каза болду. Муфтият 2019-жылдан ушул кезге чейин ажылык сапарга акчасын төлөп, кезекке тургандардын каражатын кайтарып берет.
8/18/202216 minutes, 47 seconds
Episode Artwork

Орусия Харьковго абадан сокку урду - Август 17, 2022

Украинанын чыгышында кармаш күч алды. Мурдагы президенттер Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик менчикке өткөн үйлөрү балдардын реабилитациялык борборуна айланат. Кыргызстандын мунай ташуучулары Орусиянын заводдору дизелди эскпортоонун көлөмүн кыскартып жатканына тынчсызданууда.
8/17/202216 minutes, 9 seconds
Episode Artwork

Крымда курал-жарак кампасында жарылуу болду - Август 16, 2022

Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралындагы курал-жарак кампасында жарылуу болуп, жергиликтүү тургундар коопсуз аймакка көчүрүлдү. Кыргыз-казак чек арасында кайрадан жук ташуучу унаалардын узун кезеги жаралды. Бишкек мэриясы аш-той, мааракелерди өткөрүү боюнча жобонун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
8/16/202219 minutes, 42 seconds
Episode Artwork

"Талибандын" бийликти басып алганына бир жыл болду - Август 15, 2022

“Талибан” кыймылы Ооганстандын баш калаасы Кабулду басып алып, бийликке кайтып келгенине туура бир жыл болду. 2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча соттук жараян башталды. Улуу Үркүндүн курмандыктарын эскерген жүрүш Жети-Өгүздүн Тосор айылында аяктады.
8/15/202220 minutes, 20 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 10.08.2022 | Эки мигранттын сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлдү - Август 11, 2022

УКМК Бишкектеги №61 мектептин директору Юрий Низовскийди коррупцияга айыптап жатат. Орусиянын Пермь облусундагы өзбек диаспорасынын башчысы Украинадагы урушка аттанууну сунуш кылды.
8/11/202212 minutes, 18 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 09.08.2022 | Кыз зордуктоого шектүү кармалды, Эрдоган Израилди айыптады - Август 09, 2022

"Алтын Казына" ресторанында жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген 20 жаштагы жигит камалды. Түркиянын президенти Эрдоган Газа тилкесиндеги балдардын өлүмү үчүн Израилди айыптады. Украинанын президенти Владимир Зеленский Батышты орус жарандарын өз аймагына киргизбөөгө үндөдү.
8/9/202212 minutes, 52 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 05.08.2022 | Ысык-Көл: жутта 786 кайберен өлдү - Август 05, 2022

Миңдеген кишинин өмүрүн алган Үркүн окуяларын эскерген жүрүш Бишкекте башталды. Донецк облусунда айыгышкан салгылашуу уланууда. Быйылкы жутта "Сары-Чат – Ээр-Таш" мамлекеттик коругунда, анын жака-белинде 786 кайберен өлгөн.
8/5/202213 minutes, 4 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 04.08.2022 | "Талибдер" Тажикстанга эскертүү берди - Август 05, 2022

"Талибдер" Тажикстанга эскертүү берип, ички ишине кийлигишпөөгө чакырды. Расмий Киев Орусиянын командачылыгы аскерлерин Украинанын түштүгүнө тартып жатканын билдирди. Жанарбек Акаев Ош аэропортундагы такси айдоочулардын Өзбекстандын жарандарына жасаган мамилесине байланыштуу маселе көтөрдү.
8/5/202213 minutes, 27 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 03.08.2022 | Өзбекстандыктар Оштун таксисттерине нааразы - Август 03, 2022

Эл аралык инспекторлордун тобу Украинадан дан ташып келаткан алгачкы кемени текшерип бүттү. Өзбекстандын айрым жарандары Оштогу такси айдоочуларына нааразы болуп, кыргыз бийлигине даттанышты. АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайвандын президенти менен жолукту.
8/3/202211 minutes, 40 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 02.08.2022 | Орусия Украинанын түштүгүнө чабуулун күчөттү - Август 02, 2022

Кошмо Штаттар “Ал-Каиданын” анабашы, дүйнөдөгү эң кооптуу террорист атыккан Айман Завахири жок кылынганын билдирди. Кыргызстанда 1-августтан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы көбөйдү. Казакстандын Алматы шаарында Украинаны колдоо концерти өттү.
8/2/202213 minutes, 31 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 01.08.2022 | Боомдо кайра сел жүрдү - Август 01, 2022

Украинанын Одесса шаарынан дан жүктөлгөн алгачкы кеме жолго чыкты. Боом капчыгайынын Ысык-Көл тараптагы чыга беришинде 1-августта кайрадан сел жүрүп, унаалардын тыгыны пайда болду. Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду.
8/1/202210 minutes, 4 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 15.07.2022 | Орусиянын Винницага урган соккусунан 23 киши каза болду - Июль 15, 2022

Еврошаркет Украинанын Винница шаарындагы жарандык объектилерге жасалган ракеталык соккуларды “өтө катуу мүнөздө” деп айыптады. Сокулук районунда майыптыгы бар 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталгандарды эркиндикке коё берген судьялар чечимди иштин мөөнөтү менен түшүндүрүштү. 300 кыргызстандыкка Жапонияда иштөөгө жол ачылды. 
7/15/202220 minutes, 31 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 14.07.2022 | Орусия менен Украина дан экспорту боюнча мунасага келе баштады - Июль 14, 2022

3-июлда Орусия менен Украинанын өкүлдөрү Стамбулда жолугуп, Кара деңизде кармалып турган 22 миллион тонна украин данын экспорттоо боюнча жарым-жартылай келишимге жетишти. Садыр Жапаров аткаруу бийлигинин башчысы катары экинчи ирээт өкмөттүн жыйынын өткөрдү. Дача СУ каргашасын иликтеген коомдук комиссия элден чогулган акчанын бир бөлүгү 2017-жылы республикалык бюджетке жана Социалдык фондго которулганын аныктады.
7/14/202221 minutes, 20 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 13.07.2022 | Украинадагы согуш азык-түлүк кризисине алып келди - Июль 13, 2022

Киев экспорттогон дан эгиндин, башка азыктардын тартыштыгы дүйнөнүн булуң-бурчунда баалардын кымбатташына, кризиске алып келди. Жаңы окуу жылына чейин миңге чукул мектептин жетекчиси алмашат. Алардын алды 41 жыл иштеген.
7/13/202216 minutes, 38 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 12.07.2022 | "Ихсандын" жетекчиси камалды - Июль 12, 2022

"Ихсан" турак жай кооперативинин жетекчиси камакка алынды. 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча соттук жараян жабык өттү. Соттук-медициналык экспертиза Казакстандагы Январь окуяларында кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун саламаттыгына оор залал келтирилгенин аныктады.
7/12/202225 minutes, 11 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 7.07.2022 | Украина Батыш берген куралдын пайдасын көрө баштады - Июль 10, 2022

Владимир Зеленский Батыштагы өнөктөштөрү берген артиллерия орус аскерлерине каршы согушта чоң натыйжа көрсөтө баштаганын айтты. Өлкөдө накталай доллар тартыш болуп, банктар аны сырттан алып келүүдө. Кыргызстанда айрым судьялар өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыш иштерин кароодо жеңил берене менен айыпталуучуларды жазадан бошотуп жиберген учурлары көп учурап жатканын Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков билдирди.
7/10/202219 minutes, 18 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 6.07.2022 | Бишкек шаардык соту Аспековдун өкүмүн өзгөрттү - Июль 10, 2022

Украин бийлиги Славянск шаарынын тургундарын шашылыш эвакуацияланууга чакырды. Нарындагы Жетим-Тоо кенинин казуу пландары жанданды.  Сузакта 100дөй адам топурак карьеринин иштетилишине каршы митингге чыкты.
7/10/202216 minutes, 47 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 5.07.2022 | "Дордой" базарында чыккан өрттү өчүрүштү - Июль 06, 2022

Орусия президенти Владимир Путин Донбасста аскердик операцияны улантууга буйрук берди. Зордукталган 13 жаштагы кыздын укугун коргоо акциясына чыккандар Ички иштер министри Улан Ниязбековду кызматтан кетирүүнү талап кылышты. Жыл аягына чейин Бишкек мэриясы 200 автобус сатып алат.
7/6/202222 minutes, 15 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 4.07.2022 | Каракалпакстандагы элдик толкундоодо 18 киши каза тапты - Июль 04, 2022

Каракалпакстанда нааразылык акцияларына катышкан 18 жаран каза таап, 516 жаран камалганы кабарланды. Токмок шаарында “карындашын коргоп, адам өлтүрүүгө” шек саналган Сухраб Жумакулов эки айга камакка алынды. Кой-Таштагы аскердик бөлүктө каза болгон 22 жаштагы Элдияр Жайлообековдун туугандары аны киши колдуу болду деп эсептешет.
7/4/202221 minutes, 45 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 1.07.2022 | Одесса: аба соккусунан 18 киши каза тапты - Июль 01, 2022

Орусия армиясынын Одесса облусунунун түштүгүндө турак үйгө жана эс алуу лагерлерине урган соккусунан кеминде 18 киши набыт болду. Кыргызстанда тыюу салынган террористтик уюмга эки жыл ичинде 2 млн. рубль которгон Ош шаарынын тургуну кармалды. Аны менен байланышта болгон дагы эки жаран жоопко тартылды. Next TV каналынын штаттан тышкары кабарчысы Фейсбукка жазган билдирүүлөрү үчүн 48 саатка камалды.
7/1/202218 minutes, 52 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 30.06.2022 | Жапаров оппозицияны сындады - Июль 01, 2022

Орусиянын аскерлери Кара деңиздеги Украинага таандык Змеиный аралынан чыгып кетишти. Жалал-Абадда шаурмага ууланган 23 адам ооруканага түштү. Бийлик "Манас" жана Ош аэропортторун түркиялык YDA INŞAAT аттуу компанияга сырткы башкарууга берүүнү көздөөдө.
6/30/202222 minutes, 11 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 29.06.2022 | Украина: Кременчугдун эли аза күтүп жатат - Июнь 29, 2022

Орусиянын күчтөрү Донбасстагы Лисичанскы шаарын туш келди аткылап атышат. Украинанын бийлиги кырдаалды “өтө оор” деп сыпатташууда.
6/29/202221 minutes, 11 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 27.06.2022 | Октябрь окуясы боюнча Атамбаев баш болгон саясатчылар акталды - Июнь 28, 2022

Орусия армиясынын Кременчуг шаарындагы соода борборго урган соккусунан кеминде 18 адам набыт болду.  Биринчи май райондук соту Октябрь окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон саясатчылардын бардыгын кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу актады. Министрлер кабинети жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган ишканаларды салыктан мөөнөтсүз бошотмокчу.
6/28/202221 minutes, 45 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 27.06.2022 | Менчик медициналык мекемелер текшерилет - Июнь 27, 2022

Дем алыш күндөрү Орусиянын армиясы Украинанын Киев баштаган ири шаарларына ракеталык сокку урду. Бишкекте жол боюнда кызыл чийинден чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштарды түрттүрүү иштери башталды.  Чүйдүн Новопокровка айылынын дыйкандары сугат суунун жетишсиздигин айтып, нааразылык акциясына чыкты.
6/27/202218 minutes, 29 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 23.06.2022 | Укук коргоо органдары "Кумтөрдү" текшерет - Июнь 23, 2022

Орус армиясы Украинанын Северодонецк жана Лисичанск шаарларын толук багынта албай, аларды курчоого алуу аракетин улантты. “Кумтөр Голд Компани” ишканасын укук коргоо органдары да текшерет. Мурдагы президент Атамбаев бийликтен адилеттүүлүк күтпөй турганын айтты.
6/23/202218 minutes, 46 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 22.06.2022 | Кызуу талаштан кийин казино мыйзамы кабыл алынды - Июнь 23, 2022

Ооганстандын чыгышында күчү алты баллдан ашкан жер титирөө болуп, миңге чукул киши каза тапты. Жогорку Кеңеште кумарканаларды кайра ачуу боюнча мыйзам долбооруна добуш берүүдө талаш жаралды. Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков Улуттук коопсуздук комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге каршы арыз менен кайрылды.
6/23/202222 minutes, 17 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 21.06.2022 | Украина: Лисичанск менен Северодонецк бомбаланууда - Июнь 21, 2022

Орусиянын күчтөрү соңку бир күн ичинде Луганскидеги Северодонецк жана Лисичанск шаарларын байма-бай бомбалады. Улуттук коопсуздук комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев убактылуу болсо да кызматтан кетпей турганын айтты. “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин төрагасы Тенгиз Бөлтүрүккө жаңы кеңсеге макулдашпай көчкөнү үчүн эскертүү берилди.
6/21/202218 minutes, 6 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 20.06.2022 | Орусия Северодонецкиде аба соккуларын улантып жатат - Июнь 21, 2022

Орусия Северодонецк шаарына көзөмөлүн толук орнотуу үчүн аба чабуулдарын улантууда. Он күн ичинде УКМКнын тергөө абагында жаткан эки адам каза болду. Кыргызстанда жашап, кийин башка мамлекеттин жарандыгын алган адамдардын укуктарын кеңейтүүчү “Мекен карт” ишке кирди.
6/20/202219 minutes, 38 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 16.06.2022 | “Ихсан” турак жай кооперативине нааразылык күчөдү - Июнь 16, 2022

Франциянын, Германиянын жана Италиянын лидерлери Киевге келди. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев үй камагына чыкты, Баш прокурор Курманкул Зулушев болсо кайрадан кызматына киришти. “Ихсан” турак жай кооперативине акчасын салып, кайра кайтарала албай жаткандар ишкананын Бишкектеги кеңсесинде соңку 3 күндөн бери топтолуп жатышат. Алмазбек Атамбаев Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу жана түркиялык он адамга Кыргызстандын жарандыгын берди деген эки иш боюнча соттон акталды.
6/16/202221 minutes, 58 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 8.06.2022 | Сабалган жоокердин абалы оор - Июнь 16, 2022

Украина куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы аскерлер Северодонецк шаарын “эрдик менен коргоп” атышканын билдирди. Табарсыгы жарылып кеткенге чейин сабалган жоокердин ишин аскер прокуратурасы иликтей баштады. Temirov LIVE каналынын журналистинин интимдик видеосунун таралышы боюнча иш кайра каралат.
6/16/202220 minutes, 35 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 15.06.2022 | Северодонецкидеги айыгышкан кармаш - Июнь 16, 2022

Украинада эки кыргызстандык каза тапты. Депутат Жанарбек Акаев абактарды "криминал менен акча башкарып калганын" айтып, жабык мекемелерди "радикалдуу түрдө реформалоо керектигин" белгиледи. Депутат Атазовго каршы акцияга чыккандар анын мандатын тапшырууну талап кылышты.
6/16/202222 minutes, 6 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 14.06.2022 | Украинанын күчтөрү Северодонецкиде артка чегинди - Июнь 13, 2022

Украина күчтөрү кандуу кармаш жүрүп жаткан Северодонецк шаарынын борбордук бөлүгүнөн артка чегинүүгө аргасыз болушту. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров майда дүкөндөргө ККМди коюуну убактылуу токтотуп турарын билдирди. Кыргызстанда желим баштык колдонууга тыюу салуу сунушталды.
6/13/202219 minutes, 22 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 10.06.2022 | Акыйкатчы: Адам укуктарын сактоо аксап жатат - Июнь 11, 2022

Украинанын Северодонецк шаары үчүн айыгышкан салгылаш уланууда. Калаада суу жок, гуманитардык кризис жайылууда. Киев майданда күнүнө 100-200гө чейин аскерин жоготуп атканын билдирди. 2010-жылдын Июнь окуясына 12 жыл болду. Улут аралык жаңжалдан ырасмий эсеп боюнча 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул жаран ар кандай жаракаттарды алган. Бүгүн окуянын курмандыктары Ошто эскерилди. Абактан Бишкектеги №1 шаардык ооруканага которулган саясат талдоочу Марат Казакпаев 10-июнда өзүнө келбей каза болду. Ал жана дагы бир адам мамлекетке чыккынчылык кылууга шектелип былтыр апрелде камалган. Казакбаевдин өзү аны айыпты мойнуна алган эмес.
6/11/202222 minutes, 27 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 9.06.2022 | БУУ: Украинадагы согуштун таасири 1,6 млрд. адамга тиет - Июнь 09, 2022

Украинадагы согуштан улам дүйнөдө ачарчылык жана жакырчылык күчөшү ыктымал. 8-июнда Улуттар уюмунун баш катчысы Антониуо Гуттериш согуштун кедергиси 1,6 миллиард адамга тиерин белгиледи. Кыргызстандын мектептерин быйыл 67 миңден ашуун улан-кыз аяктап жатат. Келечекте алар каалаган адистиктердин катарында IT инженериясы менен байланыштуу жаңы технологиялар кызыгуу жаратууда. Парламентте мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновго тиешеси бар делген Бишкектеги жер тилкесинин маселеси көтөрүлдү. Айрым депутаттар Үсөнов 20 гектарды бекер алганын билдирип, аны мамлекетке кайтарууну талап кылышууда.
6/9/202223 minutes, 28 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 7.06.2022 | БУУ: Украинада орус армиясы сексуалдык зомбулукту токтотсун - Июнь 07, 2022

Орусиянын армиясы Украинадагы сексуалдык зордук-зомбулукту токтотушу керек. Акыйкатчыга жардам сурап кайрылгандардын көбү милиция, прокуратура, сот органдарына нааразы. Базар-Коргон райондук калкты тейлөө борборуна документ бүткөрүүгө келгендер кезекке түнкү саат үчтөн баштап турат.
6/7/202222 minutes, 46 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 6.06.2022 |Украина: Президент Зеленский согуш тилкесине барды - Июнь 06, 2022

Украин армиясы айыгышкан кармашта Северодонецк шаарынын тең жарымын өз көзөмөлүнө алды. Орусия бул шаарды толук ээлеш үчүн күч үрөп жатат. Президент Зеленский согуш тилкесине барып, жоокерлерге жолукту. Казакстанда Конституция өзгөрдү. Ысык-Көлдүн Сырт өрөөнүндө калың кар малчыларды түйшүккө салды.
6/6/202225 minutes, 50 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 3.06.2022 | Украина: Москва болгон күчүн Донбасска салды - Июнь 03, 2022

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан Кыргызстандын эки аскери жараат алып, облустук ооруканага жаткырылды. Орус армиясы апрелде Киевдин тегерек четинен чегинип, болгон күчүн өлкө чыгышына салган. Башкы прокуратура министр Алымкадыр Бейшеналиевге жети кылмыш ишин козгоду.
6/3/202220 minutes, 45 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 2.06.2022 | УКМК "Сорос" фондунун жетекчисин суракка алды - Июнь 03, 2022

Украин президенти Владимир Зеленский майданда күнүгө 60-100 жоокеринен айрылып атканын айтты. Орусия да чоң жоготууларга учураганын мойнуна алганы менен Кремль так санын айта элек. Жогорку Кеңеште УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен депутат Адахан Мадумаров кайым айтышты.
6/3/202221 minutes, 10 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 1.06.2022 | Украинанын чыгышында кармаш курчуду - Июнь 02, 2022

Украинанын Северодонецк шаарынын басымдуу бөлүгү орус армиясынын көзөмөлүнө өттү. Башкы прокуратура “Июнь окуясы” боюнча козголгон кылмыш ишинде Алмазбек Атамбаевге айып такты. Кыргызстанда “Сапат” билим берүү мекемесин негиздеген Орхан Инандынын табышмактуу жагдайда жоголгонуна бир жыл болду.
6/2/202220 minutes, 45 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 31.05.2022 | Тоолуу Бадахшан: "атайын операцияда" беш киши өлтүрүлдү - Май 31, 2022

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунда “антитеррордук операциянын” жүрүшүндө Дерзуд айылынын беш тургуну өлтүрүлдү. Орус армиясы Украинанын Северодонецк шаарынын борборуна жакындады. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү карыларды дарылоо жайына айланарын билдирди.
5/31/202217 minutes, 9 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 30.05.2022 | Украинада Зеленский салгылаш жүрүп жаткан жерге барды - Май 30, 2022

Орусиянын армиясы Украинанын Лиман шаарын алып, Северодонецктин борборуна жакындап келатат. Кыргыз-казак чек ара бекетинде кайрадан жүк ташуучу автоунаанын узун кезеги пайда болду. Президент Садыр Жапаров Кумтөр кенинде экологиялык кырсыктар болушу ыктымал экенин четке какпайт.
5/30/202221 minutes, 11 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 27.05.2022 | Украина: Донбасста кырдаал кыйын - Май 27, 2022

Орус армиясы Украинанын Севередонецк шаарын тынымсыз аткылоодо. Саламаттык сактоо министрлигинде үч бөлүм башчы иштен алынды. Бишкекте шекер тартыш болуп, бир килограммы 90-95 сомго чыкты.
5/27/202218 minutes, 55 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 26.05.2022 | Сузак: Сабалган окуучу ооруканага түштү, мугалим иштен кетти - Май 27, 2022

Украинанын чыгышындагы Луганск облусунда айыгышкан салгылаш уланууда. Казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин Бишкектеги сапарынын жыйынтыгында 13 документке кол коюлду. Сузакта орто мектепте мугалим окуучу кызды сабаганын милиция териштире баштады.
5/27/202221 minutes, 1 second
Episode Artwork

Жаңылыктар | 25.05.2022 | Украинада орус аскерлеринин сөөктөрүн жыйнап жатышат - Май 27, 2022

Украинанын чыгышында айыгышкан салгылашуулар уланууда. Бишкек шаардык соту «Кумтор Голд Компани» ишканасына экологиялык мыйзамдарды бузганы үчүн буга чейин салынган доону жокко чыгарганы жарандык активисттердин нааразылыгын жаратууда. Алмазбек Атамбаев Бишкектеги ооруканага жаткырылды.
5/27/202219 minutes, 5 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 19.05.2022 | Кызыл Чырым азовчуларды согуш туткуну деп тааныды - Май 27, 2022

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан аймагындагы "атайын операцияда" бийлик айткандан алда канча көп адам набыт кеткени маалым болду. Эл аралык Кызыл Чырым комитети Мариуполдогу “Азовсталдын” аймагынан чыгарылган жүздөгөн согуш туткунун каттай баштады.
5/27/202223 minutes, 46 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 18.05.2022 | Жогорку Кеңештин эки депутатынын диплом чыры - Май 27, 2022

Тоолуу Бадахшандагы "антитеррордук операция" маалында 1 офицер курман болуп, он бири жарадар болду. Алексей Ширшовдун маселеси кайрадан Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Журналисттер Бишкектеги тарых музейинде 2016-жылы жүздөгөн экспонат күйүп кеткенин аныкташты.
5/27/202222 minutes, 5 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 24.05.2022 | Орусияда сабалган 11 жаштагы кыз коопсуз жерде - Май 24, 2022

Орусия Украинага басып киргенине туура үч ай болду. Кыргызстандын элчилиги Орусияда туугандарынын баласын багып жүрүп, зомбулукка кабылган 11 жаштагы кыздын укугун коргоо үчүн Москва облусунун полициясына, ошондой эле Кыргызстандын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине тиешелүү чараларды көрүү үчүн кайрылды.
5/24/202218 minutes, 8 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 23.05.2022 | Москвада таяк жеген тестиер кыз Кыргызстанга келет - Май 23, 2022

Тоолуу Бадахшандын бейрасмий лидери Мамадбокир Мамадбокировдун тажыясы болду. Москвада бала багып жүргөн тестиер кызды мекенине алып келишет. Temirov Live каналы милициянын Болот Темировду "кармоо операциясын" иликтеди.
5/23/202221 minutes, 26 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 20.05.2022 | Орусия Украинанын чыгышында чабуулун күчөттү - Май 20, 2022

БУУнун баш катчысы Тоолуу Бадахшандагы кырдаалга тынчыздануусун билдирди. Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск аймактарында Орусиянын армиясы чабуулдарын күчөттү. Июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу Башкы прокуратура үч саясатчыга айып койду.
5/20/202222 minutes, 25 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 17.05.2022 | Тоолуу Бадахшанда кырдаал тынчый элек - Май 19, 2022

"Азовсталь" заводунда эки айдан ашуун камоодо турган 264 украин аскери чыгарылды. Жала-Абад облусунун Терек-Сай айылында эски мектептин шыбы урап түшүп, 16 окуучу, мугалим жабыркады. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жактоочулары министрликтин алдына митингге чыкты.
5/19/202221 minutes, 16 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 16.05.2022 | Украина: Орус аскерлери чек арага чейин сүрүлдү - Май 16, 2022

Зеленский куралдуу күчтөр өлкө түштүгүндөгү чабуулдардын мизин кайтарууга камданып жатканын деп билдирди. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин орун басарлары анын кызматтан кетишин талап кылды. Германия Кыргызстандын 15 млн еврого чукул карызын кечти.
5/16/202222 minutes, 55 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 13.05.2022 | Ширшов окуясы: Бириктирилген ишканалар - Май 13, 2022

Орусия Түндүк Донец дарыясында бир топ аскердик техникасынан айрылды. Алексей Ширшовдун окуясынын улам бир жаңы өңүтү чыгып жаткан тапта өкмөт “Кыргызтелеком”, “Мегаком”, “Дастан” баштаган мамлекеттик ишканаларды Санарип өнүктүрүү министрлигине өткөрүп берди.
5/13/202222 minutes, 35 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 12.05.2022 | Максим Бакиев баштаган курулуш жанданды - Май 12, 2022

Орусиянын армиясы Украинанын Запорожье жана Новгород-Северский шаарларына сокку урду. Максим Бакиевге тиешелүү болуп, кийин улутташтырылган Ала-Арча-1 мамлекеттик резиденциясынын жанындагы коттедждер комплексинде курулуш кайра жанданды.
5/12/202220 minutes, 58 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 11.05.2022 | Чалгын: Украинада уруш узакка уланат - Май 12, 2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский Харьковдун жака белиндеги төрт кыштак орус армиясынан бошотулганын билдирди. “Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси, коррупцияга айыпталып кармалган Алексей Ширшов үй камагына чыкты. Иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон кылмыш иштери сотко өттү.
5/12/202219 minutes, 15 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 10.05.2022 | Бишкек: Милиция чет элдик жаранды ургандарды издеп жатат - Май 12, 2022

АКШ президенти Жо Байден Украинага курал-жарак берүүнү жеңилдетүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Мурдагы президент Бакиевдин уулунун өнөктөшү, энергетика тармагындагы жемкорлукка байланыштуу аты чыккан Алексей Ширшов кармалды. Кумтөр алтын кенинин ишмердүүлүгүн жана каржылык маселелерин Эсеп палатасы текшерип, эки айдан кийин элге маалымат берет.
5/12/202219 minutes, 47 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 09.05.2022 | Жеңишке 77 жыл. Украинада уруш уланууда - Май 12, 2022

Москвада Жеңиш күнүнө арналган аскердик парадда Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага кол салууну “зарылчылык” катары мүнөздөдү. Кыргызстандыктар Улуу Жеңиштин 77-жазын майрамдоодо. Мындан беш жыл мурун 40ка жакын кишинин өмүрүн алган Дача СУ окуясын иликтөө үчүн коомдук комиссия түзүлөт.
5/12/202218 minutes, 2 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 05.05.2022 | “Азовсталда” айыгышкан салгылашуу жүрүп жатат - Май 12, 2022

Орусия “Азовсталь” заводунун ичинде калган жайкын тургундарды чыгарып кетүү үчүн үч күнгө ок атууну токтоторун жарыялады. Кыргызстанда соңку күндөрдөгү табигый кырсыктан 1000ден ашык адам убактылуу коопсуз жайларга көчүрүлдү. Өлкө толук президенттик башкарууга өткөнүнө бир жыл болду.
5/12/202221 minutes, 29 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 06.05.2022 | Украина: "Азовдун" жоокери Эрдогандан жардам сурады - Май 06, 2022

“Азовсталь” заводунун жер төлөсүндө баш калкалаган адамдар жана аскерлер эл аралык коомчулуктан жардам сурап жатат. Чек арада үч кыргызстандык Өзбекстандын чек арачыларынын огунан набыт болду.
5/6/202221 minutes, 54 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 29.04.2022 | УКМК: Тажикстан "Байрактарды" ала элек - Апрель 29, 2022

Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш жүргөн маалда Киев Орусиянын ракеталык чабуулуна кабылды. Кыргызстандын атайын кызматы Тажикстан Түркиядан “Байрактарды” сатып албаганын билдирди. Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө бүгүн белгилүү акын, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматовдун эстелиги орнотулду.
4/29/202224 minutes, 6 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 28.04.2022 | БУУнун баш катчысы Бучага барды - Апрель 28, 2022

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттериш Украинанын Буча жана Бородянка шаарларына барды. Орусия президенти Владимир Путин "аскердик операция" уланарын айтып, Батышты опузалады. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ооруканага түштү.
4/28/202222 minutes, 26 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 27.04.2022 | Июнь окуясы: Президент Жапаров сурак берди - Апрель 27, 2022

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугуп, Украинадагы абалды талкуулады. Президент Садыр Жапаров Башкы прокуратурага барып, 2010-жылдын Июнь окуясына байланыштуу күбө катары сурак берди.
4/27/202220 minutes, 26 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 22.04.2022 | Сот блогер Жолболдуеваны камакта калтырды - Апрель 27, 2022

Мариуполь шаарындагы «Азовсталь» заводунда миңдеген аскер жана жайкын тургундар орус армиясынын курчоосунан чыга албай турат. Бишкектин Октябрь райондук соту Ысык-Көлдө төгүлгөн цианидден жабыркаган 54 адамдын "Кумтөр Голд компаниден" кенемте төлөтүү тууралуу арызын канааттандыруудан баш тартты.
4/27/202221 minutes, 38 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 18.04.2022 | Украина: Орусия бир нече шаарга сокку урду - Апрель 27, 2022

Орусиянын армиясы Украинанын чыгышындагы бир катар шаарларга ракеталык сокку уруп, андан жыйырма чакты жайкын тургун каза болду. Кыргыз өкмөтү бир жумадан бери жүк ташуучу унаалардын чек арадан өтө албай турганына казак тарапты айыптады. Мамлекет башчы Садыр Жапаров жаңы курула турган администрациялык имарат тууралуу маалымат таратты.
4/27/202217 minutes, 59 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 26.04.2022 | Украина: Качкындардын саны 5 миллионго жетти - Апрель 26, 2022

Орусия Украинага согуш ачкандан бери 5 миллион украин жараны өлкөдөн качып чыкты. Кыргызстандын санарип өнүгүү министри өлкөдө паспорт мафиясы күч экенин айтты. Өлкөдөгү ооруканаларда коронавирус жуктургандардын баары сакайып чыкканы үчүн "кызыл зоналардын” баары жабылды.
4/26/202217 minutes, 44 seconds
Episode Artwork

Жаңылыктар | 21.04.2022 | Чек ара: Чоң-Капкадагы узун кезек - Апрель 21, 2022

Путин Мариуполдогу "Азовсталга" чабуулду токтотууну буюрду. Бирок заводдун айлана-тегерегин "чымын учуп өтпөгүдөй кылып бөгөттөөнү" тапшырды. Иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон кылмыш иши тергелип бүттү. Азия чемпионатында Айпери Медет кызы алтын медаль жеңип, Азия чемпиону аталды.
4/21/202219 minutes, 38 seconds